Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

Мургабдын Ооганстанга чектеш Аличор айылына келсеңиз, "Марко Поло" деп жазылган ак дубал менен тосмолонгон конок үй дароо көзгө урунат. Бул үйдөн алыс жол басып келген батыштык саякатчылардын аягы үзүлбөйт.

Аличордун катаал жаратылыш шартында мал менен кошо туризмди өнүктүрүп келаткан ардагер ишкер, “Марко Поло” конок үйүнүн ээси Тагайбек Патандаев менен жакында ал жерде болгон Жаңыл Жусупжан баарлашкан.

Тагайбек Патандаев: Менин атым Тагайбек. Аличорчу болом, ата-бабам ушул жерде жашаган. Аличор дегендин эки мааниси бар, биринчиси - Аличор - Алинин чөлү, экинчиси - Элчор - элдин чогулган жери деген мааниде айтылып келет.

Жаңыл Жусупжан: Силердин "Марко Поло" деген мейманкана же тагыраак айтканда, конок үйү жолдун так боюнда экен. Бизнес кандай болуп жатат? Кандай кызматтарды көргөзөсүңөр?

Тагайбек Патандаев: Бизнес бирде жакшы, бирде жаман. Туристтердин келишине жараша. Колубуздан келген бардык кызматтарды туристтерге көргөзгөнгө аракет кылабыз. Жатаканасын, ичкен тамактарын дайындайбыз, жуунуп алчу жерлерин белендейбиз.

Жаңыл Жусупжан: Кандай кыйынчылыктар бар? Чай кайнатсаңар дагы терскен терип келип, ошону жагып, тамак-аш бышырып, мончону да ошону менен жылытат экенсиңер. Электр жарыгы силерге жетпептир.

Тагайбек Патандаев: Электр жарыгынын маселеси чечилерине биздин көзүбүз жетпейт. СССРдин убагында да чечилген эмес. Анын үстүнө азыр кризис. Туура, тамак даярдаш үчүн, мончого суу жылытыш үчүн терскен жагабыз. Терскендин бир түгү он беш сомони (150 сом) турат. От тамызганга айына 50-100 тең (түп) терскен керектелет. Кыйынчылыктар бар, бирок мейманкананы ачып, баарын документтештирип алганбыз, айына салык да төлөйбүз. Туристтик сезон беш ай, майдан баштап сентябрь айына чейин созулат. Кышкысын турист болбойт, мал чарба менен алектенебиз. Пенсиябызды алабыз да жатабыз. Пенсия да азыркы кризиске байланыштуу убагында келбей, кыйынчылык болуп жатат.

Жаңыл Жусупжан: Мургабда туризм жакшы өнүгүп жаткан экен. Силерге экстрим туризм деп алыс, шарты татаал жерлерди эңсегендер келет экен, жол тандабас машиналар менен аларга жол көрсөткөн, англисче сүйлөгөн мургабчы жигиттерди Дүйшөмбү, Хорогдо көрдүм. Мисалы, Жерге-Талда туризм жокко эсе, чет тилди билгендерди да кездештирген жокмун. Силерде болсо англис тил мугалимдеринин баары туризмге өтүп кеткен сыяктуу. Сиз да англисче билет экенсиз!

Тагайбек Патандаев: Турмуш өзү академия дегендей турмуш өзү окутат, үйрөтөт экен. Бул тилди үйрөнгөнгө мажбур болдум. Аз-маз тил үйрөнүп, туристтерди кабыл алып, бардык суроолорго жооп беришке аракет кылып жатабыз.

Жаңыл Жусупжан: Бул жакта турист катары силердин мейманканага токтоп өткөндөр бул жакты, бул жаккан жок деп кагаз толтурат экен. Мунун себеби силер бир ассоциацияга киресиңерби?

Тагайбек Патандаев: Бул мейманканалардагы атаандаштыкты аныкташ үчүн берилген кагаз болсо керек. Ушул толтурулган кагаз аркылуу аныктап алып, анан бизге туристтерди жөнөтүшөт окшойт деп ойлойм.

Жаңыл Жусупжан: Мисалы, мен Мароккодон көрдүм эле, тоолук адамдардын айрымдарынын такыр эле билими жок. Ал жакта кырдаал башкача, албетте, бирок аларды Европада кырк күн даярдыктан өткөрүп, ассоциацияларга киргизип, ар бир жерде мейманкана ачып, белгилүү бир сапаттагы кызмат өтөгөнгө үйрөтүшөт экен. Силерге ушундай кандайдыр бир каржылык же билим берүү жагынан жардам берген тараптар кимдер?

Тагайбек Патандаев: Бизде андай жардам, окутуулар да жок. Биз бардыгын өзүбүздүн күчүбүз, өзүбүздүн аракетибиз менен кылабыз.

Жаңыл Жусупжан: Аличордо атаандаштык күчтүүбү?

Тагайбек Патандаев: Албетте, күчтүү. Мисалы, бизде мейманканалар документтештирилген, бирок жолдо көмүскө иштегендер да көп, туристтерди арзан баада жаткырып, кетире беришет.

Жаңыл Жусупжан: Бул жакта жашылча-жемиш өспөсө, тамак-аш маселеси кандай? Мага абдан кымбат сезилди.

Тагайбек Патандаев: Тамак-аш СССРдин мезгилинен бери эле Оштон, анан Дүйшөмбүдөн алынып келет. Айла жок, сатып алабыз.

Жаңыл Жусупжан: Балдарыңыз дагы жардам берип аткан экен. Өзүңүздүн үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз.

Тагайбек Патандаев: Жубайым экөөбүздүн үч кыз, бир уулубуз бар. Эң улуу кызым мындан 40 чакырым жердеги Баш-Күмбөздө англис тил мугалими болуп иштейт. Экинчи кызым Тажик улуттук университетин бүткөн, ушул жерде сельсоветтин секретарына чейин жетип иштеп калды эле, бирок насип экен, Кыргызстанга турмушка чыгып, ошол жакка кетип калды. Уулум болсо Хоженттеги (Түндүк Тажикстан) Милиция академиясын бүткөн. Бир жылдан бери дем алууда, дем албаса болгудай эмес, милициянын иши аябай оор экен. Кичүү кызым Хорог шаарында медициналык коллежде экинчи курс окуйт.

Жаңыл Жусупжан: Ишиңиздерге ийгилик болсун! Оорубаңыздар!

Тагайбек Патандаев: Сиздерге да рахмат! Дагы келип туруңуздар.

"Марко Поло" Ош-Хорог жолунун так боюнда жайгашкан.

"Марко Поло" Ош-Хорог жолунун так боюнда жайгашкан.

Марко Поло тууралуу кыскача маалымат: Марко Поло – Памир аркылуу өткөн деп саналган орто кылымдарда жашаган италиялык саякатчы. Мургабдын кайберендерин анын аты менен Марко Поло койлору деп айтышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG