Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Тоолуу Бадахшанда аскерий операцияда 42 адам өлдү


Хорог шаары
Хорог шаары

Хорогдо генерал Назаровду өлтүргөндөр менен район прокуроруна кол салгандарды кармоо боюнча атайын операция жүрүүдө.

24-июлда Тажикстандын тартип коргоо жана күч органдарынын кылмыштуу куралдуу топ менен кагылышында 42 адам набыт болгонун Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматы маалымдады. Өлгөндөрдүн отузу куралдуу топтун мүчөлөрү, 12си аскер кызматкерлери. Операция учурунда кылмыштуу топтун 40 мүчөсү кармалганы айтылды, алардын 8и Ооганстандын жарандары. Каршылык көрсөткөн куралдуу топтон курал-жарактын 100 түрү табылды.

Билдирүүдө 23 аскер жарадар болгону, ал эми жай тургундардан жабыр тарткандар жок экени айтылат. Күүгүм улай кармаш токтогону кабарланып, бир аз тыныгуудан соң кайра атышуу башталганы маалымдалды.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз өкүлү Нозиржан Бориев атайын операция жөнүндө куш тилиндей гана билдирүү жасады:

- Хорог шаарында Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен операциясы башталды. Анын себеби жөнүндө күч министликтери билдирүү жасады. Операция жүрүүдө.

Дүйшөмбүдөн 530 чакырым алыстагы Хорог - Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун административдик борбору.

Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитети чогуу жарыялаган билдирүүдө абадан тикучарлар колдогон операция - генерал Абдулло Назаровду өлтүрүүгө тиешеси бар Толиб Аембеков башындагы уюшкан кылмыштуу топко каршы өткөрүлүп жатканы белгиленет.

Тоолуу Бадахшандын коопсуздук комитетинин башчысы Назаров 21-июлда Ишкашимден кызматтык сапардан келе жатып, Хорог шаарына кире бериште өлтүрүлгөн.

Район прокурору Нафасбек Дилшодовго бүгүн (шейшемби күнү) эртең менен кол салынып, азыр оор абалда ооруканада.

Расмий маалыматта тажик-ооган чек арасындагы “Ишкашим” заставасынын командиринин орун басары, мурдагы талаа командири Толиб Аембеков түзгөн куралдуу топ узак мезгилден бери маңзаттары, чылым жана сербаа таштар менен аткезчилик кылганы айтылат. Аембековчулар оор кылмыштарды жасады, анын ичинде адамдарды карактап-тоноду деп да шектелүүдө.

Тамекини бадахшандык ишкерлер көбүн эсе Кыргызстандан сатып алышат.

Шейшемби күнү таң эртең Бадахшандын Рушан район прокурорунун үйүнө белгисиз бирөө граната ыргытып, Нафасбек Дилшодов оор жарадар болду.

56 жаштагы Назаров чак түштө кан жолдо мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин эле хорогдук кылмыштуу топтун ана башы Толиб Аембеков менен генералды өлтүргөндөрдү кармап берүү боюнча сүйлөшүү жүрүп, натыйжа берген эмес. Атүгүл куралдуу топ коопсуздук кызматтарына ок атып жооп берген. Бул арада аймакка Президенттик гвардия, ОМОН, коопсуздук комитетинин “Альфа” бөлүгүнөн жана Ички иштер министрлигинен болуп, тандалма 400 аскер тартылды.

Тажикстандын күч органдарынын башчылары да Хорогко келишкен.

Жергиликтүү элдин айтымында, Дүйшөмбүдөн аскерлер келер замат Бадахшанга кирчү бардык жолдор жабылган. Уюлдук телефон байланышы жана интернет байланышы иштебей жатат.

Хорогдогу эл аралык уюмдардын кызматкерлери коопсуз жайларга көчүрүлгөнү, ал эми жергиликтүү элге үйдөн чыкпай туруу буйрулганы кабарланды.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги алдында болсо тоолуу бадахшандыктар уруксатсыз митинг өткөрүүдө. Алар Хорогдогу аскерий операцияны тезинен токтотууну жана аскерлерди аймактан чыгарып кетүүнү талап кылышууда. Митингчилер тажик өкмөтүн Бадахшанда этностук тазалоо жүргүзүүдө деп эсептешет.

Эки жыл илгери Тажикстандын чыгышындагы Гарм аймагында да ушундай операция өткөрүлүп, тажик оппозициясынын мурдагы тарапкерлери жок кылынган. Ал операция Дүйшөмбү шаарындагы түрмөдөн качкан 25 адам Гармды көздөй качыптыр деген маалыматка таянып өткөрүлгөн.

Ошол кездеги Гармдагыдай эле Тоолуу Бадахшанда борбордук өкмөттүн таасири мурдагы оппозициянын талаа командирлеринен чыккан жергиликтүү авторитеттерге караганда алда канча аз.

XS
SM
MD
LG