Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Хорогдогу операцияда эки тараптан 42 адам өлдү


Тоолуу Бадахшан автоном облусунун административдик борбору - Хорог шаары.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунун административдик борбору - Хорог шаары.

Тажикстандын Хорог шаарында коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы уланууда.

Мыйзамсыз куралдуу топко каршы урушта 30 согушчан жок кылынып, 12 аскер окко учканы, 23 жоокер жарадар болгону расмий маалымдалды.

Операция Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Тоолуу Бадахшан облустук комитетинин башчысы, генерал Абдулло Назаровду өлтүрдү деп шектелген кылмыштуу топтун башчысы Толиб Аембеков колго түшүп берүүдөн баш тарткандан кийин башталган.

Толиб Аембеков
Толиб Аембеков
Хорогдогу мыйзамсыз куралдуу топко каршы 24-июлда башталган операцияга Дүйшөмбүдөн шашылыш келген Президенттик гвардиянын, ОМОНдун, коопсуздук комитетинин “Альфа” бөлүгүнүн жана Ички иштер министрлигинен болуп, 400 аскер катышууда.

Операциянын биринчи күнү боюнча Тажикстандын Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматы биргелешкен билдирүү жасады. Аны “Азаттыктын” тажик кызматына Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз өкүлү Нозиржан Бориев окуп берди:

- Операциянын жүрүшүндө 30 согушчан жок кылынды. Өкмөттүк күчтөрдөн 12 аскер набыт болду. Мыйзамсыз куралдуу топтун 40 мүчөсү, анын ичинде сегиз ооган колго түшүрүлдү. Алардан жүз даана түрдүү куралдар алынды. Карапайым калк арасынан эч ким жабыркаган жок. 23 аскер жарадар болду. Операция уланууда.

“Азаттыктын” Бадахшандагы кабарчысы бийликтин уруш учурунда жайкын калк ичинен эч ким жабыркаган жок деген маалыматын тастыктай элек.

Бийлик кылмыштуу топтон генерал Абдулло Назаровду өлтүрүүгө түздөн тиешеси бар деп шектелген төрт адамды өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Хорогдогу мыйзамсыз куралдуу топтун башчысы Толиб Аембеков азыр кайда экени белгисиз.

Мурдараак жарадар болгон 23 аскердин 12си тикучар менен Дүйшөмбү шаарына жеткирилгени, алардын бири ооруканада жан бергени кабарланган. Жарадарлардын арасында жаш офицерлер да бар.

Тоолуу Бадахшан автоном облустук коопсуздук комитетинин башчысы Назаров 21-июлда Ишкашимден кызматтык командировкадан келе жатканда Хорог шаарына кире бериште мыкаачылык менен өлтүрүлгөн болчу.

Расмий маалыматта тажик-ооган чек арасындагы “Ишкашим” заставасынын командиринин орун басары, мурдагы Биргелешкен тажик оппозициясынын мурдагы талаа командири Толиб Аембеков түзгөн куралдуу топ узак мезгилден бери маңзаттары, чылым жана сербаа таштар менен аткезчилик кылганы айтылат. Аембековчулар оор кылмыштарды жасады, анын ичинде адамдарды карактап-тоноду деп да шектелүүдө.

Генерал Абдулло Назаров
Генерал Абдулло Назаров
56 жаштагы Назаров чак түштө өлтүрүлгөндөн кийин эле хорогдук кылмыштуу топтун ана башы Толиб Аембеков менен генералды өлтүргөндөрдү кармап берүү боюнча сүйлөшүү жүрүп, натыйжа берген эмес. Атүгүл куралдуу топ коопсуздук кызматтарына ок атып жооп берген.

Тамекини бадахшандык ишкерлер көбүн эсе Кыргызстандан сатып алышат.

Шейшемби күнү таң эртең Бадахшандын Рушан районун прокурорунун үйүнө белгисиз бирөө граната ыргытып, Нафасбек Дилшодов оор жарадар болду. Бул окуянын 60 чакырым алыстагы Хорог шаарындагы куралдуу калабага тиешеси бар экенин ырастаган маалыматтар болгон жок.

Жергиликтүү элдин айтымында, Дүйшөмбүдөн аскерлер келер замат Бадахшанга кирчү бардык жолдор жабылган. Шейшемби күнү уюлдук телефон жана интернет байланышы иштебей турду.

24-июлда Хорогдогу эл аралык уюмдардын кызматкерлери коопсуз жайларга көчүрүлгөнү, ал эми жергиликтүү элге үйдөн чыкпай отуруу буйрулганы кабарланды.

Бул күнү Тажикстандын Москвадагы элчилиги алдында тоолуу бадахшандыктар уруксатсыз митинг өткөрүшүп, Хорогдогу аскерий операцияны тезинен токтотууну жана аскерлерди аймактан чыгарып кетүүнү талап кылышты. Митингчилер тажик өкмөтүн Бадахшанда этностук тазалоо жүргүзүүдө деп күнөөлөштү.

Эки жыл илгери Тажикстандын чыгышындагы Гарм аймагында да ушундай операция өткөрүлүп, тажик оппозициясынын мурдагы тарапкерлери жок кылынган.
Ошол кездеги Гармдагыдай эле Тоолуу Бадахшанда борбордук өкмөттүн таасири аз. Бийликти көшөгө артынан мурдагы оппозициянын талаа командирлеринен чыккан жергиликтүү авторитеттер жүргүзөт дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG