Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Тажик оппозиционери 26 жылга кесилди


Тажикстанда бир кезде өнөр жай министри болуп иштеп жүрүп, кийин оппозицияга өткөн Зайид Саидов 26 жылга түрмөгө кесилди. Ага бир катар экономикалык кылмыштар, көп аялдуулук жана зордуктоо өңдүү олуттуу кинелер тагылган.

55 жаштагы Зайид Саидов көп жылдар бою тажик бийликтери менен коюн-колтук алышып, өнөр жай министри кызматын ээлеп, курулуш, кездеме, зергер буюмдар өңдүү кирешелүү тармактарды камтыган ири бизнес компаниясын курган. Бирок ушул жылдын жазында, президенттик шайлоого саналуу айлар калганда, "Жаңы Тажикстан" аттуу партия түзөм деп жарыялагандан тарта Саидовдун үстүнө кара булут айлана баштаган.

Жаңы партия тууралуу дымактуу жарыя жасагандан көп узабай Саидов май айында экономикалык кылмыштар, көп аялдуулук, зордуктоо өңдүү оор кылмыштарга шектүү деп аталып, 25-декабрда сот өз өкүмүн чыгарды.

Душанбеде чыгуучу “Элита” журналынын башкы редактору Далер Гуфронов тажик бийликтери Саидовду өзүлөрүнүн бейкапар келечеги үчүн коркунуч катары кабылдаганын айтат.

- Саидов реформа жүргүзүүнү каалаган, өкмөт андайга даяр эмес. Андан улам бийликтегилер оңой жолун таап, реформатордун оозун жабуу жолун тандашты. Саидовдун камалышынын бирден бир себеби ушунда деп эсептейм.

Анткен менен Тажикстанда Саидов өзү деле талаш-тартыштуу саясатчы деп эсептегендер аз эмес. Бир колу жок төрөлгөн саясатчы жашы жете элек өспүрүм кызды жыныстык мамилеге мажбурлаган, төрт аялынан он балалуу болгон деген айыптоолорго туш болууда. Саидов өзү мыйзамдуу түрдө бир гана аялы бар экенин, андан башка мурдагы эки аялына жана алардан төрөлгөн балдарга материалдык колдоо көрсөтүп келатканын жашырбайт.

Андан тышкары Тажикстандын антикоррупциялык мекемеси баш калаада бир катар ири курулуш долбоорлорун ишке ашырган Саидовдун компаниясы мамлекеттен 8 миллион доллар кымырып алган деп айыптап чыкты.

Салык кызматы Саидов алардан 5 миллион доллардан ашуун салыкты жашырып калганын айтышууда. Көпчүлүк эксперттер Саидов эч убакта чыныгы оппозициячы болгон эмес деген ойдо.

1999-жылы Тажикстанда жарандык согуштун жарасын айыктыруу максатында тажик бийликтери исламчылар жетектеген оппозицияга жаңы өкмөттөгү кызмат орундарынын үчтөн бирин берүүгө макул болгон. Ошондой квотадан улам өнөр жай комитетин башкарып калган Зайид Саидов кийинчерээк министр болуп дайындалып, бул кызматты 2007-жылга дейре ээлеген.

Министрликтен түшкөндөн кийин Саидов Тажикстандагы эң ири ишкерлердин бирине айланып, баш калаадагы эң бийик имарат – "Душанбе Плазанын" ээси саналат.

Душанбелик дагы бир серепчи Парвиз Мулложонов экс-министр Саидовдун тажик бийликтерине каршы чыгууга белсенген деп айтуу абдан кыйын деп эсептейт. Андан көрө бийликтегилер ашкере байып кеткен адамдын бизнесин тартып алуу, аны менен бирге саясий дымагын да өчүрүүнү көздөп жатышы мүмкүн деп ишенет. Буга чейин да Тажикстанда бизнеси ыкчам өрдөгөн ишкерлер соттолуп кеткен учурлар болуп келген.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG