Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Евробиримдик сириялык аткаминерлердин “кара тизмесин” кеңейтти


Алеппо шаарында аба чабуулдар уланууда
Алеппо шаарында аба чабуулдар уланууда

Евробиримдик курчоодогу Алеппо шаарындагы чабуулдарга катыштыгы бар деп айыпталган сириялык он жаранды санкция киргизилгендердин тизмесине кошту.

Биримдик 27-октябрда жасаган билдирүүсүндө жаңы адамдар Сириянын президенти Башар Асаддын режими менен байланышы бар аскерий кызматкерлер жана жогорку даражадагы аткаминерлер экени айтылды.

Сирия жаңжалына байланыштуу санкция киргизилгендердин тизмесинде 217 адам бар. Аларга биримдиктин аймагына кирүү тыюу салынган жана шаркетке мүчө мамлекеттердеги банк эсептери камакка алынган. Ошондой эле тизмеге 69 уюм-мекеме киргизилген.

Октябрь айынын орто ченинде АКШ менен Британия бийликтери Башар Асадга жана анын союздаштарына да жаңы санкциялар киргизилиши ыктымалдыгын айтышкан.

Учурда курчоодо калган Алеппонун чыгыш бөлүгүндө 270 миңдей адам бар экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG