Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Тажикстанга качкан ооган кыздары "Талибанга" ишенбейт


Фаришта Хусейни жана Савсан Азизи.
Фаришта Хусейни жана Савсан Азизи.

15-августта талибдер Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин, он миңдеген жайкын тургун өлкөдөн качууга аргасыз болду. Алардын бир далайы коңшу Тажикстанга кире качкан. Жер которгондордун арасында спортчу жана илимпоз кыз-келиндер да бар.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги 7-июлда коңшу Ооганстандан миңден ашуун жаран бул аймакка келгенин жарыялаган. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги көп узабай Ооганстанда талибдердин өч алуусунан коркуп, чек арадан качып өтүп келгендердин арасынан 150 оогандык өз ыктыяры менен кайра мекенине кайтканын билдирген. Андан сырткары "Азаттык" радиосунун тажик кызматынын булактары ооган армиясынын 143 жоокери 16-августка караган түнү Хатлон облусунун административдик борбору Бохтар шаарына келгенин кабарлаган.

Талибдер өлкөнү басып алгандан кийин канча ооган жараны Тажикстандан башпаанек тапканы тууралуу так маалымат жок. Жер которууга мажбур болгондордун катарында мамлекеттик кызматкерлер, спортчулар жана илимпоздор бар экени белгилүү болду.

Талибдерди ачык сындаган алты аял
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:49 0:00

"Талибдерге аялдар да адамдар экенин түшүндүргүлөчү"

27 жаштагы Фаришта Хусейни Дүйшөмбүгө апасы менен качкан. Ал Ооганстандын таэквандо боюнча чемпиону. Фаришта "Озоди" радиосуна берген маегинде, Ооганстанда калган туугандарынын абалы тууралуу буларды айтып берди:

"Менин атам менен инимди талибдер өлтүрүшкөн. Мен Кабулдагы досторума чалып турам. Алар абал оор жана кооптуу болуп турганын айтып жатышат. "Талибан" өлкөнү 20 жыл мурун башкарып турганда кандай таш боор болгонун оогандыктар жакшы билишет".

Фаришта Хусейни.
Фаришта Хусейни.

Спортчу согушкерлер дээрлик бардык провинцияларды басып алып, борборго жакындап калган учурда Кабулдан качып чыккан.

"Ооганстанда баарын эркектер чечет. Биз көп жылдардан бери аялдардын укуктары үчүн күрөшүп келгенбиз. Өлкөдө калгандар талибдерге түшүндүрүп беришин суранам: аялдар өлкө калкынын жарымын түзөт, алар да адам, керек болсо аялдардын эркектерге караганда артыкчылыктары көп", - дейт Фаришта Хусейни.

Ооганстандан келген дагы бир качкын, Кабул университетинин юридикалык факультетинин окутуучусу, 30 жаштагы Савсан Азизи бир жарым айдан бери Тажикстанда турат. Туугандары аны бейтааныш кишиге турмушка чыгууга мажбурлаганда, аргасыз үй-жайын таштап качып кеткен экен.

"Мага карата коркутуулар башталганда, үй-бүлөмдүн бардык мүчөлөрү менен Ооганстандан кетүүгө аргасыз болдум. Мен алган жогорку билимимди өз өлкөмдүн аялдарынын укуктарын коргоо үчүн колдоно албай калганыма абдан өкүнөм",- дейт Савсан.

Савсан Азизи.
Савсан Азизи.

Келечекте Фаришта менен Савсанды эмне күтүп турганы белгисиз. Алардын Тажикстанда калып, туруктуу жашоого шарты жок, үчүнчү өлкөгө өтүү оңой-олтоң иш эмес. Артка, мекенине кайтуу да такыр мүмкүн эмес.

"Талибан" кыймылы Кабулду басып алгандан кийин өткөргөн алгачкы маалымат жыйында өлкөдө аял укуктары шариятка ылайык сакталат деп жарыялаган.

Талибдер башкарган жылдар кандай болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

"Аялдар болгону хижаб кийүүгө милдеттүү. Эркектердин коштоосуз үйдөн чыга алышат. Мындан тышкары, аялдар Ооганстандын жаңы өкмөтүнө да кире алышат", - деп билдирген "Талибан" кыймылынын маданият комиссиясынын мүчөсү Иномулла Самангани "Азаттык" радиосунун ооган кызматына.

Ал жергиликтүү мамлекеттик телеканалга берген маегинде да аялдар жаңы режимдин курмандыгы болбой турганын кайталаган. Ошентсе да, региондордо аялдар талибдер бийликти алгандан бери жумушуна бара элек, аларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "жаңы эрежелер киргизилгенче үйдөн чыкпай турууга" кеңеш беришкен.

Талибдердин аялдарга карата алгачкы убадаларына Тажикстанга качып чыккан Савсан Азизи ишенбейт.

"Акыркы жыйырма жылдын ичинде талибдер зомбулук менен карапайым адамдарды өлтүрүп жатышат. Алардын өзгөргөнүнө кантип ишенсек болот? Эми алар карапайым жарандар коркпой, тынч жашай алышат деп айтууда. Чындыгында бир катар аймактарда карапайым элге, айрыкча аялдарга карата зордук-зомбулукту башташыптыр”, - дейт Савсан Азизи.

"Талибдерге кантип ишенебиз"

Талибдер буга чейинки башкаруусунда аялдардын жасанып боёнуп жүрүшүнө, эл алдында жүзүн көрсөтүшүнө тыюу салган. Аларга радио жана телеканалга, ошондой эле эркек туугандары жок көчөгө чыгууга катуу чектөө коюлган. Мындай эрежелерди бузгандар катаал жазаланган.

Ушу тапта Дүйшөмбүдөгү "Мажмааи Ориёно" ооган коомунун кеңсеси кишилерге толуп турат. Ал жердеги ооганстандыктардын дээрлик көпчүлүгү жардам сурап кайрылгандар.

"Озоди" радиосунун журналисттери менен маектешкендердин көбү азыркы шартта мекенине кайтуунун эч кандай кажети жок экенин айтышкан.

"Мен Ооганстанга үй-бүлөм үчүн кайтам"

Ошол эле кезде Тажикстанга качып келген оогандардын арасында мекенине кайтсам деп тургандар да жок эмес. Кабулдун тургуну, кесиби боюнча дарыгер Абдурахмон Дүйшөмбүгө эки күн мурун келген. Үй-бүлөсү ал жакта калгандыктан тез арада кайра артка кайтууну көздөп жатат.

"Мен мекениме кайтышым керек. Ал жакта аялым жана балдарым калды. Анын үстүнө Ооганстандагы достор башкалаа Кабулда абал тынчып калганын айтышты. Акыркы күндөрү үйлөрүнө кайтып баргандар талиб согушкерлери тарабынан эч кандай тоскоолдук көрбөгөнүн, үйлөрүнө аман эсен жеткенин кабарлашты", - деди Абдурахмон.

Ооган качкындарынын көбү талибдердин баскыны алдында өлкөдөн чыгып кеткен президент Ашраф Гани элди согушкерлерден коргой албаганын сындап, күчтүү армия жана эбегейсиз көлөмдөгү заманбап курал-жарактар кайда кетти деген суроого баш катырышат.

"Мажмааи Ориёно" коомунун маалыматы боюнча, учурда качкын макамын алган жана башпаанек издеп жүргөндөрдү кошкондо 6 миңге жакын ооган жараны Тажикстанда жашайт. Расмий Дүйшөмбү ооган качкындары тууралуу расмий маалымат тарата элек.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG