Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

БЛОГГЕРЛЕР МЕНЕН ТАЛИПТЕРДИН ЧАБЫШЫ


Амирбек Усманов, Прага Талиптердин Пакистандагы мурдакы элчиси талип жетекчилигин каралаган «ал-Каиданын» тарапкерлерин катуу сынга алды. Молдо Салам Зайеф «Азаттык» радиосуна берген интервьюда, "ал-каидачыл" блоггерлерди Ооганстандагы бүгүнкү кырдаалды түшүнбөсүн, аларда талиптерди сындагандай укугу жок экенин айтты.

Египеттеги «ал-каидачыл» сайтка үзбөй жазып турган исламчыл экстремисттин талиптерди жемелөөсүнө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Иранга каршы жаңы санкция киргизүүсү шылтоо болду. Чара Ирандын уранды байытуусун токтотуу максатында 4-мартта кабыл алынганда, талиптер Иранга тилектештик билдирген. Талиптердин бул кадамын өзүн «Шордуу» деп атаган блоггер табигый кырсык сыяктуу жамандык деп атап, талиптер «улутчулдук» илдетине чалдыкканын белгиледи.

Экинчи бир блоггер «ал-Каиданын» башчылары Осама бин Ладен менен Айман ал-Заухарини талиптердин «жүгөнүн тартып коюуга» чакырды. Февралда талиптердин башчысы Молдо Омор талиптер Ооганстанга коңшу өлкөлөр менен жакшы, «мыйзамдуу» мамиле түзүүгө дилгир экенин билдиргенде, «Шордуу» блоггер Ооган талиптерин дүйнөлүк жихаддан бөлүндү деп күнөөлөгөн.

Блоггерлерди талиптердин Пакистандагы мурдакы элчиси Молдо Салем Зайеф Ооганстандагы жагдайды билбеген наамалар деп санайт:

- Египетте туруп, сүйлөп жаткан неме Ооганстандагы кырдаалдан такыр бейкабар экен. Атүгүл «ал-Каиданын» саясатынан да түшүнүгү жок. Ооганстандагы коогал талиптер дүйнө менен согушуп жатат дегенди билдирбейт. Оогандар согуштан аябай чарчады. Алар Ата журтун сагынды. Алар тынчтыкты каалашат. Алар талип же ооган болбосун бүтүндөй эларалык коомчулук менен араздашууну каалайт деп ойлобойм. Талиптер дүйнөнү башкарууну каалабайт.

«Ал-каидачылар» Зайефтин айтымында оогандарга жакшылык кылгандан көрө өз пайдасын көбүрөөк ойлошот:

-Менин оюмча, азыр ар бир ооган бир бирине сабырдуу мамиле кылат. Адамдар тынчтыкта жана ынтымакта жашабаса, кан төгүүлөр жана бүлүнүүлөр дагы созула берет. Ооганстан үчүн тынчтык баарынан маанилүү экенин эч ким тана албайт. Блоггерлер мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасабаш керек. Алар ооганстандагы четэлдик күчтөрдүн маселесин козгошту. Оогандар өлкөдөгү четэлдик аскерлерге сабырдуу болушу абзел. Себеби аларда башка айласы жок.

Зайефтин оогандар өлкөдөгү чет элдик аскерлерге сабырдуу болуу керек деген сөзүн талип жетекчилиги колдогон жок. Талиптер шейшемби күнү жасаган билдирүүдө АКШ жана анын союздаштарын өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүүгө, ошондой эле мурдакы мужахеддерди АКШлык аскерлерди өлкөдөн кууп чыгууга жардамдашууга чакырды.

Мужахеддердин айрым топтору 2001-жылы талиптерди Кабылдан сүрүп чыгууда АКШлык күчтөргө көмөктөшкөн. Алардын кээ бир лидерлери азыр Карзайдын өкмөтүнө кирсе, башкалары парламенттин көрүнүктүү мүчөлөрү.

Ооганстанда азыр НАТОго мүчө 26 өлкөнүн жана аны менен кызматташкан 13 өлкөнүн 49 миң чамалуу аскери бар. Алардын 26 миңи АКШга, калган 23 миңи-эл аралык коопсуздукка көмөкчү күчтөргө (ISAF) таандык. Бул аскерлер талип козголоңчуларына каршы күрөштө Ооган армиясына жардамдашууга катар өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүгө да катышууда.

Кошмо Штаттардын мамкатчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Курт Вокердин (Kurt Volker) «Азаттык» радиосуна берген интервьюда айтышынча, Ооганстандагы америкалык аскерлер талиптер жана ал-каидачылардан айырмаланып, согуштук операция учурунда карапайым элдин мүмкүн болушунча аз чыгым тартуусу үчүн аракеттенет:

- НАТО жана АКШнын күчтөрү карапайым элге чыгым келтирбөө үчүн бар аракетин жасайт. Талиптер менен «ал-Каида» атайылап караламан элди өлтүрөт. Бул өтө маанилүү айырмачылыкты Ооганстандын эли түшүнүш керек. Биз Оогандарды коргоо жана коомду курууга жардам бергени келгенбиз. А талиптер болсо аларды өлтүрүүгө аракет кылууда.

Деген менен, өткөн айда талиптердин лидери Молдо Омор талиптер Ооганстанга коңшу өлкөлөр менен жакшы, «мыйзамдуу» мамиле курууга кызыгаарын билдирген:

- Биз дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен жакшы мамиледе болууну каалайбыз. Биз эч кимге коркунуч жаратпайбыз. Америка талиптер бүтүн дүйнөгө кокунуч туудурууда деп ишенет. Бул пропаганда. Америка башка өлкөлөрдү өз кызыкчылыгын алга жылдыруу үчүн пайдалангысы келет.

Билдирүүнү талиптердин мартаблуу өкүлү Забиулла Мужахед «Эркин Ооганстан» радиосуна телефондон окуп берген.

Мындай билдирүүнү «ал-каидачыл» интернет- блоггерлер дүйнөлүк жихаддан баш тартуу катары сындашты.

Президент Карзай былтыр сентябрда Ооганстанда тынчтыкка жетишүү үчүн талиптер менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Бул сүйлөшүүдө Ооган өкмөтүн колдобогон талиптер өлкөдөн чыгып кетсин деп талап койулушу ыктымал экени айтылууда.

Бейтарап серепчилердин пикиринче, талиптер Карзайдын өкмөтү менен сүйлөшүүгө баруу үчүн тыш өлкөлөрдөн ырасмий колдоо издеп жаткан сыяктуу.

XS
SM
MD
LG