Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

АКШ жана НАТО талиптерди тынчтык жолуна үйүрүүдө


Гелманд провинциясынын губерантору Гүляб Мангал(солдо) урушту токтотууну каалаган талибан кыймылынын мүчөсүнүн автоматын ырасмий салтанатта өткөрүп алууда. 24-май 2011
Гелманд провинциясынын губерантору Гүляб Мангал(солдо) урушту токтотууну каалаган талибан кыймылынын мүчөсүнүн автоматын ырасмий салтанатта өткөрүп алууда. 24-май 2011

Ооган президенти Хамид Карзай АКШ жана НАТО башындагы коалиция талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын биринчи жолу коомчулукка ачык жарыялады.

Президент Хамид Карзайдын ишемби күнкү билдирүүсү Ооганстанда акыркы он жылда жүрүп жаткан согуштун тарыхындагы чоң жаңылык болду. Буга чейин талиптер менен сүйлөшүүлөр болгону тууралуу эч качан ырасмий түрдө жарыяланган эмес.

Талиптер жана башка журтташтарыбыз менен тынчтык сүйлөшүүлөрү башталды. Ким Конституцияны, эркиндикти, демократияны жана Ооганстандын өнүгүүсүн кааласа, бул сүйлөшүүгө катыша алат... Чет элдик аскерлер, бул сүйлөшүүнү айрыкча Кошмо Штаттар алга сүрөөдө”, -деп билдирди президент Карзай 18-июнда Кабылда өткөн Ооган жаштарынын эл аралык жыйынында.

Ырасмий Вашингтон сыяктуу эле талиптер да өз ара сүйлөшүүлөр болгонун буга чейин танып жүрчү.

Ак Үй президент Карзайдын комментарийине түз жооп берген жок. Бирок Кошмо Штаттардын Кабылдагы элчилиги Вашингтон Ооганстандагы элдешүүнү колдоорун жана ага катышаарын билдирди. Билдирүүдө АКШ “ал-Кайиданы” жана зобун-зордукту чанууга даяр, ошондой эле Ооган Конституциясын тааныган адаватчылар менен жарашууга көмөктөшөрү да айтылат.

Талиптердин ана башы Молдо Умардын гезит бетиндеги сүрөтү Ооган телеканалынан көрсөтүлүүдө. 23-май 2011
19-июнда АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Ооганстандагы чатакты саясый жол менен жөндөө максатында талиптер менен америкалык ырасмий адамдардын алдын ала сүйлөшүүсү болгонун ырастады. Ал сүйлөшүүгө келген талиптер чындап эле кыймылдын ана башы Молдо Омордун чабармандары экенине америкалыктар али толук ишенбей жатканын да белгиледи. 30-июнда министрликтен кеткени жаткан Гейтс сүйлөшүүдө жаңы жылга барып гана олуттуу жылыштар болот деп боолгойт.

Америкалык чабармандардын Молдо Омордун өкүлдөрү менен жолукканы майдын аягында кабарланган. Жалпысынан акыркы айларда мындай кездешүү кеминде үч жолу болгонун “Нью-Йорк Таймс” гезити жазды.

Ал эми 17-июнда Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши талиптер менен “ал-Кайидага” санкция колдонуу же анын режими боюнча өз алдынча резолюция кабыл алган. Эки режимдин өзгөчөлүктөрү тууралуу Германиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Питер Виттинг түшүндүрмөсү мындай болду:

- Азыр эки режим болуп бөлүндү. Анын философиясы мындай: Бул эки башка уюм. Талиптер Ооганстанга байланган болсо, “ал-Каида” глобалдык масштабда аракеттенген эл аралык террордук уюм.

Питер-Виттинг БУУнун Коопсуздук Кеңешинин “ал-Кайидага” жана талиптерге санкция колдонуу комитетин да жетектейт. Анын айтымында, талиптерди “ал-Кайидадан” бөлүп кароо Ооганстанда тынчтык орнотууга салым кошот. Ошол эле мезгилде Ооган өкмөтүнө байыстуу талиптерди террорчулардын кара тизмесинен чыгарып, тынчтык жараянына катыштыруусуна мүмкүндүк берет.

* Үйүр II. Имере чогултуу, имере шилтөө. Кыргыз тилинин сөздүгү-2010. 1274-бет

XS
SM
MD
LG