Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

ИИМ: 64 киши эки жана беш суткага камалды


Күч кызматкерлери.
Күч кызматкерлери.

25-мартта саат 20:00гө карай Биринчи Май райондук милициясына Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 105 адам алынып келинген. Алар коомдук тартипти бузганы үчүн "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелери боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон. Бүгүн Биринчи Май райондук соту чогулган материалдардын негизинде алардын ишин карап, 64 кишини эки суткадан беш суткага чейин камакка алды. 12 киши айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Эки митингчиге эскертүү берилип, калгандары профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин кое берилген. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, 25-марттагы митинг учурунда беш милиция кызматкери түрдүү жаракат алышкан. Алар соттук-медициналык экспертизадан өтүшөт. Мындан тышкары Бишкек милициясына "Ясинь" автобусунун айдоочусу арыз менен кайрылып, митингчилер атайылап автобустун эшик-терезелерин талкалап салышканына даттанган.

Милиция учурда окуя болгон жердеги бардык тасмалар көрүлүп жатканын, натыйжада дагы айыптуулар аныкталарын да кошумчалоодо.

25-мартта Бишкекте УКМК имаратынын алдында Садыр Жапаровдун жактоочулары аны бошотууну талап кылышып, мунун арты ызы-чуу менен коштолгон. ИИМ митингде башаламандыкка орун берди деген негизде ондогон адамдар кармалып, Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилгенин маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG