Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Орусиянын стратегиялык изилдөөлөр институтунун “Улуттук стратегиянын көйгөйлөрү” журналынын башкы редактору Аждар Куртов Тараздагы окуя боюнча ой бөлүштү.

Куртов: Жыл башынан бери Казакстанда бир нече ушуга окшогон чабуулдар болуп өттү, бул биринчиси эмес. Буга чейин Казакстандын батыш аймактарында болуп өткөн окуяларды казак бийликтери бири-бирине байланышы жок чабуулдар катары сыпатташкан. Казак бийликтери мындан ары да өлкөдө эч кандай көйгөйлөр жок деп түр көрсөтө алышпайт. Тараздагы окуя жөн жана капыстан чыккан жок. Кандайча күрөшүш керек, билбейм, буга чейин натыйжалуу күрөшө алган жок.

Казакстан эгемендүү өлкө катары ислам дүйнөсүнүн мүчөсү болуп, дал ошол дүйнөнүн айрым көйгөлөрүн тең бөлүшүүдө.

“Азаттык”: Тараздагы террордук чабуулдан кийин Кыргызстан Казакстан менен чек арасын көзөмөлдөөнү күчөттү. Бул кандай жыйынтык берет? Дегеле Борбор Азиядагы өлкөлөргө Казакстандагы жагдай кандайча таасир этет?

Куртов: Чек араны көзөмөлдөөнү күчөтүү эч кандай жыйынтыктарды алып келбейт деген ойдомун. Исламчыл согушкерлер Казакстандын түштүгү менен чектеш өлкөлөрдөн кирип жаткандай туюлат.

Эгерде Казакстандагы жана Кыргызстандагы диний кырдаалды салыштыра турган болсок, Кыргызстанда акыбал начарыраак. Исламчыл агымдарга кирүү Кыргызстанда өтө гүлдөп турган кез, өлкөдө курулган мечиттердин саны эле көп нерседен кабар берет.

Бирок Казакстан да, Кыргызстан да, мурдагы Советтер Союзундагы атеисттик аймактын мүчөсү, кийин эгемендүүлүккө ээ болушту. Динге байланыштуу тобокелчиликтер эки өлкөнүн коопсуздугуна чоң таасирин тийгизиши мүмкүн.

“Азаттык”: Террорчулукка каршы Борбор Азия өлкөлөрү чогуу күрөшө алышабы, кандай формат керек?

Куртов: Чогуу күрөшүү мүмкүн эмес. Себеби сөз исламдын радикалдуу формаларына каршы күрөш тууралуу болуп жатат. Күрөштүн артында саясий же гуманитардык уюмдар эмес, коопсуздук боюнча кызматтар турат. Коопсуздук кызматтары кызматташууга чанда гана барып, маалымат менен толук бөлүшүшпөйт. Балким террорчул уюмдардын бирдиктүү тизмелерин түзүш керек. Борбор Азия өлкөлөрүнүн көбү ЖККУ, Шанхай кызматташтык уюмдарына мүчө. Түркмөнстан гана мүчө эмес, бирок азырынча бул өлкөдө исламдык террорчулукка байланыштуу көйгөйлөр чыга элек.

“Азаттык”: 2014-жылы АКШнын жоокерлери Ооганстандан чыгат, ошону менен бирге 2014-жылы Кыргызстандагы америкалык согуштук база жабылышы мүмкүн деген маалыматтар бар, Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздукка аталган чечимдер кандайча таасир этет?

Куртов: Көп эксперттер америкалыктар Ооганстандан чыккан соң, талиптердин толкуну Борбор Азияны каптап калат деген божомолдорду айтышат. Андай эмес, Ооганстандын бийлигине каршы чыккандар бир гана талиптер эмес. Талиптер көбүнчө этностук түзүлүшү боюнча пуштундардан турушат. Пуштундар болсо Борбор Азия менен чектеш жерлерде жашашпайт, алардын түндүккө карай агылышын элестетүү кыйын.

Бирок америкалыктардын кетиши менен Ооганстанда азыркыга караганда радикалдуу өкмөт келиши ыктымал. Анда азыркы Борбор Азиядагы динден ажыратылган бийликти кулатууну каалаган агымдар активдешиши мүмкүн. Бирок алар талиптер эмес, алар азыркы Борбор Азиядагы режимдерге каршы турган адамдардан турат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG