Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Фридом Хаус: Евразияда демократия абалы осолдоодо


Фридом Хаус уюмунун маалымдашынча, Ортолук Европа менен Борбор Азиянын авторитардык башкарууга ыктаган өкмөттөрү демократияга улам аз көңүл бурушууда. Уюмдун демократиянын өнүгүүсүн изилдеген жылдык докладында Өзбекстан жана Түркмөнстанда жарандык коомдун абалы Евразия боюнча эң начар экени; Азербайжан, Тажикстан жана Беларуста бийликтин “душман көргөн адамдарды” куугунтуктоосу көбөйгөнү жана Казакстанда жумушчулардын уюмдарына каршы катаал чаралар көрүлгөнү сындалат.

Фридом Хаустун Өткөөл жолундагы өлкөлөр долбоорунун директору Силвана Габданк-Ковачковсканын айтышынча, Кыргызстанда оң жылыштар болгону менен жарым жартылай авторитардык бийлик орногон өлкөлөргө кирет:

- Кыргызстандын категориясы демейдегиден өзгөрдү. Авторитардык режим бекем орногон өлкөдөн жарым авторитардык өлкөлөрдүн тобуна өттү. Бул маанилүү өзгөрүш. Кыргызстан мындай кадам жасаган Борбор Азиянын биринчи мамлекети. Бирок Кыргызстанда узактан келаткан көптөгөн проблемалар бар. Алардын көбү Ош коогасына байланыштуу жоопкерчиликке тиешелүү. Ага катар эле тамыры терең кеткен коррупция жана юридикалык мекемелердин чабалдыгын атай кетүү зарыл.

Фридом Хаус Евразияда демократиянын начарлашын коррупция, маалымат каражаттарындагы цензура жана саясый оппозицияны куугунтуктоо менен түшүндүрөт.

XS
SM
MD
LG