Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Бармак: "Осаманы" тартууга Айтматов себепкер болду


"Осама" фильминен алынган бир көрүнүш

"Осама" фильминен алынган бир көрүнүш

Ооганстандык кинорежиссер Сыдык Бармак Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде фильм тартканы жатат, кыргызстандык режиссерлордун “Көч” тасмасы “Аль-Жазира” кинофестивалында жеңишке жетишти. Германиядагы арт-хауз киносунун фестивалында Актан Арым Кубаттын тасмасы атайын сыйлыкка татыды. "Тасма" автордук программабызда бул ирет ушуларга кайрылабыз.

Ооганстандык кинорежиссер Сыдык Бармактын аты дүйнөлүк кинодо көпчүлүккө жакшы маалым. 2004-жылы “Осама” деген фильми үчүн АКШдагы абройлуу “Алтын глобус” сыйлыгын утканда анын чындап жылдызы жанган.

Өлкөнү "Талибан" кыймылы башкарып, өкмөт киного, музыкага, театрга, дегеле, искусствонун кандай түрү болбосун, баарын четке кагып, аялдарды такыр үйдөн чыкпагыдай, эркек тууганы коштогон учурда гана көчөдө көрүнгүдөй кылып салган чакта Сыдык Бармак бир топ кыска метраждуу тасмаларын уурдатып, өзү үй бүлөсүн ала Пакистанга качат.

Учурунда Москвадагы Жалпы союздук мамлекеттик кинематография институтунда (ВГИКте) билим алган Бармак 2001-жылы Ооганстанга коалициялык күчтөр киргенден кийин мекенине кайтып, кайрадан кино тартууга киришет. Ошентип, талиптер кулатылгандан кийин өлкөдө алгачкы кино, “Осама” фильми тартылды.



Бул фильмде 12 жаштагы кыздын тагдыры сүрөттөлөт. Атасы менен бир тууган агасы согушта өлгөн Осама энесин көчөдө коштоп жүрүш үчүн чачын кыркып, эркек балача кийинип алат. Анткени талиптердин тушунда жашы кичине болсо да эркек туугандары гана аялдарды көчөдө коштоп жүрүшү керек болчу.

Акыр аягында талиптердин балдар үчүн Куранды окуткан мектебинде кыз экени ачылып калгандан соң, Осаманы базарда бир картаң чал токолдукка сатып алат. Ушуну менен кичинекей Осаманын балалыгы да, келечектен үмүтү да өчөт. Оор кулпулуу эшик, көшөгө жабылды...

"Кызыл жоолук жалжалымдын" ооганча варианты

Сыдык Бармак “Азаттыкка” сүйлөп жатып, бул оор тагдырды сүрөттөө идеясы ага тээ Москвада окуп жүргөндө эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окугандан кийин жаралганын айтты.

Режиссер Сыдык Бармак

Режиссер Сыдык Бармак

“Мен студент кезимде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп, кинолорун көргөндө ал канчалык деңгээлде адамзаттын тагдырына тынчсызданаарын сезгем. Ошол тынчсыздануу мени “Осаманы” тартууга шыктандырды, ага себепчи болду. Ал тасмада мен эгерде дүйнө ооган элинин тагдырына кайдыгер караса, анын аягы эмнеге алып келиши мүмкүн экенин көрсөткүм келген, - дейт ооганстандык режиссер. - Азыр эми 2014-жылга чейин өлкөдөн чет өлкөлүк аскерлер чыгарылып, талиптер менен элдешүү жөнүндө сүйлөп жатышат. Андан ары ооган элинин тагдыры эмне болот деген кооптонуу күч. Биздин балдарыбыздын келечеги азыр коркунучта. Бул бир эле ооган элинин эмес, бүтүндөй региондун проблемасы. Анткени бийликке фанатик-фашисттер келип калышы ажеп эмес. Мунун залакасы эртең Борбор Азия өлкөлөрүнө чейин жетишин да эч ким жокко чыгара албайт”.



"Кыргыздар отурукташсак да, оюбуз көчүп жүрөт"

18-22-апрель күндөрү Катар мамлекетинде “Аль-Жазира” даректүү тасмалардын VIII эл аралык кинофестивалында кыска метраждуу фильмдердин ичинде баш байгени Кыргызстанда тартылган “Көч” деп аталган фильм утуп алды.

Бул фильмде кар көчкүнүн айынан башка жакка көчүүгө мажбур болгон топозчулар жөнүндө баян этилет. Бул – кыргыздардын азыр эми жоголуп бараткан катаал, бирок кооз көчмөн турмушу жөнүндө баян.

Бир чети экологиялык, бир чети антропологиялык жана маданияттын сакталышы тууралуу проблемаларды камтыган бул тасманын режиссерлорунун бири, Кыргыз эл артисти Молдосейит Мамбетакунов фильмдин идеясы жөнүндө айтып берди.

М.Мамбетакунов менен А.Сүйүндүков

М.Мамбетакунов менен А.Сүйүндүков

“Биз жайында “Таш-Рабатка” барып, ал жердеги топозчулар менен таанышып калдык. Ал жерде биз көрүп жаткан белдердин арасында Чатыр-Көлгө кетчү жол бар. Ошол жерде бизге топозчулар: “Колуңар бош болсо атты минсеңер, биз силерге көлдү көрсөтүп келели”, - деп калышты. Ошондон улам ойлонуп отуруп, ушул бел жакшы экен. “Көчтү” ушул жерде тартсак кантет деп ойлонуп калдык. Берки балдар да бизге жардам беребиз деп калышты. Анан “Көчтү” эмнеге байланыштырабыз деген суроо пайда болду. Кыргыз илгертеден эле көчүп келатат. Өзүбүз отурукташып калсак да, оюбуз көчүп жүрөт, биздин тилегибиз көчүп жүрөт. Ушундай отурукташпаган ойлор, мамлекетибиз да туруктуу боло элек маал, ушуну өзүбүздүн турмуш менен салыштырбайлыбы деген ой келди. Анан биз тарткан жер учурунда өзүнчө бир цивилизациянын жолу болгон экен, соода-сатык болуп турган экен деп ойлодук. Топоз өзү бийикте жашайт, ушундай бийик жерде бийикти, эркиндикти самаган топозчулар жашайт. Бүгүнкү күндө биздин тилегибиз да ушундай бийик болбосо, биздин турмушубуз кандай болот эле? Мына ушул эки бийик нерсе айкалышып жашаган жерде “цивилизация” деген дагы бир бийик нерсе кагылышканда эмне болот? Биздин көчмөн маданиятыбыз жоголуп кетеби, эмне болот? Мына ушул суроолорго жооп издедик, - деди “Азаттыкка” “Көч” даректүү тасмасынын режиссеру Молдосейит Мамбетакунов.



Актан Арым Кубаттын дагы бир жеңиши

Ал арада кыргызстандык дагы бир кинорежиссер Актан Арым Кубат тарткан “Эненин бейиши” көркөм тасмасы 18-24-апрель күндөрү Германиянын Висбаден шаарындагы автордук же арт-хаузтук фильмдердин фестивалында атайын сыйлыкка татыды. Бул фильм Казакстанда тартылган жана сыйлык казакстандык продюсер Сергей Азимовго тапшырылды.

Режиссер Актан Арым Кубат

Режиссер Актан Арым Кубат

Актан Арым Кубат болсо былтыр бул тасмасын Чехиядагы Карловы Вары фестивалына алып келгенде “Азаттыкка” анын мазмуну тууралуу айткан эле.

Висбаден кинофестивалынын директору Габи Бабич бизге сүйлөп жатып, быйыл конкурстук программага Борбор Азиядан эки фильм кошулганын, бирөө Өзбекстандын, экинчиси Казакстандын тасмасы экенин, бирок казак фильмин тандоодо эң оболу алар режиссер Актан Арым Кубаттын мурдагы иштерин эске алышканын кошумчалады.

“Актан Арым Кубатты Германиянын автордук кино чөйрөсү жакшы тааныйт, - дейт Бабич. - Анткени анын акыркы “Свет аке” деген фильми бизде чоң ийгиликтерге жетишкен болчу. Ошондуктан биз бул ирет ал тарткан жаңы тасманы конкурстук программага киргизүүнү туура көрдүк. Мага фильм өзгөчө жакты. Ал эки баланын трагедиялуу турмушу жөнүндө айтат. Атасы Орусияга мигрант болуп кетип, кайра кайтпаган бул балдар апасы жана чоң-атасы менен кошо оор турмушту баштан кечиришет”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG