Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандагы кармоолорду айыптады


25-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду камактан бошотууну талап кылып митингге чыккан 68 киши кармалган.
25-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду камактан бошотууну талап кылып митингге чыккан 68 киши кармалган.

Эл аралык укук коргоочулар федерациясы Садыр Жапаровдун тарапкерлерин күч менен кармоону айыптады.

25-мартта баш кеңсеси Парижде жайгашкан укук коргоочулар федерациясы Кыргызстандагы жана Беларустагы митингдер, анын катышуучуларынын күч менен куулуп, таратылышы жана камалышы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Анда федерация президенти Димитрос Кристополос Кыргызстандагы камоолорду айыптады. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысына кыргызстандык укук коргоочу, учурда Европада жүргөн Төлөйкан Исмаилова маалымдады.

Кыргызстандык укук коргоочулар 27- 28-мартта Брюсселде Евросоюз өкүлдөрү менен жолугуп, өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу маалыматтарды жана сунуштамаларды беришмекчи.

Эл аралык укук коргоочулар федерациясына 112 өлкөдөн 184 уюм мүчө.

25-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду камактан бошотууну талап кылып митингге чыккан 68 киши кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG