Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

26-апрелде татар коомчулугу Габдулла Тукайдын 130 жылдыгын белгилешет. Анын өмүрү элинин көйгөйүн жана кемчиликтерин тартынбай ачык айтып, ага кызмат кылуунун үлгүсү. Акын, жазуучу, публицист, котормочу Тукай айтып кеткен проблемалар бүгүн да Орусияда жашаган татарлар үчүн актуалдуу.

Кыска өмүр деле эл үчүн үлкөн иштерди жасоого жолтоо боло албасына татар акыны Габдулла Тукайдын чагылгандай тез өтүп, эрте көчкөн тагдыр жолу мисал. Ал 1886-жылы Казандан 65 чакырымдай алыстагы Арча районундагы Кушлауч кыштагында молдонун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы беш айлыгында, апасы үч жашында көз жумат. Балапандай бала колмо-кол өтүп жүрүп, акыры бүгүнкү Казакстандын Уральск шаарына барат. Бул жерде атасына жакын эжесинин үйүндө 9 жашынан 21 жашка чейин жашап, жергиликтүү медресеге удаа орус мектепте да окуйт.

Орусиядагы 1905 -1907-жылдардагы революция убагында жана андан кийин падышалыкта татар тилиндеги гезиттер чыга баштайт. Ошол кезде Уральскиде “Фикир”(Пикир), “Ал-гаср аль-жадид” (Жаңы кылым), “Укла́р” (Жебе) деген татар тилиндеги гезит-журналдарда жаш Габдулланын ырлары жана турмуштук темадагы курч макалалары жарыяланат. Ал 1906-жылы “Өзүмө-өзүм” деген ырында акындык парзы, жашоо-турмуштагы пенделик милдетине токтолгон.

Болгум келет ак ниеттүү акылман,

Жан аябай бакытка элди чакырган.

Чын ниеттен бакыт тилейм татарга,

Бактылуумун бакыт келсе аларга.

Бакыт тилеп, татар десе жан берем,

Өзүм татар, татарлыгым калп белем!

Өз элиме көп убада бергемин,

Аткарамбы?.. Аны өзүм билбеймин.

(Камчы Жунусовдун котормосу).

Габдулла Тукайдын На́бережные Челны́дагы (татарча Яр Чаллы) эстелиги, 2011.

Габдулла Тукайдын На́бережные Челны́дагы (татарча Яр Чаллы) эстелиги, 2011.

Дагы бир ырында чылымды буркурата чегип, чаңкоосун сырага кандырып, чайканада карта чабышкан байбачаларды билимге маани бербейт, элдин түйшүгүн билбейт деп сындайт. Ал ырларында ошондой эле татарларды эне тилинде чыккан басылмаларга жазылууга, жаштарды билимге үндөп, илим-билим, поэзия жана адабиятты даңктайт. Эне тилине жана эл-жеринин сулуулугуна сыймыктанган ырларды жазат. Мисалы, “Тууган элиме” деген ырында:

Жолдоруң, айыл, кырман, үймөктөрүң,

О, айыл, аштык салган кампаларың...

.............. ...................... ..................

Букараң: чокой, байпак, кемсел кийген,

Жөнөкөй кийим-кечек - артык мунуң.

(Камчы Жунусовдун котормосу).

Ошентип Габдулла Тукай алгачкы ырлары менен публицистикалык макалаларынан тартып эле элдин түйшүгүн жазып, таламын талашкан коомдук трибунага айланат. Акындын бүгүнкү татар коомундагы руханий орду жөнүндө татар журналисти Алсу Курмаштын1 кеби:

- Габдулла Тукайдын адабий мурасы ар дайым татар элине жакын болгон. Кызыгы, саясый режимдер өзгөргөн сайын анын жаңы аңгемелери, жаңы ырлары ачылат. Тукай акын, жазуучу эле эмес, күчтүү публицист да болгон. Совет мезгилинде Габдулла Тукайдын улутчул мазмундагы ырлары менен публицистикалык макалаларынын бир тобуна тыйуу салынган эле.

Я. Д. Коблов: Татарлар орустардан да сабаттуу

XX кылымдын башында татар маданияты түрк элдеринин ичинен эң алдынкы маданият болгондуктан, аларда коомдук аң сезим, санаа, адабият жана көркөм өнөр башка элдерден өйдө турган. “Орусиянын чыгыш бөлүгүндө жашаган элдер арасында мусулман татарлар сабаттуулук жагынан биринчи орунда турат. Алардын сабаты орустарга салыштырганда да жогору. Татарлар тегине карабай өз дининин негизин билет, татарча жаза жана окуй алат”,- деп жазат тарса миссионери Я. Д. Коблов 1908-жылкы бир макаласында. Бирок бул абалга татар интеллигенциясы, анын ичинде Габдулла Тукайдай турмушка сергек карап, элинин болочогун ойлогон эр азаматтары канааттанбайт.

Габдулла Тукайдын 126 жылдыгы Ыстамбулда белгиленүүдө. 14-апрель 2012.

Габдулла Тукайдын 126 жылдыгы Ыстамбулда белгиленүүдө. 14-апрель 2012.

- Ал 1907-жылы Россиянын Мамлекеттик Думасын элдин көйгөйүн чечпейт деп сындаган. Эки Мамдумада тең Уфадан да, Казандан да депутаттар болгон. Татар депутаттар татар жеринде татар мектептери аз экенин, билим берүүнүн абалы начар экенин такай айтышкан. Аларга орус депутаттардын улутчулдары каршы чыгышкан. Бул жагдайды Габдулла Тукай өз макалаларында ачык жазды. 1907-жылы Мамдуманын отуруштарынын биринде бир орус депутат татар депутаттарды Түркияга көчүп кеткенге чакырган. Ошондо Габдулла Тукай жазган ырдан алты сап окуп берейин.

Жүзү кара адамдар бизге болбос ишти сунуш этти:

Силерге мында эркиндик жок, султан жерине кеткиле! - деди.

Кетпейбиз биз, ал жакта мындагыдан да кыйын болот.

Мындагы он тыңчы ордуна ал жакта он беш тыңчы болот.

........... ...................................

.......... ................. ...... ............

Биз көчөбүз, обол көчсүн биздин калаа-шаарлар,

Биз бул жакта баштан өткөн айбар жашоо жылдар.

Бул жерде туулуп өстүк, бул жерде ажалыбыз.

Бул жерге теңир түбөлүккө байлаган бизди.

Эң бийик максатыбыз: эркин өлкө, эркин Россия!

Козголбойбуз ордубуздан, жүзү кара сүйлөбө!

Апачык жооп мына, түбөлүккө басылган:

Если лучше вам,

Туда сами пожалте, господа!

(автордун сөзмө сөз котормосу)

Москвалык татарлар Габдулла Тукайдын 128 жылдыгын майрамдашууда. 26-апрель, 2014.

Москвалык татарлар Габдулла Тукайдын 128 жылдыгын майрамдашууда. 26-апрель, 2014.

Арийне, мурдагы Советтер Союзундагы “интернационализм” идеясына жамынып, орусташтырууну көздөгөн коммунисттик жетекчиликке Габдулла Тукайдай улуттук аң сезимди козгогон чыгармалары жакпагандыктан тыйуу салынган. Ал ырлар жана публицистикалык макалалар акыркы жылдары гана басылган. Тукай козгогон проблемалар али да толук чечилбеген: мектептер улам азайып бараткандыктан акыркы жылдары татар тилинин колдонуу чөйрөсү да тарып барат,-дейт Алсу Курмаш.

- Габдулла Тукайдын өлгөнүнө 103 жыл болду. Бирок ал айткан проблемалар эч өзгөргөн эмес. Татар мектептер жабылууда. Татарча маалымат булактары жокко эсе, татарча маалымат аз. Анын кесепетинен көчөлөрдө жана үйдө татарча аз сүйлөшүлөт. Татар мектептери аз болгондуктан, балдар күн бою орусча сүйлөшүп жүрүп, үйүндө 2-3 саат гана эне тилинде сүйлөшөт. Бул тилди өнүктүрүүгө жетишсиз. Татар тилинде университеттер да жок. Татарча китептер да аз басылат жана аз жазылат. Мына ушундай жагдайда Габдулла Тукай абдан актуалдуу.

“Аргументы и факты” жумалыгынын маалыматына ылайык, 2009-жылы Татарстанда татар тилинде окуткан 1061 мектеп болсо, 2013-жылга 854 мектеп калган. Анын натыйжасында, эне тилинде окуган балдар 48,4 % - 43, 6 % чейин азайган.

Эки калемгер элинин "шору" жөнүндө

Бул жерде Габдулла Тукайдын замандашы, татар адабиятынын классиги Гаяз Исхаки 1904-жылы айтып кеткен бир ой эске түшөт. “Улут рухун бекемдөө үчүн мектептер, окуу жайлар (училища), театрлар, биздин жашоо тууралуу эне тилибизде жазылган китептер керек. Мунун бири да бизде жок! Мунсуз улуттун келечеги жаркын боло алабы? Же ишти колго алабыз же жок болобуз!” деп жазган Гаяз Исхаки “200 жылдан кийинки кайра төрөлүү” деп аталган футуристтик романында. Бир кылым мурда айтылган бул ачуу чындык Орусиянын колтугундагы майда элдер түгүл глобализация заманында улут тилинин өнүгүүсүнө маани бербеген калкы 10 миллиондон кем улуттар үчүн да чоң илдет. Берегидей коркунучту

Г. Тукайга арналган балдардын фольклордук фестивалы. Оренбург, 2012.

Г. Тукайга арналган балдардын фольклордук фестивалы. Оренбург, 2012.

баштан кечирип жаткан татарлар адабий тилинин негиздөөчүсү Габдулла Тукайдын 130 жылдык мааракесин утурлай эне тилин сактоо жана акындын ойлорун түшүнүү боюнча түрдүү иш чаралар өткөрүшүүдө.

- Габдулла Тукайдын мындай мазмундагы ырлары жана аңгемелери совет заманында анча популярдуу эмес болчу, - дейт Алсу Курмаш. - Азыр анын чыгармаларына кызыгуу өсүүдө. Мен билгенден мурда тыйуу салынган бардык эмгектери басылды. Бүтүн дүйнөдөгү татарлар жашаган жерлерде: Канаданын Монреаль жана Торонто шаарларында, АКШнын Калифорния штатында, Вашингтондо, Нью-Йоркто, Аризонада, Европанын түрдүү мамлекеттеринде Габдулла Тукайга арналган кечелер өтөт. Анда акындын чыгармалары окулуп, “Габдулла Тукай эмне үчүн бизге керек?” деген темада талкуу болот. Мунун бардык чыгымын татар жамааттары, эл көтөрөт. Дагы бир кызык нерсе: Тукай азыр адамдарды көчөгө демонстрацияга чыкканга үндөйт. Бул күндөрү Казанда Татар жаштар форуму “Мен татарча сүйлөйм” деген акцияны уюштурууда. Бул саамалык үчүн Тукайдын “Чык көчөгө, жетти убакыт” деген сабын ураан кылып алышты. Жаш акын Жылдыз Минулина да Габдулла Тукайды туурап, “Чык көчөгө, жетти убакыт” деген манифест-ыр жазган. Алар жаштарды көчөгө чыгып, бийликке саясый нааразылыктарын билдиргенге чакырат.

Тукайдын искусствого таасири

Габдулла Тукай 27 жыл жашаганына карабай (1913-жылы 15-апрелде Казанда ааламдан көчөт) Теңир берген чыгармачыл кудуретинин күчүн көзүнүн тирүүсүндө эле көргөн. Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда, Тукай Казанда “ал-Ислах”(Реформа) гезитинде иштеп жүргөн кезде аны көргөнү келген аялдардан тартынып, редакцияга кире албай

Г. Тукайга арналган "Шурале өлкөсү" деген көргөзмөдөн бир көрүнүш. Ижевск, 31-январь, 2014.

Г. Тукайга арналган "Шурале өлкөсү" деген көргөзмөдөн бир көрүнүш. Ижевск, 31-январь, 2014.

көпкө чейин айланчыктап жүргөн учурлар болот. Габдулла Тукай сырткы кебете-кепширине көңүл бурбаган. Анысына карабай, акын менен таанышууга умтулган сулуулар көп болуптур. Бирок акын өзүнчө очок жагып, артында туяк калтырганга үлгүрбөйт. Габдулла Тукай татар адабияты түгүл татар маданияты үчүн кайталангыс талант, ээлеген орду бийик өнөрпоз. Себеби анын чыгармалары улуттук аң сезимди ойготуп, музыканын, живопистин, театрдын өнүгүшүнө чоң дем берген. Алсак, Габдулла Тукайдын поэзиясы композиторлорго опера, балет, кантата, симфониялык музыка жазганга илхам берген. Живописке кайрылсак, Тукайдын 125 жылдыгына анын чыгармаларына 125 иллюстрация жасалса, Казандагы “Шуралле жана Мен” деген көргөзмөгө Орусиянын ар кайсы шаарларында эмгектенген сүрөткерлердин 300дөй картинасы коюлган. Ошон үчүн Габдулла Тукайдай зор акындын поэзиясын жашоодон бөлүп караганга болбойт. Анткени акындын адабий мурасы тирүүлөр менен жашайт, көкөлөйт, мазмуну кеңейип да, океандай тереңдеп турат.

----------- ---------------------

1Алсу Курмаш Габдулла Тукайга ата жактан жакын тууган болот.

2 Габдулла Тукайга арналган аудиоберүүдө акындын “Тууган эл” деген ырын Татар эл артиси Зухра Сахабиева аткарды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG