Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

Кыймылсыз мүлккө болгон жаңы салыктын түрү кыйла адамга оор тийиши ыктымал. Мындай салыктын түрү - электр жарыгы, жылуулук, ысык сууга баалардын эселеп кымбатташын коштоду.

Сунушталып аткан салык кодексинин мыйзам долбооруна ылайык, аянты белгиленген чектен ашкан кыймылсыз мүлктөрдөн салык алынат. Буга чейин кыймылсыз мүлк үчүн мындай салык алынчу эмес.

Маселен, өлкөдөгү калкы 500 миңден ашкан шаарларда батирлер үчүн 80 квадрат метрден, жеке үйлөр үчүн 150 метр квадрат метрден ашкан убакта кыймылсыз мүлк салыгын төлөө керек болот. Буга Бишкек жана Ош шаарлары кирет. Ал эми өлкөнүн калкы аз аймактарында башкача. Эгер 10 миңден 20 миңге чейин адам жашаган жерди алсак, батир үчүн 230 метр квадраттан, жеке үй үчүн 300 метр квадраттан ашканда гана салык алынат. Жалпы өлкө боюнча эсептей келгенде бардык кыймылсыз мүлктүн 1 пайыздайы бул салыкты түрүнө кирмекчи.

Мыйзам долбоорго ылайык кыймылсыз мүлк салыгынын суммасы батирдин же жеке үйдүн жайгашкан орду, аянтына жараша да болмокчу. Ага ылайык, эгер мыйзам долбоор күчүнө кире турган болсо шаардын чок ортосундагы 80 квадрат метрден ашкан батир ээлери 1,2 аймактык коэффицентине чейин салык төлөшөт. Бул аймактык коэффицент 0,3 көрсөткүчүнөн башталып, Бишкек жана Ош шаарларынын кайсы аймагы кандай коэфицентке туш келе турганын Жогорку Кеңеш аныктайт. Турак-жайлар үчүн салыктын көлөмү, салык алына турган сумманын 0,35 %ын түзөрү мыйзам долбоордо көрсөтүлгөн.

Кыймылсыз мүлк салыгын аныктоо төмөнкүдөй болмокчу: оболу салык алына турган жайдын бир квадрат метринин баасы аныкталат. Ал баа кыймылсыз мүлктүн кандай материалдан жасалганына да жараша болмокчу. Маселен, ылайдан жасалган турак-жайдын бир метр квадраты 10 000 сомго чейин бааланса, бетондон жасалган куралма үйлөрдүкү 14 000 миң, кирпичтен курулгандардыкы 15 000 сомго чейин бааланат.

Кыймылсыз мүлк үчүн канча төлөөрүңүздү билгиңиз келеби?

Бишкектеги 25 жыл мурда курулуп, аянты 100 квадрат метр болгон батирдин мисалын карап көрөлү. Бишкек шаарынын калкы 500 миңден ашкандыктан бул батирдин салык алынбаган бөлүгү 80 квадрат метр. Демек салык алына турган бөлүгү 20 квадрат метр. Салык кызматынын аныктамасына ылайык, 25 жыл мурда курулган турак-жайдын метр квадраты 13 000 сомго барабар. Эми бул жайдын кайсы аймактык коэффицентке туура келерин гана аныктоо керек. Азырынча Бишкек шаарынын аймактык коэффиценттери аныктала элек. Бирок ал орточо 1.0 санына барабар. Эми турак-жайдын бир метр квадратынын баасын (13000) анын салык алынчу бөлүгүнө (20) жана аймактык коэффицентине (1.0) көбөйтүп, салык алына турган сумманы (260 000) табуу керек. Алынган сумманы (13000 * 20 * 1.0 = 260 000) салыктын көлөмүнө (0,35 %) көбөйтүп, жылдык салык 910 сомду түзөрүн билебиз. Ушундай эле жол менен салык алына турчу бардык кыймылсыз мүлктүн жылдык салыгынын суммасы аныкталмакчы.

Бирок мындай эсептөө 2011-жылдан кийин гана ишке киргизилмекчи. Ага чейин эки жыл бою шарттуу белгиленген салык түрү иштеп, Бишкек менен Оштогу 80 квадрат метрден 150 квадрат метрге чейинки батирлер жылына 4000 миң сом, 150 метр квадраттан 200 метр квадратка чейинкилер 600 миң сомдон салык төлөшөт. Жеке үйлөрдүн 150 метр квадраттан 250 метр квадратка чейинкилери 6000 сом, 250 метр квадраттан 350 квадрат метрге чейин 10 000 сомдон төлөшөт.


Кыймылсыз мүлк салыгы тууралуу пикирлер ар түрдүү

Салыкчылар мындай салыктын түрү анча оор эместигин, башка өлкөлөрдө бул эбактан бери бар экенин айтышканы менен коомчулукта ага каршы болгондор бар. Адистердин айтымында, ансыз да электр жарыгы, газ, ысык суу жана жылуулукка болгон баалар эселеп өсүп аткан чакта мындай салык көп адамга оор тийиши мүмкүн.

Кыргызстандын ишкерлер коомчулугу да мындай салыкты киргизүү эртелик кыларын, бир жагынан экономикалык кризис бучкактап, өндүрүш аксап турганда жаңы төлөмдөр ишкерлерге кыйынчылык туудурарын айтышат.

“Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин пикиринде, турак-жай сатып алуу үчүн адамдар айлап-жылдап салык төлөп, акча топтошот. Андыктан аны алгандан кийин да салык төлөө бүгүнкүдөй шартта артык баш болмокчу:

- Чынында, мурдатан жон тери менен таап, салык төлөп отуруп тазаланып чыккан акчага сатып алган мүлккө кайрадан экинчи жолу, үчүнчү жолу салыктар салынбаш керек. А биздей кандай болуп атат? Биз мисалы акчаны салыктардын баарын төлөп туруп анан таап атабыз да. Ошол өзүбүздүн таза акчага алган мүлккө кайра баштан салык төлөп отурбаш керек эле.

Салык кызматынын Мыйзам чыгаруу иштери башкармалыгынын жетекчиси Расым Айдаралиеванын айтымында, башка мамлекеттерде мындай салыктар мурдатан бар. Бул салыктар ошол кыймылсыз мүлк турган жергиликтүү өкмөттүн эсебине түз түшүп, ал жердин инфраструктурасын жакшыртууга жумшалмакчы:

- Бул салыктын түрүнүн терс таасири жок. Мисалык, Салык кодексинин долбоорунун 13-бөлүгүндө эки жолу салыктын алынышына жол бербеген нормалар киргизилди. Ага ылайык, кыймылсыз мүлккө болгон салыктын суммасы алына баштаганда, ошол турак-жай турган жерге болгон салык алынбайт. Ошондой эле долбоорго ылайык өлкөдөгү 99 пайыз турак-жай бул салыкты төлөшпөйт.

Ушул тапта Салык кызматынын жогорудагыдай мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кароодо. Бирок салык кодексин жакшы билген ишкерлер аны кабыл алууга шашылбай туруу керектигин айтышууда. Ишкерлердин айтымында, соңку кездери салык кодексине айрым өзгөртүүлөр киргизилип, ишкерликке кыйла ыңгайлуу шарттар камсыздалгандай болгон. Эми салыктын бул түрү кайрадан ишкерлердин демин суутушу ыктымал.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG