Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Өнүккөн өлкөлөрдө билим берүүчүлөрдүн эмгек акысы он миңдеген доллар болуп, мамлекеттик чиновниктердикинен да жогору болсо, жакыр өлкөлөрдүн мугалимдери арзыбаган тыйынга бала окутууда.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун маалыматы боюнча, Португалия, Швейцария, Швеция жана Британиянын ички дүң продукциясынын 40 пайызы билим берүүгө жумшалат.

Америкада жылына бир окуучунун билим алуусуна 12 жарым миң доллар коройт. Ал эми өнүгүп келе жаткан Аргентина, Бразилия, Чили, Кытай жана Мексикада бир окуучунун жылдык чыгашасы 4-5 миң доллар. Ушундан улам мугалимдердин айлыгы да жумшалган акчага жараша эсептелет.

Европа Комиссиясынын 2011-жылдагы чечими менен германиялык мугалимдин орточо маянасы жылына 38 200 евродон 51 400 еврого чейин бекитилген. Бирок алар айлыкты иш-тажрыйбасы, жумушунун оордугуна жараша ар кандай категория менен алышат.

Германиядагы орто мектептин мугалими 42-58 миң, жогорку окуу жайдагылар 45 миңден 64 миң еврого чейин алышат.

Америкада мугалимдерге айлык Германиядагыдай эле иштеген жылы, тажрыйбасы жана даражасына жараша төлөнөт. Бирок орто мектепке биринчи барып иштеген мугалимдин баштапкы маянасы жылына 35 миң доллар. Жыл өткөн сайын буга ар кандай бонустар, пайыздар кошула берет деп кабарлайт Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму.

Европа Биримдигинде болгар мугалимдери гана эң аз айлык алган тизмеде турат. Алардын жылдык кирешеси 4 300 евро болуп, керектөө талабына жетпей, өп-чап жашашат.

Дүйнө жүзүндө аз айлык алган мугалимдер Камбоджа, Индия, Нигерия жана мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттерде. Нигериянын мугалимдери айына 100 евро айлык алат деп айтылганы менен аны төлөө маселесине келгенде өкмөт мугалимдерди бир топ кыйнайт.

Мындай аз айлык Кыргызстанда да катталууда. Бийлик билим берүү менен саламаттык жаатына канчалык көп каражат жумшабасын, биздеги мугалимдердин айлыгы өзүн бакканга өп-чап жетип, бирок үй-бүлөсүнө жетпей калат дейт мурда мугалим болуп иштеген Сапарбек:

- Менин өзүмдүн оюм, биздеги мугалимдин айлыгы өзүнө гана жетиши мүмкүн. А бирок анын аялы, бала-чакасы бар да. Бизде орто эсеп менен окуткан саатына карап 5 миң сомдон 7 миңге чейин маяна алышат. Кенен жашоо үчүн акча эч качан эч кимге жетпесе керек. Бирок менимче орточо 20 миң сом алса, кыргыз мугалими үчүн үй-бүлөнү бакканга жетсе керек деп ойлойм.

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев буга чейин "Азаттыкка" берген маегинде мугалимдин айлыгын көтөрүүгө болорун, бирок ага бөлүнгөн акча кантип, кайда сарпталары бүдөмүк экенин айткан эле.

- Биз кесиптик кошуун өкүлдөрү менен эмгек акыны сабактардын саатына эмес, мугалимдин эмгек тажрыйбасына жана азыркы социалдык абалга карата бөлүштүрүү боюнча талкуулап, сунушту өкмөткө жиберебиз. Бизде жалпы ички дүң өнүмдүн 20 пайызы билим берүү тармагына жумшалат. Бул каражат 17-23 миллиард сомго барабар, мындайча айтканда, түзүк эле акча. Бирок эч ким аны сарптоонун ички структурасын билбейт. Депутат болуп отурган мен да билбейм. Ошону текшерели деп жатабыз. Байкашымча, акча негизинен айлыкка эмес, иш-чараларды өткөрүүгө, материалдык абалды чыңдоого эле жумшалат.

Дүйнөдө азыр аз айлыктын айынан мугалимдердин жетишсиздиги келип чыкты. 2015-жылга чейин 1,7 миллион мугалим жетишсиз болмокчу. Жакыр өлкөлөрдө бул маселе оор бойдон калууда деп кабарлайт UNESCOнун Статистика институту. Кесипкөй мугалимдер маянасы жогору башка адистиктерге кетип жаткандыктан, жакынкы жылдары аларга болгон жетишпестик 5,1 миллионго чыгары күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG