Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Илимдер академиясында түрдүү техникалык шайбандарды, жабдыктарды өнүктүрүүгө, ойлоп табууга багытталган институттар бар. Алар ушул тапта каражат жагынан өксүп турганын айтышууда. Бирок бийлик өкүлдөрү маселе бир гана каражатта эле эмес экендигин белгилешет.

Мындан мурдараак президент Курманбек Бакиев Кыргызстанда инновациялык технологияларды өнүктүрүү, технопарктарды түзүү жаатындагы демилгелерге чоң колдоо көрсөтүлөрүн айтып, ага жол ачуу үчүн Жогорку Кеңеште атайын мыйзам долбоору даярдала баштаган. Өкмөт өз кезегинде Улуттук илимдер академиясындагы технологияларга тиешелүү институттарга кылчайып, IT же болбосо алдыңкы маалымат технологияларын өнүктүрүүнүн аргаларын издей баштады.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов дал ошол алдыңкы технологиялар маселеси менен Илимдер академиясындагы технологияларга байланышкан институттарда болду.

Машина жасоо институту, Автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар институту сыяктуу жайларда болгон вице-премьер-министрге Илимдер академиясынын жетекчилиги негизинен каржаттын тартыштыгы ишке тоскоол болуп турганын, болбосо алардын ойлоп табуулары батыш өлкөлөрүнүкүнөн кем калбасын билдиришти.

Илимдер академиясынын вице-президенти, профессор Туратбек Оморовдун айтымында, алар чыгарган техникалык каражаттар сапаты жагынан өнүккөн өлкөлөрдүкүнөн кем калышпайт жана баасы алардыкынан бир кыйла эсе арзан. Эгер мамлекет көмөк көрсөтсө ал техникаларды массалык түрдө чыгарууга болот:

- Маселелер, проблемалар бизде абдан көп. Биринчиден каражат жагы начар. Бирок ошого карабай жаңы нерселерди жасап атабыз. Бургулай турган аппараттар, эски асфальттарды талкалап, жолдорду кура турган автоматтар, тоолорду тешип, темир жолду кура турган аппараттар, аралыктан башкаруучу электроникалык техникалар... Ошолорду жасап атабыз.

Илимдер академиясынын технопаркы ал жактагы институттардын ачылыштарын, ойлоп табууларын өндүрүшкө киргизүү максатын көздөйт. Ал технопарктын директору Роман Оморовдун айтымында, ошол жаңы технологияларды чыгарууну каржылай турган инвесторлорду табуу маселеси кыйынга турууда:

- Биздин институттар жаңы нерселерди жасап атышат. Бирок продукцияны чыгарыш үчүн станоктор керек да. Аларды иштетиш керек. Ага болсо инвестиция керек. Ошол жагы бизде чечиле элек проблема болуп атат. Инвестор тартыш керек. Ал үчүн көргөзмөлөргө катышып, “биздин мобундай ачылыштар бар, өндүрүшкө киргизсе болот” деп кызыктырыш керек.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун айтымында, эгер Илимдер академиясында жасалган техникалык каражаттар, шайбандар чындап эле пайдалуу экендиги аныктала турган болсо, аларды массалык өндүрүшкө чыгарууну колго алуу керек. Ал үчүн оболу ошол техникалык ойлоп табууларды чет элдик түрлөрү менен салыштырып, иликтеп, эсептеп чыгуу зарыл.

Илимдер академиясындагы институттар жаңы технологияларды ойлоп табууда маркетингдик иликтөөлөргө таянышкан эмес. Менежменттин бирден-бир милдети болгон маркетингдик иликтөөлөр жүргүзүлбөгөнүнө ичи чыкпаган Ө.Бабанов, өкмөт тарабынан башкача иштөө жаатындагы сунуштар жасала турганын билдирди. Ошол себептүү ал, бул жаатагы маселелер каражат бөлүнсө эле чечилип калбасын кыйытты:

- Илимдер академиясынын иштерин кайрадан карап чыгып, жаңы көз караш менен биз өзүбүздүн сунушубузду киргизели деп атабыз. Башкача кыймылдап, иштөө үчүн. Анткени мен булардан эң негизгиси “маркетингдик иликтөөлөр барбы” деп сурадым. Бирок мен толук канааттандыргандай жооп алган жокмун. “Биздики жакшы, биздики жакшы” дешет, бирок толук жооп жок.

Экономист Талант Кемеловдун пикиринде, кандай гана тармак болбосун аны билимдүү менежер башкарганы дурус. Маселен, Саламаттыкты сактоо министрлигин башкаруу үчүн сөзсүз медициналык билимдин кереги жок. Ал үчүн мыкты башкаруучулук билимге ээ болуу жетиштүү. Ошол сыңары жогорудагы институттардын да бир кенемтеси ушунда болушу ыктымал. Муну Ө.Бабанов да өз сөзүндө ачык билдиргендей болду. Эми ал өкмөт киргизе турган сунуштарга жараша болмокчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG