Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Өспүрүмдөрдөгү “сексуалдык революция”


UNICEF: СПИД кантип жугаарын Кыргызстанда окуучулардын бир гана пайызы билет
UNICEF: СПИД кантип жугаарын Кыргызстанда окуучулардын бир гана пайызы билет

24-февралда ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жаштардын ВИЧ/СПИД, баңгичилик, алкоголизм, тамеки тартуу жана сексуалдык жүрүм-турум боюнча билимин, мамилесин аныктаган изилдөөсүн жарыялады.

Бул изилдөөгө мугалимдер жана ата энелердин да пикирлери камтылган. Анда негизинен маалымат жагынан балдар менен ата-энелердин ортосундагы ажырым чоң экени көрсөтүлдү. Ата-энелер балдарынын сексуалдык жүрүм туруму туурасында маалымдуулугу аябай эле аз деп айтышыптыр. Изилдөөгө катышкан 8-11- класстын окуучуларынын 10% жыныстык катнашка 14 жашынан барганын белгилешкен.

”Бул жаатта алгылыктуу кадам эле өспүрүмдөргө өз мезгилинде туура маалыматтарды жеткирүү, көбүрөөк балдарды уга билүү зарыл”, - дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Тимати Шаффтер:

- Албетте, биз чоңдор балдар менен көбүрөөк сүйлөшүүбүз керек. Алардын пикирлерин көбүрөөк угуубуз зарыл нерсе. Ошондой эле биз өспүрүмдөр менен ВИЧ/СПИД жана жыныстык мамиле туурасында кыйла эрте жашында сүйлөшүп башташыбыз керек. Баарынан кызыгы ата энелелер жогорудагы темада балдар менен мугалимдер иш алып баруусун каалашат экен. Ошон үчүн бул маселеге тийиштүү министрликтерди тартып мамлекеттин алдында кабыргасынан коюу зарыл.

Изилдөөдөгө таянсак мектеп окуучулардын 50% бир жолу болсо да тамеки тартып көргөн, бир пайызы баңгизат колдонгон, 10% жыныстык катнашта болушканы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда мектеп окуучуларынын араң бир пайызы ВИЧ/СПИДдин жугуу жолдорун туура көрсөтүп бере алганы айтылды. Ал эми баңгизаттын адамдын организмине тийгизген таасири тууралуу бир да окуучу жооп бере алган эмес.

ВИЧ/СПИД жаатындагы мамлекеттик эксперт Айнагүл Исакова бул учурда окуу программага тезинен атайын сабакты киргизүү зарыл деп эсептейт:

- Негизи мектептерде өзүнчө сабак киргизилсе, дурус болмок. “Адеп” сабагы буга чейин киргизилген деңизчи, бирок бул сабак азырынча кыргыз тилдүү мектептерде гана берилип келатат, ал эми орус тилдүү мектептерде ал окутулбайт. Анан да бул дарсты дипломдуу даяр мугалимдер беришсе, жогорку деңгээлдеги билимди бермек да. Анан бул мугалимдерге эл аралык уюмдар менен биргеликте эле мамлекет жакшы каражат менен колдоо көрсөтүп турса элибиздин келечегине кам көрүлмөк.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы Билим берүү министрлигинин расмий өкүлү Валентина Горкина атайын сабак киргизүүгө мамлекеттин күчү жетпейт деп ойлойт. Анын ишениминде, мектептерде азыр окутулуп жаткан сабактарга гана өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Жалпысынан Горкина айым окуу программасын кайра карап чыгууга мезгил келди деди.

- Атайын бир сабактын киргизилиши чындыкка жакындабайт. Ансыз деле окуу программасы окуучулар үчүн кыйла оор берилген. Негизгиси каражаттын жетишсиздиги тоскоолдук берет. Биздин эсептөөлөргө караганда жаңы предмет үчүн мугалимдердин бир жылдык айлык акысына эле 2 млн. АКШ доллары керек болот. Анан да дени сак жашоону калыптандырууга жана өспүрүмдөрдү жоопкерчиликтүү жүрүм турумга үйрөтө турган мугалимдерди табуу кыйын. Ошон үчүн бул маселени майдалап сабак аралык байланыш жолу менен чечсе болот. Мисалы, баңгизат жана аны колдонууну, зордук зомбулукту, дискриминацияны “Адам жана коом” сабагына киргизсе болот. Башка маселелерди да тийиштүү сабактарга бөлүп киргизүү - туура нерсе.

Деген менен окуу системасын өзгөртүү үчүн кайра эле мугалимдерди даярдоодон өткөрүү керек, китептерди кайра басып чыгаруу абзел. Ал эми ата энелер балдары менен ВИЧ/СПИД, баңгичилик жана жыныстык катнаш темасында сүйлөшүүдөн баш тартып турган мезгилде, өспүрүмдөр дале жоро-жолдошторун бардык темада мыкты “мугалим” катары эсептешет.

XS
SM
MD
LG