Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Тегерандагы өрттөн имарат кулады


"Плаксо" имараты 1962-жылы курулган.
"Плаксо" имараты 1962-жылы курулган.

Ирандын баш калаасы Тегерандагы көп кабаттуу имарат кулап, кеминде жыйырмадай өрт өчүрүүчү набыт кетти. Бул тууралуу “Фарс” агенттиги калаа мэрине шилтеме кылып жазды.

Күбөлөрдүн айтымында, 17 кабат имарттагы өрт таңкы саат сегиздерде тутанган. Ошол себептен ал жерде иштегендердин көбү жумушуна келе элек болчу.

Өрттү өчүрүү процесси башталгандан көп өтпөй имарат кулап түшкөн. Жергиликтүү тургундардын бири мындайча сүрөттөйт:

- Кырсык болжол менен эртең мененки саат сегиз жарымдарда болду. Мен алгач имарттын ичинен өрт жана түтүн чыгып атканын көрдүм. Биздин балдар көчөдө акча алмаштырып жаткан. Андан соң эле имарат кулап түштү.

“Фарс” маалымат агенттиги кабарлагандай, имараттын ичиндеги өрт өчүрүүлөрдүн көбү уранды алдында калышкан. Алардын кеминде жыйырмадайы мерт кетип, кырктан ашууну жараат алды. Издеп-куткаруу иштери дагы улантылып жатат.

Өлгөндөрдүн көбү өрт өчүрүчүүлөр
Өлгөндөрдүн көбү өрт өчүрүчүүлөр

Тегерандын мэри Багхер Халибаф кулаган имараттын ичинде 25тей өрт өчүрүүчү болгон деген божомлдор барын айтты.

Ал эми ИРНА маалымат агенттиги 45тей өрт өчүрүүчү жарадар болгонун жазды.

"Пласко" деген аталыштагы имарат борбордогу чоң базардын жанында жайгашкан. Базардагы соодагерлер да көп кабаттуу үйдө өрт тутанар замат коопсуз жайларга чыгарылышкан.

Ошол жердеги сатуучулардын бири урандылардын алдында имараттын кароолчулары жана түнкү нөөмөттө иштегендер да калышканын айтты:

- Имарат толугу менен урап түштү. Өрт өчүрүүчүлөрдүн алгачкы бригадасын басып калды. Көптөрү өлдү, жарадарлар да көп. Ошол үйдүн кароолчулары жана түнкү нөөмөттө иштегендер да качып чыгууга үлгүрбөй калышты деп көргөндөр айтып жатышат. Имарат аларды да басып калыптыр.

Имаратта буга чейин да бир жолу өрт чыкканын “Ташим” маалымат агенттиги жазды. Ал эми өрткө каршы күрөшүү департаментинин маалымат катчысы Ялал Малеки имаратта коопсуздук стандарттары бузулганы маалым болгонун билдирди.

- Тепкичтерде биздин эскертүүбүзгө карабай кийимдер жыйналып турчу. Албетте бул коопсуздук эрежелерине каршы келет. Жетечилик буга көңүл бурчу эмес.

Полиция окуя болгон аймакты курчоого алды. Өтө чыккан жерден алыс эмес Британия жана Түркиянын элчиликтери жайгашкан.

1960-жылдары курулган Пласко имараты Тегеранда көтөрүлгөн көп кабаттуу имараттардын алгачкысы болгон. Анын ичинде негизинен соода борборлору жана кийим тигүүчү цехтер бар эле.

Тегеранда көп кабаттуу имарат өрттөнүп кулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG