Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Индонезияда терористтер жазган китеп сатыкка түштү


Индонезия - Балидеги жардыруулардын эртеси, 13-октябрь, 2002-жыл
Индонезия - Балидеги жардыруулардын эртеси, 13-октябрь, 2002-жыл

Жакартада Балидеги кош жардыруу үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган 3 кишинин өмүр баяны сатыкка түштү. Былтыр Индонезия өкмөтү анын басып чыгарылышын токтотуп койгон эле. Окурмандардын айрымдары ал исламчыл согушкерлердин бурмаланган түшүнүктөрүн баяндайт дешет.

Бали жардыруусу үчүн айыпталып, өлүм жазасына тартылган 3 киши жазган китептердин жыйнагы Жакартанын чакан дүкөндүнө сатылууда. Анын ээси Хилмандын айтуусунда, китепке болгон талап өтө жогору. Бул - китептин популярдуулугуна эмес, анын копиясын табуу кыйынчылыктарына байланыштырылууда.

“Азапкөйлөрдүн үчилтиги” деп аталган жыйнак Амрози бин Нурхасим, анын агасы Али Гуфрон жана Имам Самудранын өмүр баяндарын жана алардын жазууларын камтыйт. Авторлор былтыр ноябрда соттун өкүмү менен атууга кеткен. Алар 2002-жылдын 12-октябрында Бали аралындагы курортто кош жардырууну ишке ашыргандыгы үчүн айыптуу деп табылган. Кол салуу 202 бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган. Терроризм маселелери боюнча эксперттер китеп былтыр эле жарык көрмөк, бирок Индонезия бийлиги анын чыгышын кечеңдеткен дешет.

Жыйнактын биринчи китеби Имам Самудранын жазгандарын камтыйт. Ал жасаган кылмышы үчүн акырына чейин өкүнгөн жок жана өлүмү үчүн өч алынаарын айтып келди. Самудра жүздөгөн кишинин өлтүрүлүшүн “жихад” деп актаган.

Экинчи китеп “жылмайган жардыруучу” деген атка конгон Амрози бин Нурхасимдин өмүр баянына негизделген. Кылмышкерге сот процессинде дайыма күлүп жүргөндүгү үчүн андай ат берилген. Анын агасы Али Гуфрон атууга кетээрдин алдында Индонезиядагы жана дүйнө жүзүндөгү мужахиддин согушкерлер анын өчүн алышат деп кабарчыларга айткан.

Жакартадагы журналисттердин айтымында, китепке негизинен мусулмандар кызыгышууда. Алар китептин динге эч кандай тиешеси жок деп ырасташат.

Баш калаанын жашоочусу Сукамто китепти терористтерге жан тарткандыгы үчүн эмес кылмышкердин бурмаланган түшүнүктөрүн аңдоо үчүн сатып алганын айтат:

-Мен аны окуп чыктым. Китеп эмне жөнүндө экенине гана кызыккам. Жаман менен жакшыны айырмалоого биздин элдин акылы жетет деп ойлойм.

Зулкарнайн деген киши Имам Самудранын жазгандарын окуп чыккандан кийин китеп башкаларды теракттарды жасоого түртпөйт деген оюн ортого салат:

-Китеп биздин элге терс таасир этет деп ойлобойм. Китеп мененби же ансызбы, имам мененби же жокпу, биз туура жана тескери иштердин айырмасын билебиз.

Эң көп калктуу мусулман мамлекети болгон Индонезиянын бийлиги радикал согушкерлердин идеологиясын басып чыгарууга бөгөт койбойт деген эларалык коомчулуктун сынына кабылган.

Бали жардыруулары жана өлкөдө акыркы жылдары орун алган теракттар “Jemaah Islamiah” деген исламчыл согушкер топтун колунан келген иш деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG