Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Франция: Нантта Марин Ле Пенге каршы акция өттү 


Франциянын батышындагы Нант шаарында эки миңге чукул адам 25-февралда "Улуттук фронт" ультра-оңчул партиянын лидери Марин Ле Пендин келишине каршы демонстрацияга чыгышты. Le Monde гезити билдиргендей, демонстранттар дүкөндөрдүн текчелерин талкалап, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Бүгүн, 26-февралда Нант шаарында президенттикке талапкер Ле Пендин шайлоо алдындагы жыйыны болмок. Жакында эле жүргүзүлгөн сурамжылоолор анын президенттик жарышта алдыда баратканын көрсөттү. Ага француздардын 26 пайызы добуш берүүгө даяр. Андан кийин борборчул талапкер Эманнуэль Макронго сурамжылоого катышкандардын 23 пайызы добуш берерин билдиришкен. Үчүнчү орунда оңчул-борборчул Франсуа Фийон турат.

Ишембиде Марин Ле Пендин жардамчысы, ишкер Фредерик Шатийонго "Улуттук фронт" партиясынын мурдагы шайлоодогу үгүт иштерин мыйзамсыз каржылаган деген айып тагылды. Буга чейин каржылык жаңжалдан улам оңчул-борборчул талапкер Фийондун бедели кескин төмөндөп, Эммануэль Макрон андан озуп чыккан.

XS
SM
MD
LG