Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Дарыгерлер кургак учукка каршы дарыны мыйзамсыз колдонгону аныкталды


Улуттук фтизиатрия борборунун жана Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар кургак учукка каршы ФC-1 препаратын оорулууга колдонуп, клиникалык тажрыйбаны мыйзамсыз өткөрүшкөнү айтылууда.

Башкы прокуратура билдиргендей, Улуттук фтизиатрия борбору тийиштүү документтерсиз эле аталган дарыны сыноодон өткөрүүгө Казакстандын “Инфекцияларга каршы препараттардын илимий борбору” менен келишим түзгөн.

Иликтөөлөргө караганда, дары колдонулган 54 бейтаптын онунун абалын начарлаткан.

XS
SM
MD
LG