Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Акыйкаттык издеген багбан


Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы какыраган сегиз гектар аянтты өздөштүрүп, 17 жылда өрүкзарга айландырган багбандын жерге документ жасап алгандар менен талашы Башкы прокуратурадагы таасирдүү адамдарга барып такалууда.

Кабарчыбызга Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл аймагынын тургуну Садыбакас Мадымаров тоонун этегиндеги бозоргон жантыктагы оазистей болуп көзгө чакчайып көрүнүп турган, тегиз баары мөмө алган өрүкзарды көрсөтүп күйүп бышып жатты.

Багбандын күйүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00
Түз линк

Буга чейин бир нече ирет “Азаттыкка” акыйкат издеп кайрылган багбан Садыбакас Мадымаровдун колунда калың таңгак кагаздар. Анда райондук, облустук жана Жогорку Соттук соттук териштирүүлөрдүн протоколдору, айылдаштарынын түшүнүк каттары, жадакалса убагында көчөт алган, ашарга келип жерди өздөштүрүүгө көмөктөшкөн адамдардын тил каттарына чейин тиркелген.

Ак-Турпак айылы. С.Мадымаров өстүргөн өрүкзар. Бүргөндү массиви. Кадамжай. Июнь. 2015-ж.
Ак-Турпак айылы. С.Мадымаров өстүргөн өрүкзар. Бүргөндү массиви. Кадамжай. Июнь. 2015-ж.

- Өрүк көчөттөрдү сатып алган Мурат Ибрагимовдун, келип мага жардам берип иштешкен он бештей айылдаштардын түшүнүк каттары бар. Алардын баары сотто мен жалгыз ушул жерди өдөштүргөнүмдү айтып беришкен. Бир сомдук үлүшү болбогон, бир кадам басып келбеген адам кантип чоңдордун түздөн-түз кийлигишүүсү менен документ кылып алганын азырга чейин түшүнө албай келем. Акыйкаттык жок экенине көзүм жетип отурат.

1997-жылы Садыбакас Мадымаров ошол кездеги жергиликтүү жетекчи Малик Жарматов менен достук мамиледе болуп, анын айдоочусу катары иштеген. Ошондо Мадымаров суу чыкпаган жерди өздөштүрөйүн деп, досу Малик Жарматовго айтканда ал колдоого алып, кийин жерди өзү документтештирип берем деп убада берген.

Жер өздөштүрүлүп, тигилген көчөттөр чоңоюп калганда 2008-жылы Малик Жарматовдун көзү өтүп кетип, 2012-жылы Жарматовдун уулу Улан Маликов келинчеги экөө жер аларга караштуу экенин айтып, талаша баштайт.

Садыбакас Мадымаров
Садыбакас Мадымаров

- Маликтин көзү өтүп кеткенден кийин анын баласы талаша баштады. Бул жерде Бекмамат Осмоновдун уулу - баш прокурордун орун басары болуп иштеген Темирбек Бекмамат уулу кийлигишип жатат. Анын карындашы Уландын келинчеги болот. Мага да биринчилерден болуп ошол келин телефон чалып, “Жерди кайтарып бериңиз. Бак биздики” деп айта баштаган.

Садыбакас Мадымаров белгилегендей, баш прокурордун мурдагы орун басары Темирбек Бекмамат уулунун карындашы Гүлбарчын Осмонова учурда жерди талашып жаткан Улан Маликовдун аялы.

Биз экинчи тараптын пикирин угуу үчүн Улан Маликовдун үйүнө бардык. Бизди эшиктен апасы тосуп алып, короого киргизип маселенин чоо-жайын айта баштаганда, Улан Маликов өзү пайда болуп, журналистке орой мамиле жасап, кол көтөрүүгө аракет кылды:

Уландын апасы: - Бизде эч кандай дооматыбыз жок. Жер биздики. Документтери бар. Менин күйөөм менен Садыбакас өздөштүргөн. Күйөөм өлгөндөн кийин ал өзүнө алам деп жатат. Болгон чындык ушундай.

Улан Маликов: - Чык! Чыгып кеткиле! Азыр жоголгула! Жерди тарта турган болсоңор каналга ыргытып жиберем!

Бакты өстүргөн Садыбакас Мадымаровдун айтымында, айыл өкмөт башчысы да бул үй-бүлөдөн кысым көрүп келет.

Райондогу, облустагы соттук териштирүүлөрдө, жерди документтештирүүдө бир топ катачылыктар, даталары туура келбеген жасалма иш кагаздар жана айылдык кеңештин токтомдору болгону да аныкталганы айтылууда.

С.Мадымаров: - Соттук териштирүүлөр башталганда мен куран китепти алып барып, "бир сом берген болсоңор, кымындай үлүшүңөр болсо, кармап туруп айткылачы, мен жерден таптакыр баш тартам” десем эч кимиси кармай албай койду. Сот болсо бул мыйзамдуу эмес деп токтотуп койду. Айыл өкмөткө кайрылсам “эгер сот сен тарапка чечсе, документ жасап беребиз” деп турат. Чыны менен алар өзүнүн кызмат ордунан коркуп, басым астында иштеп жатышат.

Айыл өкмөт башчысы Алчынбай Төралиевдин пикирин билүү үчүн микрофон сунганыбызда, бул жер талаш айылдык маселе экенин белгилеп, эки тарапты мунасага келтирүү аракетинен майнап чыкпаганын ачыктады:

Алычынбай Төралиев. Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы. Июнь. 2015-ж.
Алычынбай Төралиев. Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы. Июнь. 2015-ж.

- Бул жергиликтүү эле маселе. Аны жогорку жакка чыгарбай эле тынч чечип коёлу деп айткам. Экөөң эле чечишип алгыла деп айткам. Мага койсо бул жерди экөөнө тең бөлүп берип коймокмун. Биринде документ бар, бирөөсү мээнет кылды.

Учурда 17 жыл бакты өстүргөн Садыбакас Мадымаров жогорку соттун экинчи тараптын пайдасына чечип берген бүтүмүнө нараазы болуп кайра сотко кайрылган.

Буга чейин жергиликтүү соттор ишти багбанбын пайдасына чечкен болчу.

Мадымаровдун Жогорку Кеңешке, президентке жазган кайрылууларына алигүнчө жооп келе элек.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG