Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Паралимпиада чемпиону болгусу келгендер


Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын курамасы Азия чемпиондугунда. Малайзия, Куала-Лумпур, 2013-ж.
Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын курамасы Азия чемпиондугунда. Малайзия, Куала-Лумпур, 2013-ж.

2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган паралимпиада оюндарына пауэрлифтинг спортунан Жыргалбек Орозбаев менен Эсен Калиев жолдомо алды.

Аталган спортчулар дүйнө биринчилигинде алдыңкы он мыкты спортчунун катарына кирген.

Жыргалбек Орозбаев 21 жашта. Ал төрөлгөндөн кийин кокустуктан улам бутунан жаракат алып, майып болуп калган. Ал эр жетип чоңойгондон бери пауэрлифтинг (жатып алып штанга көтөрүү) боюнча Бишкек шаарында машыгып келет.

- Бутум чоюлуп калып майып болуп калгам. Дени сак болуш үчүн спорт менен машыгууну туура көрдүм. Ден соолугум пауэрлифтинг менен машыгууга гана мүмкүнчүлүк берет. Бул спорт менен машыгып эл, жер көрдүм, бир катар жеңиштерге жетиштим. Паразиада оюндарынан калыстар туура баа беришпей, башкача айтканда эки жолу көтөргөнүмдү эсепке алышпагандыктан төртүнчү орунду алып калдым. Эми паралимпиада оюндарында байге алам деп тилек кылып жатам.

Жыргалбек Орозбаев.
Жыргалбек Орозбаев.

​Жыргалбек Орозбаев жакында эле Инчхон шаарында өткөн параазида оюндарына катышып, 107 кг. салмакка чейинкилер арасында төртүнчү орунду алып келген. Андан кийин Дүйнө чемпиондугуна катышып, алдыңкы 10 мыкты спортчунун катарына кошулуп, Рио-Де-Жанейро шаарында 2016-жылы боло турган паралимпиада оюндарына жолдомо алган.

Пауэрлифтинг боюнча жаштар арасындагы Азиянын жана дүйнөнүн учурдагы рекорддору дагы Жыргалбекке таандык. Ал мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Кыргызстанда татыктуу атаандашы жок болгондуктан, дени карды соолор менен атаандашып, алардын катарында 200 килограмм салмакка чейинки темир чоюндарды көтөрүп, бир нече жолу өлкө чемпиону боло алган.

- Мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында мени менен тең тайлаша ала турган атаандаш жок. Ошондуктан дени карды соолор арасында мелдешке катышып, бир нече жолу өлкө чемпиону болдум. Ал эми эл аралык мелдештерде мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында таймашка чыгам. Дени-карды соолор арасында машыгуу дүйнөлүк мелдештерде татыктуу күч сынашууга өбөлгө түзөт.

Эл аралык мелдештерге катышууга жана байге ээси болууга каражаттын тартыштыгы Жыргалбекти кабатыр кылат. Анын айтымында, көп мелдештерге даярдык көрүүгө жана катышууга каражаттын жетишсиздиги жолтоо болот.

- Каражаттын тартыштыгынан көп мелдештерге даярдана албай, абройлуу турнирлерге катыша албай келебиз. Мамлекет тараптан бизге да көбүрөөк көңүл буруп коюшса, биз деле өлкө намысын татыктуу коргоп келет элек.

Жыргалбек Орозбаев, Эсен Калиев жана Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкери Марат Ходжаев.
Жыргалбек Орозбаев, Эсен Калиев жана Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкери Марат Ходжаев.

Жыргалбек менен бирге эл аралык мелдештерге көптөн бери катышып келген Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын 16 жолку чемпиону болуп, сегиз жолу өлкө рекордун жаңырткан. Ал Лондондо өткөн Паралимпиадага жана 2010 жана 2014-жылдары болгон Азия оюндарына катышкан. Инчхондо өткөн Азия оюндарында 5-орунду багындырып кайткан. Быйылкы дүйнө чемпиондугунда алдыңкы он мыкты спортчунун катарына кошулуп, Рио-Де-Жанейро шаарында 2016-жылы боло турган паралимпиада оюндарына жолдомо алган.

Ал мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн Кыргызстанда спорт менен машыгууга шарт түзүлсө, бул жаатта да өлкө намысын татыктуу коргой турган спортчулар чыгат эле деп кыялданат.

- Кыргызстанда паралимпиадалык спорттун түрлөрү өркүндөсө деп тилек кылам. Мыкты спортчуларыбыз эл аралык мелдештерде өлкөбүздүн желегин желбиреткенин көргүм келет. Мелдештерге мен эле жалгыз барбастан, жалпы курама менен барып, көп байгелерди утуп келсек жакшы болоор эле.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун айтымында, Бишкекте майыптар арасында 16 жылдан бери жыл сайын спорттун беш түрүнөн спартакиада өткөрүлүп келет. Бул саамалык республикалык деңгээлде да өткөрүлсө, мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында спорт менен алектенгендер көбөйө баштамак.

- Улуттук оюндар боюнча, мамлекеттик кызматкерлер арасында ж.б. бир катар республикалык спартакиадаларды өткөрүп келишет. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында спартакиаданы уюштурууга эмнеге болбосун? Бул спартакиада уюшулса, спорт менен машыгууну каалагандардын катары көбөйүп, алардын дени сак болушуна да өбөлгө түзүлөт эле.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров майыптар спорту үчүн атайын мыйзамдын жоктугунан бул тармакта спортту өнүктүрүүгө мүмкүн болбой жатканын кошумчалады. Ал мыйзам долбоору даярдалып ишке ашса, спорттук федерациялар түзүлүп бир нече спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө мүмкүн болоорун белгиледи.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн дене тарбия жана спорт боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн мыйзам долбоору жакында эле даярдалып талкууга коюлганын кабарлашты.

Дүйнөдө мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында паралимпиадалык, сурдлимпиадалык жана дефлимпиадалык оюндар бар. Кыргызстандыктар грек-рим күрөшү, дзюдо, пауэрлифтинг жана стол үстүндөгү теннистен эл аралык мелдештерге катышып келишет.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG