Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Кулчулукка кабылгандардын такталган саны өстү


“Эркин жүр корунун” эсептери дүйнөдө кулчулукка кабылгандар саны 35,8 миллион экенин көргөзүүдө.
“Эркин жүр корунун” эсептери дүйнөдө кулчулукка кабылгандар саны 35,8 миллион экенин көргөзүүдө.

Дүйнөдө кулчулукка кабылгандардын саны өстү. Эл аралык укук коргоо уюму - “Эркин жүр кору” (Walk Free Foundation) жакындагы баяндамасында алардын санын дээрлик 36 миллион деп жарыялады.

“Азаттыктын” кезектеги “Өңүт” апталык берүүсүндө кулчулук көрүнүштөрү кеңири жайылган өлкөлөрдөгү жагдай, айрым өнүккөн мамлекеттердин буга каршы күрөшүү тажрыйбасы жана Кыргызстандын жарандары кулчулукка кабылганы аныкталган соңку фактылар тууралуу сөз болду.

21 - кылымда да мажбурлап иштетилген же кулчулукта жашоого аргасыз адамдарын саны боюнча түрдүү эсептер бар.

БУУнун алдындагы Эмгек уюму эки жыл мурдагы баяндамасында мажбурланган эмгекке, адам соодасына, кулчулуктун азыркы формаларына кабылган жарандар санын 21 миллион деп көргөзгөн.

Демек, эки жыл аралыгында БУУнун Эмгек уюму менен баяндамасын жаңы чыгарган “Эркин жүр корунун” эсептери ортосунда чоң ажырым бар.

Аталган эл аралык уюм былтыркы баяндамасында эле ишке күч колдонуу, коркутуу жолу менен мажбурлангандар санын 29,8 миллион деп атаса, быйыл 35,8 миллион деп көргөзүүдө.

Кевин Бейлс (Кеvin Bales) - “Эркин жүр корунун” баяндамасын даярдаган авторлордун бири, кулчулуктун азыркы үлгүлөрүн, анын глобалдык экономикадагы ролун иликтеп жүргөн таанымал америкалык адис.

Ал “Азаттык” менен маегинде цифрадагы өзгөрүүнү маалыматтар кыйла тагыраак жыйналганы жана баяндаманын географиясы кеңейип, анда быйыл 167 өлкө камтылганы менен түшүндүрдү:

Жалданып иштеген аял. Молдова
Жалданып иштеген аял. Молдова

- Биздин аныктамабыз абдан эле түз. Эгер адам өзү каалагандай басып же тура албаса, башка бир адамдын толук көзөмөлүндө болсо, көзөмөл адамды экономикалык, сексуалдык жактан же эки жактан тең эксплуатациялоо үчүн колдонулса - биз муну кулчулуктун азыркы үлгүсү катары санайбыз. Эң башкы нерсе - адамдын өз эрки менен кетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, аны киреше алуу максатында пайдалаган экинчи бир адамдын толук көзөмөлүндө калганы. Маалыматтарды жыйноодо биз түрдүү ыкмаларга бардык. Реалдуулукка жакын картинаны алуу үчүн өкмөттөрдүн, Улуттар уюмунун маалыматтары да колдонулду. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында изилдөө топторубуз бар. Мындан сырткары АКШдагы Гэллап иликтөө уюму аркылуу кээ бир өлкөлөрдө сурамжылоо жүргүздүк. Эски совет аймагынан сурамжылоо Орусияда өткөрүлдү. Ага тартылган 2 миң кишиге сиз же сиздин жакындарыңыз, тааныган адамдарыңыз кулчулукка кабылган эмеспи деген суроо берилди. Сурамжылоо баяндамада камтылган 167 өлкөнүн 19сунда жүргүзүлдү. Ал эми тагыраак маалыматтар жок өлкөлөр боюнча кулчулукка кабылуу тобокелчилигинин негизинде экстраполяция ыкмасын колдонуу менен эсептөө жүргүздүк. Тагыраак маалыматыбыз жок өлкөлөрдү кулчулукка кабылуу тобекелчилиги окшоштугунун негизинде маалыматыбыз жок өлкөлөр менен салыштырдык. Биз маалыматыбыздын тактыгына абдан эле ишенип турабыз.

“Эркин жүр корунун” баяндамасына караганда, алар иликтөө жүргүзгөн 167 мамлекеттин басымдуу бөлүгүндө азыркы кулчулуктун кээ бир формаларына каршы чара көрүү боюнча улуттук пландар жана бул кылмышка каршы иш жүргүзгөн улуттук мекемелер бар.

Түндүк Кореяны эске албаганда дүйнө өлкөлөрүнүн баарында эле азыркы кулчулуктун кээ бир формаларын кылмыш катары санаган мыйзамдар да бар. Бирок алардын аткарылышы солгун жүрүүдө.

Индия

“Эркин жүр кору” укук коргоо уюмунун эсебине караганда, эгер дүйнөдө азыр кулчулуктун заманбап формаларына кириптер болгон 36 миллионго жакын киши болсо, алардын 60% беш эле өлкөдө жашайт. Алар: Индия, Кытай, Пакистан, Өзбекстан жана Орусия. Маселен, дүйнөнүн эң калктуу экинчи өлкөсү Индияда кулчулуктун азыркы үлгүлөрүн 14 миллиондон ашуун киши баштан кечирип жатат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:01 0:00
Түз линк

“Индияда 1,2 миллиард киши жашайт, демек бул түздөн - түз калктын санына байланышкан маселе”,- деди баяндаманын авторлорунун бири Кевин Бейлс “Азаттыкка”.

Индияда да иликтөө жүргүзгөн адис, “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Индиядагы өзгөчөлүк – кулчулук муундан-муунга да өтүп кеткени:

- Индияда мажбурлап иштетилгендер муундан-муунга өтүп кетет. Айрымдар маселен үйлөнүү же дарылануу, балдардын окутуу үчүн иш берүүчүсүнөн кезинде насыя алган. Ошол карызды алардын кийинки муундары төлөгөн учурлар кездешет. Мен кыш чыгарган цехте, айыл чарбасында иштеген көп адамдар менен кездештим, алар кожоюнга ушундай жол менен карыз болгонбуз деп ойлошот.

Индия демекчи Нобель Тынчтык сыйлыгынын быйыл ушул өлкөдөн чыккан лауреаты, Кайлаш Сатьярди жакында Лондондо сүйлөп жатып, кулчулукту өз өлкөсүнүн эң олуттуу проблемасы деп атады.

Индиядагы үйсүз. Январь, 2013-жыл.
Индиядагы үйсүз. Январь, 2013-жыл.

Ал өкмөттөрдү, бизнести, бейөкмөт уюмдарды адам аткезчилигин жана кулчулук көрүнүштөрүн жоюу үчүн мыйзамдарды катаалдантууга чакырды.

Өзү “Эркин жүр кору” эсептеген 36 миллион адамдын 5,5 миллионун кулчулукка кабылган балдар түзөт экен. Бул көрсөткүч кулчулукка кабылгандардын жалпы саны эң көп Индияда да жогору.

Кайлаш Сатьярдинин "Бачпан Бачао Андолан" деген бейөкмөт уюму акыркы отуз жылда Индияда 80 миңдей баланы кулчулуктан куткарганы айтылган.

Кытай

Дүйнөнүн калк жыш өлкөсү Кытай биз сөз кылып жаткан изилдөөдө кулчулукка кириптер болгондор санын жалпы калк санына бөлө келгенде 167 өлкө ичинен 109 - орунга коюлган.

“Эркин жүр корунун” эсебинде, дүйнөнүн экинчи экономикасында кулчулуктун заманбап формаларына кабылгандар саны 3,2 миллиондон ашуун.

Баяндамада Кытайда жакырчылыктын көрсөткүчү акыркы беш жылда 20% кыскарганы, 2013-жылы эле 270 миллиондой киши ички мигрант катары айылдан шаарга жер которгону көргөзүлөт.

Баяндама авторлору кошумчалагандай, Кытайда былтыртан тарта адамды иш аркылуу тарбиялоо эрежесинин жоюлушу өкмөттүн азыркы кулчулукту жоюу багытындагы оң иши болду. Бирок прогрессти баалагыдай ачык маалыматтар жокко эсе.

Ошондой эле айрым маалыматтар Кытайда “кара түрмөлөр” деп аталган бейрасмий абак жайлар бардыгын, ага түшкөндөр иштөөгө мажбурланарын каңкуулоодо. “Эркин жүр корунун” иликтөөчүсү Кевин Бейлс “Азаттыкка”:

- Биз Кытайда кулчулук көрүнүштөрү жумушчу күчү арасында кандай жайылганын билбейбиз. Бирок кен казууда, кыш жасоодо, көмүр өндүрүшүндө, коммерцииялык секс индустриясында мындай учурлар бардыгын билебиз. Кытай өзү маалымат алууда тоскоолдуктары көп, абдан татаал өлкө. Алар келип-кеткендерди катуу көзөмөлдөгөндүктөн изилдөө жүргүзүү мүмкүн эмес. Үч миллион 240 миң адам дегенибиз бул болжолдуу эсептер. Биз Кытайда сурамжылоо жүргүзө алган жокпуз, бирок буга келечекте үмүттөнөбүз.

Дүйнөнүн Кытай менен Индиядан башка калкы 150 миллионго жакын же андан ашкан өлкөлөр арасынан “Эркин жүр кору” Пакистанда кулчулукка кабылгандар санын 2 миллион, Орусияда 1 миллион, Кошмо Штаттарда 60 миң, Бразилияда 155 миң деп көргөзгөн.

Борбор Азия

Ал эми Өзбекстан жан башына санаганда кулчулукка кабылгандар саны жагынан дүйнөдө 167 өлкө ичинен 2-орунга коюлду.

“Эркин жүр корунун” эсебинде, Өзбекстанда кулчулукка кириптер болгондор кеминде 1,2 миллион. Бул ириде өлкөдө адамдар пахта талаасында мажбурлап иштетилгенине байланыштуу.

Мэттью Фишер – Дали (Mattew Fisher –Daly) Өзбекстанда пахта талаасында балдар эмгегинин эксплуатацияланышына каршы түзүлгөн “Пахта өнөктүгү” (Cotton campaign) коалициясынын координатору. Ал “Азаттык” менен маегинде буларга токтолду:

Өзбекстандын пахта талаасындагы бала.
Өзбекстандын пахта талаасындагы бала.

- Өзбекстан дүйнөдө өкмөтү адамдарды пахта айдоого мажбурлап, аны күч менен жыйнаткан жалгыз өлкө да. Пахта өндүрүшүндө мажбурланган эмгек колдонулганы жана балдар эксплуатацияланганы боюнча көйгөй башка мамлекеттерде да бар. Бирок Өзбекстанда бул өкмөттүн саясаты болуп жатат. 2013-жылы биз пахта талааларына мажбурлап чыгарылган чоң кишилердин санын 4 миллион деп болжолдогонбуз. Бул балдар саны азайышынын эсебинен болгон. Былтыр пахта талааларына мамлекеттик сектордо, оорукана, мектептерде иштегендердин 60% , быйыл 50% ашууну жөнөтүлдү. Пахтага мажбурлап чыгарылгандар саны бир миллиондон ашары анык. Бирок өкмөт жарандык коомду куугунтуктап, иштетпегендиктен пахтага күч жана коркутуу жолу менен мобилизацияланган адамдардын тагыраак санын билүү мүмкүн эмес.

“Пахта өнөктүгү” ( Cotton Campaign) коалициясынын координатору Мэттью Фишер - Дали “Азаттыкка” маегинде кошумчалагандай, алар быйылкы пахта теримде мажбурлап иштетүүнүн аркасында 17 адам мерт болгонун катташкан.

Эгер кулчулукту эртең токтотуп салсак, товарларга баа өсүп кетпейт. Кылмышкерлердин гана чөнтөгүнө түшкөн акча азаят.
Кевин Бейлс

Азыркы кулчулуктун глобалдык индексинде Борбор Азиянын Өзбекстандан башка өлкөлөрүндө: Түрмөнстанда кулчулукка кабылгандар саны 19,5 миңге жакын деп, Тажикстанда 29 миңден ашуун, Казакстанда 61 миң, Кыргызстанда 20 миңден жогору деп көргөзүлгөн. Бирок цифра каяктан чыкканы чечмеленген эмес, болгону өкмөт бул проблемага каршы көргөн чаралар жетишсиз экендиги, кулчулуктун курмандыктарына карата колдоо абдан эле аздыгы, кулчулукка түшүп калуу тобокелдиктери жоюлбаганы айтылган.

Өзү Орусияда кулчулукка кабылган же андан бошотулган кыргызстандыктар туралуу фактылар быйыл да бир нече ирет катталды.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун Оштогу бөлүмү билдиргендей, алар 2014-жылдын алты айында эле адам сатуунун айынан кулчулук курмандыгы болгон 92 адамды куткарып, ар кандай жардамдарды берген.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:42 0:00
Түз линк

Кулчулуктун кирешеси

Эл аралык Миграция уюму белгилегендей, кыргызстандыктар үчүн кулчулук тузагы - Орусия, Казакстан, Түркия, Бириккен Араб эмираттары жана Кыргызстан өзү эсептелет. Анткени акыркы аныкталган 92 адамдын 69у Орусиядан, 18и Казакстандан, экөө Түркиядан, дагы үчөө Кыргызстандын өзүнөн табылган.

Кулчулуктун азыркы үлгүлөрүнө кабылгандардын такталган санын көбөйткөн “Эркин жүр кору” укук коргоо уюму мажбурланган эмгектин аркасы менен табылган мыйзамсыз кирешенин жылдык көлөмүн 150 миллиард доллар деп эсептейт. Ушундай эле санды мурдараак Эмгек боюнча эл аралык уюм да айткан.

- “Эркин жүр корунун” талдоочусу Кевин Бейлс “Азаттык” менен маегинде:

- Биздин ишенимибизде дүйнөдө кулчулуктан табылган жылдык киреше 150 миллиард долларга жетет. Кулчулукка кабылган 35 миллион адамды эске алганда бул албетте чоң көрсөткүч. Глобалдык экономиканын чен-өлчөмүнөн караганда кымындай эле көрсөткүч. Глобалдык экономика же дүйнөлүк дүң өндүрүштүн көлөмү азыр 77 триллион долларга барабар да. Демек, кулчулук кирешеси глобалдык экономиканын азганактай бөлүгү болгонунун өзү эле биз аны эмне үчүн такыр жоюп сала албай жатабыз деген суроо жаратат. Кылмышкерлердин кирешесин эске албаганда, аны кармап тургудай жүйө жок. Эгер кулчулукту эртең токтотуп салсак, товарларга баа өсүп кетпейт. Кылмышкерлердин гана чөнтөгүнө түшкөн акча азаят.

Эксперттер кулчулукка, мажбурланган эмгекке сокку уруунун экономикалык ыкмасы катары алардын эмгеги аркылуу өндүрүлгөн товарларды, кызматтарды сатып алууга тыюу салууну, бойкоттоону сунуш кылып жүрүшөт.

Маселен активисттердин өнөктүгүнүн натыйжасында, Өзбекстандын балдар эмгегин эксплуатациялоо жолу менн терилген пахтасына чекене соода жана кийим тигүү чөйрөсүнөн 150дөй эл аралык брэнд бойкот жарыялган эле. Бирок ага карабай өзбек пахтасынан чыккан продукция негизинен Кытай жана Бангладеш аркылуу дүйнөлүк базарга түшүүдө.

Өнүккөн өлкөлөрдөгү кулчулук

"Эркин жүр кору” уюму быйылкы баяндамасында кулчулуктун азыркы көрүнүштөрүнө каршы өкмөттөр олуттуу чара көргөн мамлекеттер катары Нидерланд, Швеция, АКШ, Британия, Норвегия, эски совет аймагынан Грузия сыяктуу өлкөлөрдү атаган.

Доктор Патриция Хайнс (Patricia Hynes) университет Британиядагы Бедфордшир университетинин кулчулук проблемалары боюнча иликтөөчүсү.

Ал “Азаттык” менен маегинде Британия көрүп жаткан чаралар тууралуу буларга токтолду:

- Учурда бизде мурдагы мыйзамдар бириктирилип, өкмөт азыркы кулчулук боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн деп атаган мыйзам даярдалып жатат. Азыркы кулчулукка жана адам аткезчилигине каршы күрөшүүчү атайын комиссардын кызматы түзүлдү. Бул оң багыттагы кадам. Британиядагы статистика тууралуу айтсак, адам аткезчилиги жашыруун ишке ашырылган кылмыш да. Бизде адам саткандардын курмандыгы болгондугу аныкталгандар боюнча маалыматтар бар. Былтыр бул көрсөткүч 2 миң 700 адам деп айтылган, алардын 600ү балдар. Анткен менен биз аныктоо иштери алдыда жакшыртылуусу керектигин билебиз. Бул демек жогорудагы сандар реалдуулуктан кыйла аз дегенди туюндурат.

Доктор Патриция Хайнс Британияда адам аткезчилигине кабылгандарды колдоо үчүн атайы борбор да уюшулганын кошумчалады.

Эл аралык “Эркин жүр корунун” баяндамасында Британияда азыр кулчулукка кириптер болгон адамдар саны 8000ден ашуун деп көргөзүлгөн.

Биз бул системалуу проблемага кулчулукка кабылган адамдарга мүмкүнчүлүк түзүү менен жооп беришибиз керек.
Лаура Мөрпи

Дүйнөнүн биринчи экономикасы Кошмо Штаттарда азыркы кулчулукка кабылгандар саны “Эркин жүр корунун” эсебинде, 60 миңге барабар.

Лояла университетиндеги азыркы кулчулукту иликтөө долбоорунун директору, доктор Лаура Мөрпи (Laura Murphy) “Азаттык” менен маегинде:

- Адам аткезчилиги жана азыркы кулчулук боюнча АКШда да проблема бар. Айыл чарбасында иштеп акча албагандар, мажбурланып иштетилген жумушчулар, секс соодасына кириптер болуп калып, качып кете албай жүргөндөр бар. Негизи бул проблеманын масштабын аныктоо абдан кыйын. Бизде адам аткезчилерин жазалоочу гана эмес, мунун курмандыктарынын муктаждыктарына жооп берүүчү мыйзамдар кабыл алынган. Анткени биз бул проблеманы адамдарды камоо жолу менен эле чече албайбыз. Биз бул системалуу проблемага кулчулукка кабылган адамдарга мүмкүнчүлүк түзүү менен жооп беришибиз керек. Эксплуатацияланган адамдар качып кете алса, аларды колдогудай структура бардыгын сезүүсү абзел.

Америкалык изилдөөчү, доктор Лаура Мөрпи “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, кулчулукка кабылгандар саны дүйнө боюнча такталып жатканы оң кадам, бирок мындан ары көңүл кулчулуктун азыркы көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорун табууга бурулушу керек:

- Биз азыркы кулчулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорун аныкташыбыз керек. Бул проблемага каршы буга чейинки иштер кандай натыйжа бергенин талдап, кулчулуктун азыркы көрүнүштөрүн баалоочу жана алдын алуучу системаны кантип кайра түзүүнү караштыруубуз зарыл. Каржы ресурстары азыркы кулчулукка каршы күрөшүүнүн эффективдүү жолдорун аныктоого жумшалса, бул кулчулукка кабылгандардын санын аныктай берүүгө караганда көбүрөөк мааниге ээ. Азыркы кулчулукка каршы кабыл алынган эл аралык мыйзамдар, документтер деле жетиштүү. Улуттар уюму кулчулукка жана мажбуралап иштетүүгө каршы эки протокол кабыл алган. Маселе аларды ишке ашырууда.

Адам аткезчилигине каршы жаңы мыйзамдар былтыр эле АКШнын 37 штатында кабыл алынган. Ал эми бул көрүнүшкө мониторинг жүргүзүү боюнча президент алдындагы жумушчу топ адам аткезчилигинин курмандыктарын колдоо боюнча 2017-жылга чейин эсептелген аракеттенүү планын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG