Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Тимошенконун күйөөсү Чехиядан башкалка алды


Премьер-министр Юлия Тимошенко күйөөсү Александр менен президенттик шайлоо учурунда, Днепропетровск, 2010-жылдын 17-январы.

Премьер-министр Юлия Тимошенко күйөөсү Александр менен президенттик шайлоо учурунда, Днепропетровск, 2010-жылдын 17-январы.

Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун күйөөсү Чехиядан баш паанек алды.

Тимошенкону былтыр сот премьер-министр кезинде 2009-жылы Орусия менен газ келишимдерине кол коюп, кызматын натуура пайдаланды деп айыптап, жети жылга эркинен ажыраткан. Оппозиция жана Батыш өлкөлөрү Украинадагы “Саргылтым ынкылаптын” лидерлеринин бири Тимошенко айым саясый жүйөдөн улам соттолду деп санашат.

Юлия Тимошенконун күйөөсүнө Чехия саясый баш паанек бергени жатканын 6-январда өлкөнүн тышкы иштер министри Карел Шварценберг тастыктаган. Ал Чех радиосуна берген интервьюда, өлкөнүн ички иштер министри Ян Кубисага шилтеп, Александр Тимошенконун өтүнүчү канааттандырыларын айткан.

- Бул сүйлөшүүдөн Ички иштер министрлиги ага баш паанек бергени жатканы айкын болду. Өкмөттүн кеңешмеси учурундагы танаписте мен министрди тамеки чегип жатып кездештиргенде, бул кабар чынбы деп сурадым. Себеби мени менен бу маселе жөнүндө эч ким масилеттешкен эмес. Ал мага ооба деп, иштин башын ачып койду, - деди Шварценберг.

Былтыр Чехия Украинанын Тимошенко премьер кездеги экономика министри Богдан Данилишинге да саясый баш паанек берген. Бул Киев-Прага ортосундагы алаканы бир кыйла осолдотуп койгон. Көпчүлүк серепчилер Данилишинге саясый баш паанектин берилиши, эки чех дипломаттын шпиондук кылды деп күнөөлөнүп, Украинадан айдалышына шылтоо болду дешет.

Ал эми оппозициядагы "Батькивщина" партиясы Тимошенко айымдын үй-бүлөсү аркылуу оппозиция лидерлерине кысым күчөгөнгө байланыштуу Александр Тимошенко Чехиядан баш паанек сураганга арагасыз болгонун билдирди.

Прагада чыкчу “Право” гезитинин жазышынча, Александр Тимошенко 2000-жылдан бери Чехиянын Усти над Лабем шаарындагы International Industrial Projects компаниясынын акционерлеринин бири экен. Бул компаниянын финансылык абалы дайынсыз.

Украинадагы 2004-жылкы “Саргылтым ынкылаптын” лидерлеринин бири Юлия Тимошенко былтыр октябрда премьер-кезинде Орусия менен газ келишимине жаңылыш кол коюп, казынага 190 миллион долларга жакын чыгым келтирди деп, жети жылга соттолгон. Азыр Харьков шаарынын жанындагы аялдар абагында отурат.

Тимошенконун тарапкерлери түрмөдө мурдагы премьер-министр оорусуна байланыштуу жакшы кароо албай жатканын айтышууда.

Европа Биримдиги жана АКШ Юлия Тимошенкого каршы сот ишин Украин бийликтеринин адамдарды тандап жоопко тартканынын бир үлгүсү деп аташкан. Соттон улам Евробиримдик Украина менен Саясый ассоциация жана эркин соода зонасын түзүү боюнча келишимди токтотуп койгон.

51 жаштагы Александр Тимошенко саясаттан өзүн четте кармап, маалымат каражаттарына дегеле интервью берчү эмес. Чех жана украин серепчилеринин боолгошунча, Александр Тимошенконун тыш мамлекеттен саясый качкын статусун алуусуна “Украинанын бирдиктүү энерегосистема” компаниясындагы иш боюнча кайра тергөө башталганы себеп болгондой. Береги компанияны 1990-жылдардын башында Юлия Тимошенко жетектеп, күйөөсү компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп жүргөн.

Тимошенко мырза 1996-жылы премьер-министр Павел Лазаренкого бир нече жолу пара берген деп, камакка да алынып, бирок айыбы далилденбей калган. Бирок былтыр Украинанын коопсуздук кызматы жана башкы прокурорлугу жаңы фактылар табылганын айтып, Юлия Тимошенкого каршы жаңы кылмыш ишин ачкан. Ошондой эле Александр Тимошенкого каршы да кылмыш иши ачылышы мүмкүн экенин билдирген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG