Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Тимошенко-Янукович тирешин ЕБ чечиши мүмкүн


Украина-Европа Биримдиги. Евроинтеграция
Украина-Европа Биримдиги. Евроинтеграция

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко абактан чыгарылып, Германияга дарыланууга жөнөп калышы мүмкүн.

Ал жөнүндө сүйлөшүү үчүн Киевге Евробиримдиктин мартабалуу эки чабарманы келген. Тимошенко айым дарыланууга жөнөтүлсө, Украина Евробиримдик менен ассоциативдик мүчөлүк тууралуу келишимге ноябрдын соңунда Вильнюста кол коюп калышы мүмкүн.

Украина ылгап соттоону токтотушу керек жана ушундай жолойго туш болгон мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкону актоосу абзел. Мындай билдирүүнү Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон айым Биримдиктин тышкы иштер министрлеринин дүйшөмбү күнү Люксембургда болгон жыйындан кийин жасады:

- Мен ачык айтып коёюн, буга чейин да эчен ирет түшүндүргөм: ылгап соттоо Украинанын сот системасынын табиятында кеңири жайылган маселе. Өзү ошондой болгонун Юлия Тимошенко да айтмак. Эгер алар өз ара мамилени бекемдегилери келсе, бул маселеге көңүл бурушу керек экенин биз такай айтып жүргөнбүз. Андан айрылуу үчүн ылгап соттолгон адамдар эмне болгонун карап чыгышы абзел жана керектүү иштерди аткаруу үчүн тийиштүү жолдорду табууга тийиш. Мен анын майда-чүйдөсүнө мындай жүйөдөн улам токтолгум келбейт: биз жакындашып баратабыз, чоң талкуулар жүрүүдө жана эмне болгонун көрөбүз.

Экс-премьер-министр Юлия Тимошенко кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, Москва менен газ келишимине кол коюп, казынага чоң суммада зыян келтирген деп айыпталып, 2011-жылы жети жылга соттолгон. Батыш өлкөлөрү Тимошенко айым саясий жүйөдөн улам соттолгон деп эсептейт.

Евробиримдик жакында Украина президенти Виктор Януковичтен Юлия Тимошенкого мунапыс берип, Германияда дарылануусуна мүмкүндүк түзүүнү сураган. Бул ишти тездетүү үчүн мартабалуу чабармандар: Польшанын мурдагы президенти Александр Квасневьский жана Европарламенттин экс-төрагасы Пэт Кокс 20-октябрда Украинага эки күнгө келишти. Алардын сапарынын максаты “Батькивщина” партиясынын төрайымын абактан бошотуунун мыйзамый жолун табууда бийликке жана оппозицияга көмөктөшүү. 53 жаштагы Тимошенко азыр Украинанын чыгышындагы Харьков шаарынын ооруканасында дарыланууда. Экс-премьер айымды күнү-түнү абактагыдай күзөтчүлөр кайтарат.

Бир нече күн илгери Украин парламентине киргизилген жана президент Янукович кол койгонго даяр мыйзам долбоорунда Тимошенко - өзү каалагандай - саясий жана юридикалык жактан акталбайт. Ал Германияга барып дарыланууга гана уруксат алат жана андан соң мекенине кайтып келет. Непада Тимошенко жана “батькивщиначыл” парламентарийлер бул шартка көнсө, Евробиримдиктин 28-29-ноябрда Вильнюста болчу саммитинде Украинага ассоциативдүү мүчөлүк жөнүндөгү келишимге кол койууга жол ачылмак. Бирок Янукович Орусия менен мамилени бузбоо үчүн Вильнюс саммити алдында “ойт берип” кетиши ыктымал деген да кеп-сөздөр айтылууда.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильд Люксембургдагы жыйындан кийин “Азаттыкка” кокус андай болсо, Украина ассоциативдик мүчөлүк жөнүндөгү келишимге кийинчерээк кол койо аларын айтты:

- Кээ бирөөлөр Янукович Вильнюстагы саммитке 48 саат калганда тескери кетиши мүмкүн деп шектенишет. Мен андай болоруна ишенбейм. Эгер андай болсо, айрым өкмөттөр маселени кылдат карап чыгалы деп айтышат. Ал эми келишимге Вильнюстагы жыйындан эки жума же эки ай кийин, же келерки жайда кол коюлушу мүмкүн.

Виктор Янукович, кээ бир серепчилердин айтымында, Юлия Тимошенконун 2015-жылкы президенттик шайлоого катышуусун каалабайт жана ошон үчүн аны актаганга кызыкпайт.

XS
SM
MD
LG