Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Унутулган зайып


Гүлдүү жоолугунун учун улам ээгине киргизип коюп, тээ качанкы жаш чагын эске салгангабы жүзү нурдана түшүп, таенем экөө көпкө сүйлөшүп отурганы дале эсимде. Арыкчырай, боюн түз кармагандыктан жашы жетимишке таяп калган деп эч ким айтпас эле.

“Жаш чагында өтө сулуу болгондуктан көз тийди” дешчү. “Катары менен үч бала төрөп, үчөөнөн тең айрылып, кайгыны көтөрө албай калган” деп да жүрүштү. Сүйлөгөндө сөзүн так айталбай, бир тамгасын жутуп алганга окшогон гана “айыбы” болбосо акыл-эси жайында, өткөнүн эске түшүрүп да, бирөөгө кеңеш айтканды да билген бул апаны (аял дешке да, кемпир дешке да оозум барбайт К.Т) айылдыктар эмне үчүн Галдир деп койгонун ушул кезге дейре түшүнбөйм (Галдир - түштүк диалектисинде акылдан айныган дегенди туюндурат - К.Т).

Боюна жарашкан кырмызы көйнөгү, өңү өчкөн эски чепкени үстүндө шөлбүрөп турса да көзүмө өтө сулуу көрүнгөн бул аялга кайдагы суу кечпеген “Галдир” атты айылдыктар болбой эле чаптап койгондой сезилген. Багар-көрөрү жок, атургай артында сурап алар тууганы болбогонун да кийин уктум. Ошол жылы менин жашы сексенге барып калган алысыраак Жоомарт таякем жесир калып, баягы Галдирди үйүнө киргизип алган дешти.

Апакай сакалы көкүрөгүн жапкан Жоомарт таякем оокаттуу киши эле. Эки жүз кою, күтүрөгөн жылкысы, уйларына короосу толуп турчу. Анда-санда таятама келип, тээ илгерки улак чапкан күндөрүн эске салып, кыт-кыт күлүп калаар эле. Согуштан алган жарааттан улам бүгүлбөй калган колун бооруна кармаган таятам мулуюп күлүп, угуп отурганын көп көрдүм.

Ошол таякем уялбай-этпей эле Галдирди үйүнө киргизип алат. Адамча нике кыйдырып, колукту кылып алса бир жөн. Күндүзү оту менен кирип, күлү менен чыгат. Малын карайт, чөп салып, астын тазалайт, мал кезүүгө чыгат. Кыскасы, бай үйүнө күң катары эле кириптир азыр ойлосом. Эрге тийди аты эле болбосо баягы өңү өчкөн жука чепкен үстүнөн түшкөн жок. Анысы менен кыштын кап ортосунда көк муштум болуп суу ташыганын көргөндөр айтышты.

Чилденин ызгаары Айымкан апаны аябаптыр, (Галдирдин чыныгы Айымкан экени жаназа үстүндө айтылды К.Т.) жазга жетпей көз жумду. Өпкөсүнө суук өтүп кетти дешти. Жоомарт таяке бир эчки союп, тажыясын жасап жерге берди.
Айымкан апа ошо менен унутулду. Жаз артынан жай келди. Анан күз. Тебетей тегеренбей кыштын да кары жаады.

Жоомарт таяке деле өз тирлигин өзү жасап калган. Көпчүлүк негедир анын үйүнөн оолак качышар эле. Байлыктан башканы ойлобогон эки баласы атасынан обочо жашап, өз оокаты менен алек, анда-санда гана келишчү дешет.

Бечара таяке бир жандыгын садага чаап, жанына жардамчы алса деле болмок.
Ошентип бир күнү кечинде керосин менен күйгөн асма чыракты алып, эшикке чыгат. Аны сарайдын каалгасына илип, тай-кунанына чөп салат (айылдыктардын жоромолу боюнча К.Т). Анан бир нерседен үркүп кеткен бир тайы керилип туруп чыракты тепкен көрүнөт. Керосин жайыла берип, от тутанат. Бул убакта ары жакта өз жумушу менен алек болуп жүргөн жарыктык таякем алгач байкабай калган көрүнөт. Качан гана от алоолоно күйүп, сарай ичин каптаганда жүрөгү түшүп жыгылгандай. Колун бооруна алып, көмкөрөсүнөн кулаган денесин алып чыгышкан айылдыктар кийин ушундай жоромолдошту. Байланган жиби эрте күйгөн айрым жылкысы качып чыгып, тирүү калат. Өрт сарайдан үйгө жетет. Жылкы кишенеп, айыл аралай чуркайт. Бирок эч ким туйбайт.

Таң агарып, супа салганда гана каңылжарды өрдөгөн түтүндүн жытын сезишет. Эл түгөл ойгонуп, чурулдай жетип келишет. Баары кеч...

Чогулгандардын бир даары эсине келгенде, бирди-жарым калдыбы деп дубалы карайган үйдүн ордун карап жатышты. Аңгыча чалдын жертөлөсүнө катылган, карайып күйгөн сандыгын да көтөрүп келишти. Ичи толо таңгакталган акча экен. Баарынын чети күйүп, ортосу гана калган. Ширеңке бир тыйын болгон ошол 1983-84-жылдары он, жыйырма миң сом эбегейсиз байлык болчу.

Айыл эли ошондо гана баягы Галдирди эстешти...
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.
XS
SM
MD
LG