Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Лондон-Бээжин: сырдан чыккан чыр


Пармежано-режано эжигейи, Рим, Италия, 11.05.2009.
Пармежано-режано эжигейи, Рим, Италия, 11.05.2009.

Лондон менен Бээжиндин ортосунда соода чатагы чыгып, айрым талдоочулар араздашуу ырбап кетсе Кытай Британиядан 49 млрд. доллар инвестициясын чыгарып кетерин эскертишти. Швейцария саат сатуудан былтыр 24 млрд. долларга жакын пайда көрдү. "Эйр Кыргызстан" былтыр 14 млн. сомго жакын таза пайда тапты.

Кытай менен Британия бири-биринин айрым товарларына тыюу салып, саясатчылары акыйнек айтышып жаткан кез. Кээ бир талдоочулар бул көрүнүштү "соода салгылашуусунун башаты" деп сыпатташты.

Кытай – Британиянын баалуу кагаздарына салган инвестиция көлөмү боюнча төртүнчү орунда. Улуттук статистика кызматынын сандарына ылайык, кытайлыктар Британиянын баалуу кагаздарына 28.8 миллиард фунт инвестиция салган. Аны менен бирге, Кытай – Британиянын товарларын эң көп сатып алган жетинчи орундагы өлкө.

Лондон менен Бээжиндин ортосундагы чырдын баарына британ эжигейи (сыр) себепкер. Май айынан тарта Кытай англис, уэльс жана шотланд эжигейлерин өз аймагында сатууга бөгөт койду. Кытайдын Санитардык көзөмөл башкармалыгы муну Британиянын эжигейлери "санитардык нормаларга жооп бербеси" менен түшүндүрдү. Бул чектөө 1-майда күчүнө кирер замат, Кытай Ирландиянын эжигейлерин импорттоого уруксат берди.
Швейцария эжигейлери.
Швейцария эжигейлери.
​Айрым серепчилер эжигей маселеси ырбап кетсе, кытай-британ соода алакаларына чоң доо кетип, кытайлыктар өз акчаларын британ экономикасынан чыгарып кетиши ыктымал деген ойдо. Британ падышалыгынын белгилүү "Блэк кэб" кара таксилерин өндүргөн заводду жана башка ири өндүрүш мекемелерине кытайлыктар ээлик кылат.

Британ саясатчылары тыюуну "аша чапкандык" деп сыпаттап, бул маселе чукул арада чечилиши керектигин баса белгилешти. Депутат Эндрю Пөрси Лондондо жарык көргөн The Mail гезитине "Бул жагдай тезинен чечилбесе, биз жооп кайтаруунун жолдорун издейбиз", – деди.

Кытай британ эжигейлерине 1-майда тыюу салса, андан бир күн мурда – 30-апрелде Британия дары чөптөрдөн жасалган кытай дары-дармектерин сатууга "лицензиясы жок" деген себеп менен бөгөт койгон. Кытайдын британ эжигейине тыюу салышы Англия, Уэльс жана Шотландиядагы чакан фермерлерге экономикалык зыян алып келет деп айтылууда.

Швейцария сааттарына талап өстү

Айрым саясатчылар тагынган сааттары менен атаандашканы белгилүү. Эзелтен эле, кээ бир коомдордо саат – аны тагынган адамдын макамынын белгиси болуп келген. Ал сааттардын дээрлик көбү Альпы тоолорундагы Швейцарияда жасалган. Батыш Европадагы Швейцария өзүнүн сааттары, банктары, шоколады жана эжигейи (сыр) менен атагы чыккан. Саат жасоо өндүрүшү мамлекеттин казынасына жыл сайын миллиарддаган франк киреше алып келет.

Швейцариянын Саатчылар федерациясы (FH) кабаралагандай, 2013-жылы саат жасоо өндүрүшүнүн таза пайдасы 21.8 миллиард франк, же 23.6 миллиард долларды түздү. Бул сан – мурдагы жылга салыштырмалуу 400 миллион франкка арбын. Сегиз миллион калкы бар Швейцарияда саат жасоо өндүрүшүндө 70 миң адам эмгектенет. Дүйнөдө саат жасоо боюнча Швейцария биринчи орунда. Кийинки саптарда Гонконг, Кытай, Франция жана Германия турат.
Актриса Фан Биңбиң Chopard ("Шопард") саатынын жанында, Канн, Франция, 17.05.2013.
Актриса Фан Биңбиң Chopard ("Шопард") саатынын жанында, Канн, Франция, 17.05.2013.
Былтыр Швейцарияда жасалган сааттын орточо наркы 834 долларга барабар болуп, ал баа 5.9% өскөн. Жалпысынан 2013-жылы 28.1 миллион саат жасалган. Өлкөнүн Саатчылар федерациясы маалымдагандай, барган сайын алтын сааттарга талап азаюуда. Былтыр платинадан жасалган сааттардын сатуу көлөмү 20.5% жана болот сааттар 4.9% өстү. Сааттардын түрү боюнча механикалык сааттарга талап 8.2% өссө, батарея менен жүргөн сааттарга талап 5.8% азайган.

Швейцариянын сааттарынын 52.7% Азияда жана 21.4% Европада сатылган. Жеке өлкөлөр менен алганда, сатылган швейцар сааттарынын 18.2% британдар жана 9% алган.

Дүйнөлүк базарларга учкай токтолсок, алтын акыркы жумада 17 долларга кымбаттап, учурда унциясы 1311 долларга жетти. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну төрт центке түштү. Азыркы тапта "Центерранын" бир баалуу кагазынын наркы 5 канада доллары 55 центти түзүүдө.
"Эйр Кыргызстандын" Курманжан Датка атындагы Боинг-737 учагы, 12.02.2014.
"Эйр Кыргызстандын" Курманжан Датка атындагы Боинг-737 учагы, 12.02.2014.
Чийки мунайдын баасы бир долларга түшүп, бир баррели 99 доллардан сатылууда. Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда соода көлөмү акыркы жумада үч эсеге азайып, 11 миллион сомду түздү. Кыргыз фондулук биржасы маалымдагандай, "Эйр Кыргызстан" авиаишканасы былтыр 13 миллион 969 миң сом таза пайда тапты. Аталган сумманын 25%, же 3 миллион 492 миң сому акционерлердин дивиденд төлөмдөрүнө жумшалат.
Сырдан чыккан чыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG