Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

Борбор Азиядагы чек ара суу ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча Дүйшөмбүдө эл аралык конференция өтүүдө. Ага катышып жаткан Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев суу ресурстарын чогуу пайдалануу маселесин көтөрүп, сууну сактоо, жеткирүү жана башкарууга кеткен чыгымдар акталышы керектигин белгиледи.

1992-жылы Борбор Азиядагы беш өлкө чөлкөмдөгү суу бассейндерин колдонуу боюнча макулдашууга кол коюп, Мамлекеттер аралык суу чарбасын координациялоо комиссиясы түзүлгөн. Ташкент шаарында жайгашкан бул комиссиянын илимий-маалымат бөлүмүнүн жетекчиси, техника илимдеринин доктору, профессор Виктор Духовный аймактык суу ресурстарын башкаруудагы проблемалардын өзөгүн эмнеден көрөрүнө токтолот.

Виктор Духовный: Макулдашууга кирген беш өлкөнүн өкүлдөрү квартал сайын жолугуп, макулдашууга ылайык суу берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн режимин аныктайбыз. Учурда аймактык сууну башкарууга ар ким кийлигишип, суунун социалдык, экономикалык жана экологиялык мааниси түшүүдө. Аймактагы өлкөлөр үчүн кышкы энергия өтө маанилүү жана кымбат. Кышында сууну көп коё берүү жайында ирригацияга көйгөй жаратууда, экинчиден, кышында суу каптоолорду пайда кылууда.

Аймакта сууну башкарууга ар ким кийлигишип, суунун социалдык, экономикалык жана экологиялык мааниси түшүүдө.

Мындай жол менен сууну пайдалануу эл аралык укукка каршы келет, тилекке каршы коммерциялык кызыкчылыкты көздөгөндөр буга кайдан көңүл бурмак эле.

"Азаттык": Виктор мырза, 20 жыйырма жылдан ашуун мурун түзүлгөн макулдашуу учурдун талаптарын канааттандыра албай калган жокпу? Балким макулдашууну азыркы шартка карап кайра түзүп чыгуу зарылдыр? Маселен, Кыргызстан менен Тажикстан инвесторлорду таап, чоң гидродолбоорлорду ишке ашырып жатпайбы?

Виктор Духовный: 1992-жылдагы макулдашуу Эл аралык сууга болгон укуктун алкагында түзүлгөн, анан ал кантип эскирип калсын? Сууга болгон укук жалпы укуктук нормаларга негизделген. Мамлекеттер аралык универсалдуу документте эч бир тарап зыян тартпасын деп жазылган.

Ал эми азыр дарыянын башындагы эки өлкөдө жасалып жаткан иштер ылдыйдагы коңшуларга олуттуу зыян келтирүүдө. Жаңжал бир жактан эле чыкпайт, ал экинчи тараптын дагы реакциясын пайда кылат. Сиз айткандай, эл аралык укуктун нормалары эскирди десек, азыркы монетардык кызыкчылыкты же акча табууну гана көздөсөк – анда дүйнө жүзү мурдагыдай эле жакыр, ачкачылык баскан бойдон кала берет. Улуттар уюмунун жаратылыш байлыктарын адилет жана тең укуктуу колдонуу жөнүндө кооз ураан-чакырыктары эч качан ишке ашпайт.

Монетаризмдин принциби орносо - аймакта суу ресурстарын башкарууда эч качан тартип болбойт, анда жаңжалдарды, согуштарды, дагы ойго келбеген коркунучтарды күтсөк болот.

1992-жылдагы Европалык жана 1997-жылдагы Улуттар уюмунун конвенцияларын дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөр тааныган. Борбор Азиядагы беш мамлекет кол койгон макулдашуу дал ушул конвенцияларга негизделген.

Монетаризмдин принциби артыкчылыкка ээ болсо - аймакта суу ресурстарын башкарууда эч качан тартип болбойт, анда жаңжалдарды, согуштарды, дагы ойго келбеген коркунучтарды күтсөк болот. Мен бир катар мамлекеттер аралык уюмдардын мүчөсүмүн, Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азиядагы сууну башкарган институттардын биргелешкен тармагынын аткаруучу комитетинин катчысымын. Мен кесиптештерим менен бирге эл аралык суу боюнча укукту күчөтүү демилгесин көтөрүп келебиз. Чек аралаш сууларды башкаруунун эл аралык нормаларын эл аралык жол эрежесиндей эле баарыбыз катуу сакташыбыз абзел.

"Азаттык": Виктор мырза, ошол эле маалда улуттук өкмөттөрдүн дагы кызыкчылыгына көз жуумп койо албайбыз. Ошол эле Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрү өз калкынын курсагын тойгузуп, улуттук экономикасын көтөрүү үчүн өзү өндүргөн электр энергиясын сатууга мажбур. Алардын колунда андан башка табигый байлык жок, туурабы?

Виктор Духовный: Бул үчүн чоң суу сактагычтарды куруунун эч зарылчылыгы жок, кичи жана орто ГЭСтерди курса болот. Маселен,

Өзбекстан 1920-жылдан бери майда ГЭСтердин каскадын кура баштаган жана бул азыр дагы уланууда. Тажикстан дагы чакан ГЭСтерди курууда.

Орто жана чакан ГЭСтер гидроэнергетикалык потенциалын толук пайдаланып, суунун агымын өзгөртпөйт. Кудай берген суунун агымы менен иштеп, дарыянын ылдый жагында жайгашкан өлкөлөргө зыянын тийгизбейт. Эмне үчүн ушундай жол менен өнүксө болбосун? Ушундай жол менен деле электр энергиясын ошол эле баада өндүрсө болот.

"Азаттык": Сиз буга чейин “гидроэгоизм” деген терминди колдондуңуз. Кыргызстан менен Тажикстандын суу саясаты “гидроэгоизмге” негизделген деп айткыңыз келип турабы?

Виктор Духовный: Гидроэгоизм Борбор Азиянын суу бассейндеринде гидрогегемония орнотууга түрткү болот. Биз суунун башында жайгашканбыз, андыктан дарыянын режимин биз аныктап, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстанга көрсөтмө беребиз дегенди билдирет.

Гидроэгоизм Борбор Азиянын суу бассейндеринде гидрогегемония орнотууга түрткү болот.

Сууну пайдалануу боюнча биздин маалыматтарды карап көрсөңөр, Тажикстан менен Кыргызстандын дыйкандары туура эмес гидроэнергетикалык режимдерден улам ылдыйдагы үч өлкөнүн дыйкандарындай эле жапа чегишет.

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн калкын энергетика эмес дыйканчылык багат. Энергетика ким ага акча салса, ошонун чөнтөгүнө кетет. Эгер Борбор Азия сугат жерлерин толук пайдаланса, өлкөнүн 50% кирешесин түзүп, тамак-аш коопсуздугун камсыздайт.

Азаттык: Виктор мырза, Сиз Борбор Азиядагы ири дамбаларды курууга катышкан, стратегиялык гидроэнергетикалык долбоорлорду түзгөн топторго кирген саналуу адистердин бирисиз. Азыр өзүңүз каршы болуп жаткан Камбар-Ата, Рогун ГЭСтеринин долбоору Советтер Союзунун маалында сиз иштеген институтта түзүлгөн. Анда эмне үчүн дарыялардын башынды турган өлкөлөр гидроэнергетикалык режимди өзгөртөт деген факторлор эске алынган жок эле?

Виктор Духовный: Арал деңизинин бассейнин комплекстүү колдонуу схемасында – сиз айткан долбоорлор, ага чейинки Токтогул жана Нурек суу сактагычтары ишке берилгенде, суу аймактагы дыйканчылыкка, сугат жерлерин камсыздоо жана өздөштүрүү максатын көздөйт деп турат. Ал эми электр энергиясын өндүрүү буга кошумча ишке ашары айдан ачык жазылып, ал так сакталган. Дүйнөнүн цивилизациялашкан өлкөсүнүн көпчүлүгүндө гидроэнергетика биринчи артыкчылыкка ээ эмес. Мисалга Американы, Канаданы, Европаны карап көрсөңүз, суу сактагычты комплекстүү колдонуу ага тиешеси бар бардык өлкөлөрдүн катышуусу менен чечилет жана суу бөлүштүрүүдө гидроэнергетика артыкчылыкка ээ эмес.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG