Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Трамп: Америка биринчи орунда болот


Дональд Трамп жана жубайы Малания Трамп
Дональд Трамп жана жубайы Малания Трамп

АКШнын 45-президенти Дональд Трамп Вашингтондо ант берип, расмий түрдө кызматка киришти. Ал Американы биринчи орунга коерун айтып, бийлик элге кайтарылганын белгиледи. Ант берүү аземи Вашингтон көчөлөрүндөгү демонстрациялар менен коштолду.

Дональд Трамп Вашингтондун Капитолийиндеги миңдеген адамдардын алдында ант берип, АКШнын 45-президенти болуп калды. Ал мамлекет катчы катары алгачкы 16 мүнөттүк сөзүндө биринчи Америкага артыкчылык берем деп убада берди. Ошондой эле Вашингтондон бийликти алып, элге кайтарганын, өлкөнү кайра куруу иши башталганын айтты:

- Узак убакыттан бери борбор калаадагы чакан топ өкмөттүн пайдасын көрүп, эл чыгымын тартып келди. Вашингтон гүлдөп жатты, бирок калк анын байлыгын бөлүшө алган жок. Саясатчылар гүлдөп өсүштү, бирок жумуш орундары каралбай, фабрикалар жабылды. Истеблишмент атуулдарыбызды эмес, өзүн коргоду. Алардын жеңиши силердики болгон жок. Азыркы көз ирмемден тарта анын баары өзгөрөт. Бул силердин көз ирмемиңер, силерге таандык.

Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен
Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен

70 жаштагы Трамп 8-ноябрдагы шайлоодо демократтардын талапкери Хиллари Клинтонду жеңип чыккан. Чалгын кызматтарынын Орусия Трамптын кызыкчылыгы үчүн шайлоого кийлигишти деген билдирүүлөрү, Трамптын иммиграция, ислам дини жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу темалардагы кескин сөздөрү коомчулукта түрдүү талкууларга жем таштаган.

Ал "бүгүнтөн тарта Америкада жаңы көз караш башталганын белгилеп, исламчыл террорчулукка каршы күрөшүүгө убада берди:

- Биз дүйнө улуттары менен достук мамилени көздөйбүз. Бирок ал өлкөлөрдүн өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюу укугуна түшүнүү менен мамиле кылабыз. Биз жашоо стилибизди башка бирөөгө таңуулабайбыз, анын үлгү болушуна жол ачабыз. Биз мурдагы өнөктөштүктөрдү күчөтүп, жаңыларын түзөбүз жана радикалдуу исламчыл террорчулукка каршы маданияттуу дүйнөнү бириктиребиз. Биз Жер жүзүнөн исламчыл террорчулукту жок кылабыз.

Дональд Трамптын инаугурациясын көрүүгө келген миңдеген адамдардын арасында мурдагы президенттер, шайлоодогу атаандашы Хиллари Клинтон баштаган саясатчылар жана Конгресстин мүчөлөрү болду. Бирок Өкүлдөрү палатасындагы демократтардын үчтөн бири ант берүү аземине бойкот жарыялашты.

Бул күн Трамптын саясатына тынчсызданган топтордун демонстрациялары менен коштолду. Иммиграцияны жактагандар, феминисттик жана антирасисттик кыймылдар сыяктуу топтордун нааразылык акциялары негизинен тынч мүнөздө болду.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Бирок ант берүү аземине 90 мүнөт калганда кара кийимчен активисттер дүкөн, унаалардын терезелерин талкалап, полиция менен кагылыша кетти. 500 чамалуу адам Вашингтондун көчөлөрүндө жүрүшкө чыгып, “Америка Банкынын” жана жергиликтүү ресторандын терезелерин сындырышты.

Инаугурациядан кийин да Капитолийдин алдындагы улуттук аллеяга жакын жерде демонстранттар полиция менен кагылышты. Алар тротуарларды талкалап, көчө боюндагы гезит кутуларын жыгып жатышты. Мындай окуяларда токсондон ашык демонстрант камакка алынганы кабарланды.

Дональд Трамп ант бергенден көп өтпөй Ак үйдүн расмий сайтына билдирүү жарыяланып, “Ислам мамлекети” баштаган террордук топторду жок кылуу тышкы саясаттагы биринчи максат болоору, керек болсо АКШ агрессивдүү биргелешкен операцияларды өткөрөөрү белгиленди. Жаңы жарыяланган дагы бир билдирүүдө “башка өлкөлөр АКШнын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн ашып өтүшүнө жол берилбестиги, жогорку деңгээлдеги аскердик даярдыкка көңүл бурулары” айтылды.

Дональд Трамп ант берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG