Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Трамп Кытайды сындады


Республикачылардын талапкери Дональд Трамп 8-ноябрда президенттик шайлоону жеңип чыккан.
Республикачылардын талапкери Дональд Трамп 8-ноябрда президенттик шайлоону жеңип чыккан.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын "Твиттерде" Кытайды сынга алышы жана Тайван лидери менен сүйлөшүүсү талкуу жаратууда.

Дональд Трамптын жекшембинин кечинде “Твиттерге” калтырган эки билдирүүсү Кытай менен АКШнын алакасына доо кетпейби деген кооптонууларга себеп болду. Анда Трамп Кытайдын валюта, салык жана аскердик саясатын сынга алган.

“Кытай валютасын девальвация кылганы, Америка товарларына чоң салык салганы жана Түштүк Кытай деңизинде ири аскердик комплекс курганы тууралуу биздин пикирди сурадыбы? Мен антип ойлобойм”,-деп жазды Трамп.

Ал Кытайдын улуттук валютасы юандын кунун атайылап төмөндөтүшү америкалык компанияларды атаандаштыкта алсыратып койгонун айтып, өз кезегинде АКШ кытайлык товарларга салык салбаганын эскертти.

Кытай бийлиги Трамптын “Твиттердеги” соңку билдирүүсүнө кескин баа берүүдөн карманды. Бирок өткөн апта соңунда Трамптын Кытайдан бөлүнүүнү каалаган Тайвандын биринчи айым лидери Цай Инвэнь менен он мүнөттүк телефон сүйлөшүүсүнө нааразылыгын билдирди жана Тайван маселесине аяр мамиле кылууга үндөдү.

Тайвандын лидери Цай Инвэнь Дональд Трампка 3-декабрда чалган.
Тайвандын лидери Цай Инвэнь Дональд Трампка 3-декабрда чалган.

Трамптын администрациясында вице-президенттик кызматты аркалай турган Майк Пенс Кытай тарапты жоошутуп, Тайван лидери Трампты куттуктоо үчүн гана телефон чалганын айтууда:

“Бул телефон менен сүйлөшүү - сылыктык гана болгонун Кытайдагы кесиптештериме айткым келет. Жаңы шайланган президент менен Кытай президенти Си Цзинпиндин ортосунда деле ушундай сүйлөшүү өткөн. Анда саясат талкууланган эмес”.

Кантсе да 8-ноябрдагы президенттик шайлоодо Хиллари Клинтонду жеңип чыккан Дональд Трамп соңку 37 жылда Тайван жетекчилиги менен сүйлөшкөн биринчи АКШ лидери болуп калмакчы.

1979-жылы Бээжин менен Вашингтондун ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн кийин АКШнын Тайван менен алакасы азайган.

Тайван 1949-жылдагы жарандык согушта Коммунисттер жеңип чыккандан кийин Кытайдан бөлүнүп алган. Кытай Тайванды өз территориясы деп атап, бул арал эгемендигин жарыяласа күч колдоноорун эскертип келет.

Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги жасалма аралдары.
Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги жасалма аралдары.

Ошентип Трамптын Кытай жана Тайванга карата соңку кадамдары чет өлкөлүк гана эмес, америкалык дипломаттарды да таң калтыргандай. Жорж Буштун администрациясында мамлекеттик катчынын Чыгыш Азия боюнча жардамчысы болуп иштеген элчи Кристофер Хилл CNN менен маегинде Кытай менен мамилени бузуп албоого чакырды:

“Бизде Кытай боюнча 40 жылдык анык саясат бар. Мындай окуя Рейгандан Барак Обамага чейинки президенттердин тушунда да болгон эмес. Бул саясат бузулуп жатат. Жаңы келе турган администрацияда импровизациялоо тенденциясы көп байкалып жатат. Катаны моюнга алгандын ордуна аны эки эсе көбөйтүү көрүнүшү мени тынчсыздандырып жатат. Бул чоң ката. Бизде Кытай менен ансыз деле көп маселе бар. Мунун азыр кереги жок”.

Мамлекеттик катчы Жон Керри болсо жекшемби күнү Вашингтондо сүйлөп, башка өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө кеңешип коюу пайдалуу экенин айтты.

Адистердин баамында, Дональд Трамптын соңку кадамдары АКШнын жаңы администрациясынын Азияга карата саясаты мурдагыдай уланбашы мүмкүндүгүн ишара кылды. Трамптын “Твиттердеги” күтүүсүз билдирүүлөрү уланса, бул сырткы саясатта кыйынчылыктарга жол ачышы мүмкүн дегендер да бар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG