Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Мындан эки жыл мурун Бостондо болгон терракт үчүн айыпталган 21 жаштагы чечен жигит Жохар Царнаевди сот арачылар өлүм жазасына буюрду. Адвокаттар чечимди арыздана тургандыгын айтышты.

Айрым юристтер болсо Царнаевге чегерилген жаза өмүр бою эркинен ажыратууга өзгөртүлүшү мүмкүн экенин айтышууда. Мындай чечимди ишти караган федералдык судья кабыл алышы ыктымал. Царнаевдин адвокаттарынын доо арызын кароо, деги эле бул процесс узакка созулары белгилүү болуп калды.

Жума күнү сот арачылар 2013-жылы Бостон шаарындагы марафон учурунда терракт уюштурган деп айыпталып жаткан 21 жаштагы Жохар Царнаевди дары куюу менен өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарды. 12 адамдан турган сот арачылардын тобу он төрт сааттык талкуудан кийин ушундай чечимге келди.

Сотко катышкан “Америка добушу” радиосунун кабарчысы Фатима Тлисова билдиргендей, өкүм окулуп жатканда Жохар эч кандай эмоциясыз, манжаларын кырсылдатып, өңү кумсарып турду. Залдагы айрым сот арачылар менен процесске катышып отургандар көз жаштарын жашыра алышкан жок.

Ишти караган федералдык судья Жорж О'Тул үн катпай отурган Жохарды залдан алып кетээрдин алдында “сот маалында жана өкүм угузулуп өзүн адептүү жана татыктуу алып отурганына" ыраазычылыгын билдирди.

Процесстен кийин Царнаевдин адвокаттары журналисттерге эч кандай билдирүү жасаган жок. Анткен менен адвокаттар Жохар марафондон кийин полициянын огунан өлгөн агасы Тамерландын тилине кирип, ушундай кылмышка барганын соттун аягына чейин жүйө кармашты.

Өкүм адилеттүү чыкты деп тапкан прокурор Кармен Ортисти “Бул процессте биздин максатыбыз сот арачылардын адилетүү чечим чыгаруусу үчүн туура жана толук маалымат менен камсыздоо болчу. Биз бул тапшырманы аткардык деген ишеничтебиз. Биз бүтүндөй дүйнөгө адилеттүү жана бейтарап сот арачылары кандай болоорун көрсөттүк” - деп айтты.

Жохар Царнаевге 2013-жылы Бостондогу марафон маалындагы жардыруу үчүн 30 пункт боюнча айып тагылган. Алардын он жетиси Жохарды өлүм жазасына тартууга негиз берет. Сот арачылары жети пункт боюнча бир чечимге келип, дал ушундай өкүм чыгарууну туура көрүштү.

Бостондогу марафондо жабыркаган Карен Брассард “Албетте, адамдын өмүрүн алуудан жаман эмне болсун. Ошентсе да мени өкүм канааттандырды. Мен сот арачыларг ыраазымын, чечимди адилеттүү деп эсептейм” - деп билдирди.

АКШнын мыйзамы боюнча бир нече аптадан соң сот акыркы чечимди чыгарышы керек. Бул күндүн так датасы азырынча белгисиз. Айрым юристтер дал ошол учурда сот чечимди өзгөртүп, Царнаевди өлүм жазасына тартпай, өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарышы мүмкүн экенин айтышууда.

Андай күндө эксперттердин айтканына караганда, адвокаттар доо арыз менен кайрылышат жана сот процесси узакка созулат. Эгерде өлүм жазасына тартан өкүм күчүндө калса дагы тез арада ишке ашпайт. Юристтер өкүм бери дегенде он жылдан кийин аткарылышы ыктымал деп божомолдошот.

Өлүм жазасына тартуу боюнча жаңыланган мыйзам АКШда 1988-жылы кабыл алынгандан бери 234 адамга мындай өкүм чыккан. Алардын 154нүн жазасы өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылса, 80нин өкүмү өзгөрүүсүз калган. Ошондон бери алардын ичинен үч гана өкүм ишке ашкан.

Царнаевдин иши боюнча АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун ишине тоскоол болууга аракет кылган деген айып менен Жохардын жакын достору казакстандык Диас Кадырбаев менен Азамат Тажаяков жана кыргызстандык Хайрулложон Матанов да соттолуп жатат. Алар ушул тапта камакта.

Царнаевге чыккан өкүмдөн кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Нью-Йорктогу Казакстандын Башкы консулдугу Тажаяков менен Кадырбаевдин жакын туугандары, адвокаттары менен тыгыз байланышта экенин билдирди.

Казакстандык эки жигиттин соту 2-июнга жана 5-июнга белгиленген. Күнөөсүн дароо мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барганы үчүн Диас Кадырбаев жети жылга, ал эми Азамат Тажаяков жыйырма беш жылга кесилиши мүмкүн экендиги буга чейин айтылган.

Ал эми кыргызстандык 24 жаштагы Хайрулложан Матанов март айынын соңунда тергөө ишине тоскоолдук жасоого аракет кылганын мойнуна алган. АКШга 2010-жылы барган Матанов Жохардын компьютериндеги файлдарды өчүрүп, кылмыштын изин жоготууга аракет жасаган деп айыпталууда. Бир жыл мурун камакка алынган Хайрулложондун иши 18-июнда каралаары айтылган.

"Азаттыктын" архивинен: Царнаевдердин Токмоктогу балалыгы (20.04.2013)

Ага-ини Царнаевдин үй-бүлөсү бир нече жыл мурда Токмок шаарында жашаган. Кийин Орусиянын курамындагы Дагестан Республикасына көчүп барып, 1999-жылкы экинчи чечен согушунда АКШга кетишкен. Жохар 2012-жылы Кошмо Штаттардын жарандыгын алган.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG