Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Топон сууда жүздөгөн киши набыт болду


Жапониянын Мийаги префектурасына топон суу каптады. 2011-жылдын 11-марты. Reuters.

Жапониянын Мийаги префектурасына топон суу каптады. 2011-жылдын 11-марты. Reuters.

11-мартта Жапониянын түндүк-чыгышына жакын мухит тереңиндеги 8,9 даражага жеткен жер титирөөнүн айынан толкунунун бийиктиги 10 метрге жеткен топон суу Жапониянын бир катар аймактарын каптады. Цунаминин айынан бир нече жүздөгөн киши набыт болгону айтылууда. Тынч океанга чектеш Ыраакы Чыгыштагы бир катар мамлекеттерде, Орусияда, АКШда жана Австралияда цунамиге байланыштуу коопсуздук чаралары көрүлдү.


11-мартта (Бишкек убакыты боюнча күндүзгү саат 11:46да) Жапониянын түндүк-чыгышындагы жээктен алысыраак Тынч океандын таманында ири жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн чордону мухиттин 24 чакырымдай тереңдигинде болду.

Жапониянын өкмөт башчысы Наото Кан табигый кырсык тууралуу калайыкка жума күнү мындайча маалымдады:

- Жапониянын бардык тургундарына кайрылам. Өзүңүздөр сыналгыдан көрүп, үналгы аркылуу кабардар болгондой, бүгүн саат 14:46да өтө зор жер титирөө болду, анын күчү 8,9 даражага жетти.

Жер титирөөнүн чордону чукулураак деңиз жээгинен 125-130 чакырымдай алыстыкта жана Токиодон 400 чакырымдай узакта болду.

Бул ири жер титирөөдөн кийин да башка бир нече ирет жер силкинүү катталды.

Бул зилзалалар чынжыры кубаттуу цунамини пайда кылды. Ташыган мухит толкунунун бийиктиги 10 метрге чейин жеткени кабардалууда.

Кубаттуу толкун Жапониянын түндүк-чыгышындагы бир катар аймактарды каптап, көп адамдын өмүрүн алганы жоромолдонууда.

Жапониянын түндүк-чыгышындагы жер титирөө

x


Шаар-кыштактар, ишканалар, дыйканчылык талаары, нечендеген унаалар суу менен баткакка жуурулушуп калды.


Айрым газ кампалары өрттөнүп, жарылганы да көрсөтүлдү.


Жапон сыналгысы бир чоң кеме деңиз жээгинен бир нече чакырым алыстыкка чейин ширеңке кутусу сымал агызылып келип шаар ортосуна жантайып кулап калганын, цунамиден качкан унааларды түз берүүсүндө көрсөтүп жатты.

Жапония өкмөтү өзгөчө жабыр тарткан аймактарга чукул көмөк көрсөтүү үчүн атайын өкмөттүк комиссия түздү.

Жапон коомдук сыналгы каналы - Эн-Эйч-Кей Уорлд Ти-Ви (NHK World TV) компаниясынын Токиодогу башкеңсесинде да жер титирөөнүн айынан эмеректер титиреп турду.

Дал ошол маалда сыналгынын алып баруучусу мындай деп кабар таркатып жатты:

- Мен Токиодогу Эн-Эйч-Кей Уорлд сыналгысынын студиясынан баяндап жатам. Биз чоң зилзаладан кийинки жер силкинүүнү сезип жатабыз. Ушул саатта, мен баяндап аткан чагымда, студиябыздагы шамдар титирөөдө.

Дүйнө коомчулугу ушул сааттарда жапон элине тилектештигин билдирүүдө. Бириккен Улуттар уюмунун Башкатчысы Пан Ги Мун эл аралык коомчулук Жапонияга ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин айтты.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев да өз өлкөсүнүн атынан жапон элине көмөк көрсөтүү ниетин билдирди.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасынын милдетин аркалап жаткан Литванын тышкы иштер министри Аудрониус Ажубалис (Audronius Ažubalis) да жапон элине жана өкмөтүнө табигый кырсыктын курмандыктары үчүн көңүл айтты.

АКШ президенти Барак Обама 11-мартта Вашингтондогу маалымат жыйынында мындай деп айтты:

- Жапония, албетте, биздин өзгөчө бекем жана жакын шериктерибиздин бири. Бүгүн таңга маал мен премьер-министр Кан менен сүйлөштүм. Мен Америка элинин атынан алардын, өзгөчө курмандыктардын үй-бүлөлөрүнүн азаларын терең кайгыруу менен бөлүшөөрүбүздү айтып, жапон досторубузга алар муктаж болгон көмөктүн баарын көрсөтөбүз деп сунуш кылдым.

Кыргызстандыктар 12-мартта (ишемби күнү) чак түштө Жапониянын Бишкектеги элчилигине келип, набыт болгон жапондордун элесине багыштап гүл коюу жөрөлгөсүн өткөрүүгө беленденишүүдө.

Бул тууралуу бишкектиктер Фэйсбук жана Твиттер сыяктуу социалдык тармактар аркылуу бири-бирине кабар таркатышты.

Азырынча Жапониянын түндүк-чыгышындагы кыргызстандык атуулдардын тагдыры тууралуу так маалымат ала элекпиз.

Жапониядагы кыргыз элчилиги менен байланышуу аракетибиз азырынча майнапсыз аяктады. Элчилик жайгашкан аймакта калайык убактылуу көчүрүлдү деген маалыматты мурдараак сиздерге кабарлаган элек.

Кийинки берүүлөрүбүздө Жапониядагы кыргыздар тууралуу соңку кабар менен тааныштырмакчыбыз.

Негизинен, Жапония 11-марттагы сыяктуу алааматтуу жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча дүйнөдөгү өтө кылдат, тыкан жана мыкты даярдыгы бар мамлекеттердин бири.

Ошого карабастан, бул ири кырсык Жапонияда бир нече жүздөгөн кишинин өмүрүн алды го деген санааркоолор айтылууда.

“Киодо” кабар агенттигинин ишемби таңдагы маалыматына караганда, цунамиде өлгөндөрдүн саны миңден ашуун болушу ыктымал.

Бир эле Фукусима префектурасында 1800дөй үй кыйроого учураганын да алиги кабар агенттиги билдирди.

Фукусима жергесиндеги өзөктүк ишкананын турбинасында радиация деңгээли жогорулай түшкөнү кыйла тынчсызданууну туудуруп, бул ишканага жакын жерде байырлаган 3 миңдей киши башка жакка көчүрүлдү.

АКШнын аскер аба күчтөрү бул ишканага өзөктүк реакторду муздатуучу каражатты шашылыш жеткиргенин Рөйтер кабар агенттиги маалымдады.

Жалпысынан, Жапония жер титирөө улам кайталанып турган өлкөлөрдүн катарына кирет.

1923-жылы жер титирөөнүн айынан Токио шаарында 140 миңдей киши набыт болгон.

1995-жылы өлкө батышындагы Кобе шаарындагы жер титирөөнүн айынан 6400дөй киши өмүрүнөн айрылган.

Тынч океандагы башка аймактар

Тынч океандын бир катар башка аймактарында – Орусия, Кытай сыяктуу Ыраакы Чыгыштагы мамлекеттерде, Индонезия, Филиппин, Австралия, Жаңы Зеландияда жана АКШнынбатыш жээктеринде, Тынч мухиттеги аралдарда цунами коркунучуна байланыштуу коопсуздук чаралары көрүлдү.

Орусия бийлиги Ыраакы Чыгыштагы айрым жайлардан 11 миңдей киши коопсузураак аймактарга шашылыш көчүрүлгөнүн жума күнү кабардаган. Цунами Орусиянын Ыраакы Чыгышына олуттуу кесепет тийгизбегени ишемби таңда кошумча маалымдалды.

Эл аралык “Кызыл Чырым” жана “Кызыл Айчык” уюмдарынын федерациясынын коомдук байланыш боюнча кеңешчиси Садийа Кэнциг (Sadia Kaenzig) айым 11-мартта “Азаттыкка” майек куруп, жума күнкү топон суу жалаң гана Жапонияга эмес, жалпы эле Тынч океандын жээгиндеги көптөгөн өлкөлөргө олуттуу залал келтириши ыктымалдыгын баса белгиледи.

- Топон сууга кабылган аймак - өтө эле чоң. Бул кырсык ушунчалык чоң чөлкөмдү өзүнө камтыгандыктан, биз анын кесепетинен өтө санааркап жатабыз. Бул цунами олуттуу гуманитардык көйгөйлөрдү жаратты го, абдан көп бүлгүнчүлүккө алып келди го деп чочулап жатабыз.

Кэнциг айымдын айтымында, топон суунун эпкини тээ алыскы Шри Ланка, Папуа Жаңы Гвинея, Тынч океандын көптөгөн арал өлкөлөрүнө чейин жетти жана бул алааматтуу цунами миллиондогон кишилердин турмушуна ар кыл өлчөмдө кесепет тийгизээри алдын-ала жоромолдонууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG