Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Тунистеги терактка жихадчылар шектелүүдө


Тунис
Тунис

БУУнун Коопсуздук кеңеши Тунистин музейиндеги терактты айыптап, бул окуя өлкөнү демократия жолунан кайтара албайт деп билдирди

Тунистин президенти Бежи Каид Эссесби 19 кишинин өмүрүн кыйган трагедия болгон күнү кечинде өлкө терроризмге каршы айныгыс түрдө күрөшөрүн билдирди:

- Тунис кайгылуу окуяга туш болду. Кол салууну уюштургандар качып кутула албайт. Тунис ошол согушкерлерге каршы бекем туруп, аларды сүрүп чыгарышы керек.

Баш калаадагы белгилүү Бардо музейиндеги теракттан набыт кеткендердин 17си чет өлкөлүк туристтер – Италия, Франция, Испания, Германия, Колумбия жана Жапониянын жарандары болчу. Жарадар болгон 20дан ашуун кишинин көбү да чет элдиктер.

Бүгүн Токиодогу журналисттерге сүйлөп жатып, жапон премьер-министри Синдзо Абе курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты:

- Жапон жарандарынын дайынын билүүгө аракеттенип жатабыз. Азырынча колдогу маалыматтарга таянып, үч мекендешибиз окко учканын дагы үчөө жарадар болгонун айта алабыз. Жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз андай террордук аракеттерди катуу айыптайбыз жана эч качан кечирбейбиз. Эл аралык коомчулук менен кызматташтыкты күчөтүп, терроризмге каршы күрөштү уланта бермекчибиз.

Ал эми Тунистин өкмөт башчысы бүгүн коопсуздук күчтөрү атып өлтүргөн эки согушкердин ысымын атады. Анын айтымында, алар менен кошо дагы эки же үч киши болгон деп болжолдонууда. Премьердин айтымында, жоочулар адегенде автобустан түшүп жаткан туристтерге ок ачкан, андан кийин музейдин короосуна кирип барып, туш келди аткылоону улантышкан.

Тунистеги кол салуу. 18-март
Тунистеги кол салууда 20 киши өлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы кан төгүү үчүн шектелип жаткандар жергиликтүү кишилер болушу мүмкүн деп билдирди. Азырынча окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Бирок аналитиктердин көбү анын артында жихадчылар турганынан күмөн санашпайт. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, биринчи версия боюнча терактты "Ал-Каиданын" Түндүк Африкадагы бөлүгүнүн (AQMI) Тунистеги канаты ишке ашырышы ыктымал. 2012-жылдан бери иштеп келаткан "Окба Ибн Инфаа" тобуна 60 чакты согушкер кирет. Алардын бөлүмдөрү Тунистин ар бир чөлкөмүндө бар.

Экинчи версияга ылайык, кан төгүү артында «Ислам мамлекети» радикал тобу турушу мүмкүн. Топтун Тунисте уюшулган бөлүмү ушу тапта жок, бирок экстремисттердин катарында согушуп жүргөн чет өлкөлүк жарандардын арасында тунистиктер биринчи орунда турат. Сирия менен Иракта, расмий маалыматтарга караганда, 11 миллион калктуу Тунистен чыккан 3 миңдей жихадчы бар. Жүзгө жакыны Ливияда согушуп жүрөт. Алардын бир тобу кайтып келгенден кийин өз өлкөсүндө үгүт иштерин жүргүзүп, атүгүл ушул өңдүү теракттарды уюштурушу ыктымал деген кооптонуулар көптөн бери айтылып келаткан.

Жихадчылар интернетте жарыялаган маалыматтарда террорчулар адегенде парламентке жапырык жасоону көздөшкөнүн, бирок имарат катуу кайтарылгандыктан пландан баш тартышканы айтылат. Согушкерлер ушундан кийин парламенттин жанында орун алган Бардо музейине кол салууну чечкен. Дал ошол маалда депутаттар антитеррордук мыйзамды талкуулап, колго салып жатышкан экен.

Аналитиктердин айрымдары согушкерлер бул кол салуу менен Тунистеги демократиялык процесстерге сокку урууну көздөшкөнүн айтышат.

Музейдеги кан төгүү болгон күнү кечинде бир катар уюмдар менен партиялар социалдык түйүндөр аркылуу террорчулукка туруштук берүү үчүн улуттук биримдикке чакырган акция уюштурушту. Чогулгандар курман болгондордун жакындарына тилектештик билдирип, террорчулар менен күрөшүп жаткан өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнө, армиясына колдоо билдиришти.

2011-жылдын январында ошол кездеги президент Зине Эл-Абидин Бен Алинин бийликтен кулатылышы менен аяктаган "Тунис жазынан" бери өлкө мындай ири террордук кол салууга туш боло элек эле.

XS
SM
MD
LG