Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

“Араб жазынын” карлыгачында алгачкы шайлоо өттү


Алгачкы эркин шайлоого эл активдүү катышканы айтылууда.
Алгачкы эркин шайлоого эл активдүү катышканы айтылууда.

“Араб жазы” деп аталган окуялар башталган өлкөлөрдүн алгачкысы - Тунисте кечээги шайлоонун баштапкы жыйынтыктары маалым болору күтүлүүдө.

Мурдагы президент кулатылгандан тогуз айдан кийин өткөн шайлоонун натыйжасында утурумдук бийликти түзүүчү мыйзам чыгаруу ассамблеясы куралууда. Тунисте быйыл жыл башында орун алган ыңкылап, башка араб өлкөлөрүнүн калкын да авторитардык режимдерге каршы көтөрүлүүгө шыктандырган.

Араб дүйнөсүндөгү быйылкы ыңкылаптарды алгач баштаган Тунис өткөөл мезгилдин шайлоосун да алгачкылардан болуп уюштурду. Андыктан айрым баяндамачылар Тунистин тарыхый деп аталган бул шайлоосу жана анын жыйынтыктары “Араб жазын” баштан кечирген калган өлкөлөр үчүн үлгү боло аларын айтышууда.

Араб лигасынын мурдагы башкатчысы, алдыда Египеттин президенттигине талапкер болуп чыгары күтүлгөн Амр Муса Иорданиядагы Дүйнөлүк экономикалык форумда Тунистеги шайлоонун мааниси тууралуу буларды айтты:

Egypt -- Egyptian presidential candidate Amr Moussa speaks at a news conference at El Sawy Culture Wheel in Cairo, 10Oct2011
Egypt -- Egyptian presidential candidate Amr Moussa speaks at a news conference at El Sawy Culture Wheel in Cairo, 10Oct2011
-Эгер биз демократия жөнүндө сөз кылсак, демократияны жана демократиялык жараяндын жыйынтыгын кабыл алуубуз керек. Болгону ушул. Биз өнүгүүбүз, ыңкылаптарыбыз менен ойноп, аларды талкалай албайбыз. Биз демократияны тандадык, демек демократия оюндун эрежесине айлануусу абзел жана ал эмне жыйынтык бербесин биз аны кабыл алуубуз керек. Мен жыйынтык тең салмактуу болот, басымдуу көпчүлүк бир партияга же жалгыз саясий агымга ыйгарылбайт деген ишеничтемин.

Жекшембидеги добуш берүү Тунистин демократиялык жана көп партиялуу алгачкы шайлоосу болду. Анда жүздөн ашуун саясий партия ат салышты. Европанынын байкоочулары шайлоо өнөктүгү демократиялык маанайда жүргөнүн белгилешкен.

Бул шайлоонун натыйжасында куралуучу мыйзам чыгаруу ассамблеясы утурумдук жаңы президентти тандайт, утурумдук өкмөттү дайындап, бир жыл ичинде өлкөнүн жаңы Баш мыйзамын даярдоосу керек. Парламенттик жана президенттик жаңы шайлоолор жаңы Баш мыйзамдын негизинде өтөт.

Жекшембидеги добуш берүү алдындагы сурамжылоолор президент Бен Алинин тушунда тыюу салынган, өзүн азыр байистүү исламчыл деп атаган “Еннахда” (Кайра жаралуу) партиясы Мыйзам чыгаруучу ассамблеядагы орундардын көбүн аларын көргөзгөн.

Бул партиянын лидери Рашид Ганнучи мекенине Британияда 22 жыл сүргүндө жашаган соң кайтып барды. Ганнучи өз саясий уюмун Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын байистүү исламчыл “Адилетүүлүк жана өнүгүү” партиясына окшоштуруп, коомго исламдын баалуулуктарын таңылоого аракеттенбей турганын билдирүүдө.

Бирок “Еннахда” партиясынын беделинин көтөрүлүүсү тунисттик секуляристтерди камтамага салбай койгон жок. Алар өлкөнүн либералдуу жана заманбап салттары коркунуч алдында турат деген ишенимде.

Байкоочулардын баамында, эгер Тунисте исламчыл “Еннахда” партиясы ийгилик тапса, бул коңшу Египтте келерки айда өтүүчү шайлоого таасир берет. Ал жерде “Еннахданын” идеологиялык өнөктөшү “Мусулман агаиндер” кыймылы бийликке жетүгө үмүттөнүүдө.


Tunisia -- Smoke rises from fire left after clashes between security forces and demonstrators in Tunis, 14Jan2011
Tunisia -- Smoke rises from fire left after clashes between security forces and demonstrators in Tunis, 14Jan2011
Тунисте быйыл январда орун алган “Жасмин” ыңкылабы, башка араб өлкөлөрүнүн калкын да авторитардык режимдерге каршы көтөрүлүүгө шыктандырган. Бирок АКШ –Тунис ассоциациясынын президенти Жерри Соркин тунистиктер биринчи өз көйгөйүн чечүүгө көздөгөнүн айтат:

-Тунистин бүткүл кыймылды шыктандырган ыңкылабы башкаларды шыктандыруу үчүн болгон эмес. Бул өлкөнүн өзүндөгү кырдаалга карата нааразылык эле. Эртең эмне болоруна көз салуу абдан кызыктуу. Бирок оң белги бул өткөөл мезгилдин тынч кетип жаткандыгы.

Тунистеги ыңкылап жакырчылык жана өкмөттүн репрессиясы жанына баткан Мохамед Буазизи ысымдуу жаш жигиттин Сиди-Бузиди кичинекей шаарда өзүнө-өзү өрттөөсүнөн кийин тутанган. Ыңкылаптын натыйжасында бийликтен кулатылган Зин Абидин Бен Али Сауд Аравияга качууга аргасыз болуп, быйыл июлда сот аны коррпция боюнча айыптардын негизинде он алты жылга жана 70 миллион доллар айып төлөөгө сыртынан кести.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG