Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

ЭЛДИК МИТИНГ, БАКИЕВ АКАЕВДИН БИРИНЧИ КУЙРУГУ, РЫСБЕК МЕНЕН БАЯМАНДЫН ӨЛҮМҮНӨ БИЙЛИК КҮНӨӨЛҮҮ


1-июндагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары бийликтин каталыктарын сындаган жана 27-майда өткөн митинг тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

1- июндагы “Алас” гезити “1- июнь- балдарды коргоо күнү дешет... а бул “периштелерди” ким коргойт?” деген чиновниктер менен депутаттарды фото коллаж кылып чыкты.

Бул жумалык кошоматчылардын оозунан от чачырап, президент Курманбек Бакиевди, инилерин жана балдарын мактап жатышканын, ушинтип жүрүп мурдакы бийликти башка чыгарып, 15 жыл тайраңдатып, баардыгын менчиктештиртип, акыры жардан алыс кулатышканын эскертет.

“Кечээ “Бизнести тоскоолдуктан арылтабыз!” аттуу экономикалык форум өткөнүн “Алас” маалымдап, өкмөт башчы Феликс Кулов “сот системасындагы коррупцияга каршы күрөштү күчтүү” максатында Бишкек менен Ош шаарына чет элдик соттор чакырыла турганын кабарлаган. Коомчулук бул демилгени колдоп, бийликтин эң жогорку эшалонундагы коррупциядан арылуу үчүн Президент менен премьер- министрди да чет элден дайындоо же шайлоо тууралуу айта баштады” деп маалымдайт.

Ушул жумалыкта белгилүү юрист Ашыркул улу Токторбек өлкөнүн президентинин кадыр- баркын кетирген кадр саясатын сынга алган. “Азыр Кыргызстан реформаторлук духтагы, арты таза, жаңыча ойлонгон кадрларга өтө муктаж болуп турат. Экинчиден, кадр саясатында маалымдуулук, тунуктук, айкындуулук болмоюнча өлкөнүн экономикасы өнүкпөйт. Баягы эле Компартиянын, Аскар Акаевдин заманынан калган адамдарды орун алмаштырып которуп отургуза берүүдөн эч натыйжа чыкпайт” деген пикирин билдирген юрист Ашыркул уулу Токторбек.

Орусия менен Казакстандагы кыргыз диаспорлорунун “Замандаш” ассоциациясынын негиздеген, учурда өлкөнүн миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин статс- катчысы Мухтарбек Өмүракунов чет жерде иштеп жүргөн мекендештеринин көйгөйлөрүн, укуктарын айтып, Москвада мигрант болуп жүргөн Аскар Акаев бийликте турганда мигранттарга көңүл буруп, маселелерин чечип бербесе да, аны “Замандашка” мүчөлүккө кабыл алууга даяр экенин “Алас” аркылуу билдирген.

Жогорку кеңешин депутаты Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош облусуна губернатор, түштүк аймагына президенттин өкүлү болуп дайындалгандан кийин мурда бийликке койгон бир- нече талаптарын эми өзү аткараар бекен деп, анын айткандарын эсине салат 1- июндагы “Алас” жумалыгы.

1-июндагы “Апта жаңырык” жумалыгы 27-майда өткөн элдик митинг жана 29- майдагы аскердик парад, Каракече көмүр кенин бир жыл жетектеген Нурлан Мотуевдин камалышы тууралуу маалыматтарды жарыялады.

“Өзбек туугандардын маселесин курчутуп, ортого от жандырып козутуп жаткан Акүй” деген пикирин “Апта жаңырык” жумалыгы аркылуу Жогорку кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев билдирген.

27-майдагы Жалалабаттагы өзбектер уюштурган митингдеги талаптар тууралуу Жогорку кеңештин депутаты Кадыржан Батыров айтып, “Лица” жумалыгына кеңири маек берген. Ал маектешүү “Черный Айбектин артында президенттин иниси Ахмад Бакиев турат” деген заголовок менен чыкты. “Биз оор кылмыштары үчүн Айбек Мирсыдыковду 11 жылга түрмөгө отургузууга көмөктөшсөк, мага өчөшкөн Курманбек Бакиевдин иниси Ахмад Бакиев менен Ош облусунун УВДсынын начальниги Темирбаев экөө Айбекти эркиндикке кое берип, аны бизге тукуруп жатат” деп кооптонот депутат Кадыржан Батыров.

1-июндагы “Лица” гезити кабарчы Лейла Саралаеванын Москвадан эл аралык “Мээрим” кайрымдуулук фондунун төрайымы Майрам Акаева менен болгон интервьюсунун экинчи жыйынтыктоочу бөлүгүнө орун берди. Маектешүүнүн темасы “Курманбек Бакиев- Аскар Акаевдин биринчи куйругу” деп атаган Майрам Акаеванын сөзү менен башталган. Анда 24-мартта өлкөдөн кандай жагдайда чыгып кетишкени, учурда Аскар Акаевдин илимге кайтып келиши, келини Сайкал сүрөт тартып, Айдар менен ынтымактуу бирге жашап жатканы, Аскар Акаевге ар түрдүү ушак-айың айтылып, чындыкка коошпогон жалган жалаалар жабылып турганын, Акаевдин үйү дешип, чуу түшүп жаткан курулуш- жогорку даражалуу мейманкана комплекси экенин жана чет жердеги жашоо- тиричиликтери тууралуу кеңири айтып, маек курган.

“Аскар Акаев- эч качан диктатор болгон эмес, ал абдан кең пейил адам. Диктаторлук анын мүнөзүнө да жарашпайт. Учурда аны негизсиз каралап, жаңы бийлик жамандап жатат. Анын бардык ишмердүүлүгүнө көөп жаап, Кыргызстанды эл аралык аренага таанытканын танып турушат.Тарыхый учур келгенде баары өз баасын алып, ордуна келет. 24-марттагы төңкөрүштү криминалдык күчтөрдүн, наркомандардын жардамы менен ишке ашырышканын өздөрү айта баштады. Биздин эмгекти чет жердеги достор унутушкан жок. Чыныда эле Курманбек Бакиев Аскар Акаевичтин учурунда бийликтен баардык тепкичтеринде армансыз эле тайраңдады. Бакиевди Аскар өстүрдү, анын анык биринчи куйругу Курманбек Салиевич. Кыргызстан жаңы бийликтин учуруда кыйроонун, талап- тоноонун алдында турат",- дейт Майрам Акаева.

Ош аймагындагы ыңкылаптын башында Баяман Эркинбаев менен Дүйшөнкул Чотонов турганын “Лица” жумалыгы талдоого алып, “Ата мекен” партиясынын лидерлеринин бири, экс депутат Дүйшөнкул Чотонов менен кеңири маектешүү уюштурган. “Баяман Эркинбаевдин өлүмү- саясый мүнөздө болду.Анын өлүмүнүн артында жаңы бийлик турат” деп айтуу менен Дүйшөнкул Чотонов Ош жергесиндеги ыңкылаптын тутанышын, ошол учурда Үсөн Сыдыков коркуп, үйүндө отурганын, учурдагы жаңы бийликтин каталыктарын айткан.

Кыргызстанда дагы бир жаңы гезит “Лозунг” деген ат менен пайда болду. Анда Жогорку кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун “Рысбектин өлтүрүлүшү бийликтин кадыр- баркын дагы төмөндөттү” деген маеги басылды. Ошондой эле ушул жумалык мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун ишмердүүлүгүн сынга алган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG