Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Алепподо айыгышкан кармаш жүрүүдө


Алеппо
Алеппо

Сириянын Алеппо шаарынын чыгыш тарабында айыгышкан салгылашуу жүрүүдө.

Ири турак райондорунун биринде өкмөттүк күчтөр жана алардын союздаштары бул аймакты көзөмөлдөгөн куралчан оппозицияны сүрүп чыгарууга аракеттенүүдө.

Өкмөттүк маалымат каражаттары президент Башар Асадга баш ийген аскерлер бир нече кварталды ээлегенин кабарлоодо.

Сирияда ок атышпоо тууралуу АКШ жана Орусиянын ортомчулугу менен кабыл алынган келишим бир жума кармалып, 19-сентябрда кайра бузулган. Ошондон бери кармаш кайра уланды. Бул үчүн Вашингтон менен Москва бирин-бири айыптоодо.

Укук коргоочулар соңку бир апта ичинде Алепподо 237 адам набыт кеткенин айтып жатышат. Алардын 38и - балдар. (RK)

XS
SM
MD
LG