Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Жакартанын губернатору исламга шек келтирди деп айыпталууда


Жакартанын губернатору Басуки Чахая Пурнама.
Жакартанын губернатору Басуки Чахая Пурнама.

Индонезиянын баш калаасы Жакартада губернатор Басуки Чахая Пурнамага каршы 200 миңдей адам нааразылык билдирип чыкты.

Губернаторго ислам динин мазактады деген айып тагылууда. Мусулмандар басымдуулук кылган Индонезиянын прокурорлору анын иши сотко кетиши мүмкүндүгүн айтышты.

Теги кытай Пурнама Жакартаны жетектеген биринчи христиан губернатору болуп саналат.

Ал сентябрь айында Курандын аяттарын колдонуп аны колдобоого чакырган тараптар добуш берүүчүлөрдү алдап жатат деп билдирген. Ислам топтору губернаторду Куранды сындады деп айыпташып, ага каршы арыз жазышкан. Пурнама бул айткандары үчүн кечирим сураган.

XS
SM
MD
LG