Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Өзбекстан менен АКШ алакасы талкууланды


Ташкентте АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюм менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жолукту. Анда өлкөлөр ортосундагы кызматташтык маселелер, эл аралык жана аймактык көйгөйлөр тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө 1-февралда Ташкентте өткөн АКШ-Өзбекстан соода палатасынын кезексиз жыйынында кабыл алынган чечимдер да каралды. Анда палатанын төрагасы Кэролин Лэмм Кошмо Штаттар Өзбекстанды Борбор Азиядагы башкы өнөктөш катары эсептей турганын жана өлкө менен натыйжалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

Дэниел Розенблюм менен Абдулазиз Камиловдун жолугушуусуна АКШнын Өзбекстандагы элчиси Памела Леора Спратлен да катышты.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда АКШ компанияларынын катышуусундагы 164 ишкана ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Алардын 122си биргелешкен ишкана болсо, 42си толугу менен чет өлкөлүк инвесторлорго таандык.

XS
SM
MD
LG