Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

Улуу Памир - 35: Акбар Кутлу


Акбар Кутлу ооган кыргыздары тууралуу жазып жаткан китебинен үзүндү окууда. Эржиш шаары, Түркия.

Акбар Кутлу ооган кыргыздары тууралуу жазып жаткан китебинен үзүндү окууда. Эржиш шаары, Түркия.

Көк мелжиген аска-зоолордо бүгүн да таштан чегилген айкелдери «катып» турган Акбар Кутлу агасы Малик экөө көркөм өнөрдү тоо коюнунда өз алдынча өздөштүрүшкөн. Бүгүн түркиялык университетте сабак берген Акбар Кутлунун чыгармачылыгын жаштайынан атасы Рахманкул хан колдоп, колдон келген шартын түзүп берген.

Өмүрү партада отурбаган, жалаң тоо-таштын арасында жүргөн бала, кантип заманбап искусствонун сыйкырына арбалып, кантип Түркиядагы белгилүү университеттердин биринде кадырлуу мугалим болду? Бул суроого хандын эрке баласы турбайбы дешиңиз мүмкүн, анын да чындыгы бар.

Анын үстүнө Акбардын атасы, айтылуу Рахманкул хан эки уулунун (Акбар менен Малик) көркөм өнөргө кызыгуусун эрте баамдап, колдон келишинче шарт түзгөн. Бирок тубаса шыгы болбосо, ачылбаган сыр сандык жабылуу бойдон калат беле, ким билет.


Вандагы эки жар

Акбар Кутлу тууралуу 2003-жылы Мерсинде (Түркиянын түштүгүндөгү шаар) кыргыз таануучу Гундула Салктын үйүндө болгондо уккан элем. «Биз Мерсинде Акбар менен Маликтин көргөзмөсүн уюштурдук» деп айткан эле Салк айым, бирок анда эки сүрөткер ага-иниге жолуга алган эмесмин.

Туз буйруп, Түркиянын алыскы Ван аймагындагы ооган кыргыздарынын «Улуу Памир» айылынан кайтып келатып, район борбору Эржиште Акбар Кутлунун көл кылаасындагы өнөрканасына баш багып калдым.

Жаркыраган чоң залдын дубалын бойлото сүрөттөр коюлган, ортодо айкелдер. Шыбы бийик, терезелери чоң залда өнөркана ээси Акбар Кутлу Ван 100-жыл университетинин алдындагы Эржиш Меслек колледжинде сүрөтчү болуп иштейт жана көркөм өнөрдөн сабак берет.

Шыңга бойлуу, көгүш түстөгү костюм кийген, галстукчан мугалимдин ак аралаган чачы улам көзүнө түшүп, калыңчасынан келген муруттары ар жакка сербейет. Чоң кара көздөрү адамга өтө астейдил, сылык тигилет.

Акбар Кутлудан видео дубай салам:

Бишкекте азыр калбай бараткан өтө сыпаа интеллигенция өкүлүндөй, бир аз тартынчаак көрүнгөн Акбар Кутлу Ооганстандын Памиринде мындан 60 жыл мурда жарык дүйнөгө келген. Аны Эржиш шаарчасынын жаштары жакшы билишет, себеби Кутлунун ак таштан чеккен айкели университеттик кампустун кире беришинде турат. Студенттер жергиликтүү элдин Жусуп менен Зулайкасы саналган уламыштагы Эмра менен Селвинин сагынычта жолуккандай айкалышкан эстелигин карап, суктанып өтүшөт. Айкел аталган окуу жайдын эмблемасы болуп калган.

Акбар Кутлу өнөрканасын айлана басып, жыгачтан жонулуп жасалган айкелдерин көрсөттү. Далбаска түшүп кыйкырган кишилердин түспөлү мага норвегиялык экспрессионист Мунктун «Кыйкырык» деген чыгармасын эске салды. Айырмасы Эдвард Мунктун сүрөттөрү жаратылыштын кыйкырыгы болсо, Акбар Кутлу адамзатынын өкүттүү бакырыгын жыгачтан чапкан экен:

- Бул «Тариат», фарсы тилинде «бакырык» дегенди билдирет. Мен зомбулуктан, акыйкатсыздыктан кыйналган адамдарды көрсөткүм келди.

Жылан менен кармашкан кыздын айкели, Акбар Кутлу

Жылан менен кармашкан кыздын айкели, Акбар Кутлу

Зомбулук демекчи, экинчи айкел оогандык кыргыздар үчүн бүгүн да актуалдуу болгон кыздардын татаал тагдырын чагылдырат. Сары жыгачтан чегилген кызды туурасын билектей болгон зор жылан чырмап алган. Кыз да моюн бербей жыланды эки колдоп көтөрүп, ыргытып жиберчүдөй алга умтулган бойдон катып турат.

Акбар Кутлу: Бул айкелдин мааниси (ушундай). Ооганстанда кыздарды зордук менен турмушка чыгарган. Мындай нерсе ооган кыргыздарында да болгон. Пулга, малга сатышкан. Калыңы көп экен деп, кызын зордоп күйөөгө бергендерди мен өз көзүм менен көргөм. Кыздын көңүлү жок болсо да, ыйлап-сыктап кете берген.

Байдын баёо баласы

Нан болсо, ыр да болот демекчи, итке минген кедейдин баласы болсо, Акбардын өнөрү өркүндөйт беле ким билет. Акбар Кутлу муну өзү да моюнга алат. Акбардын атасы Рахманкул хан анын агасы Малик экөөнүн өнөргө болгон кызыгуусуна камкор мамиле жасап, колунан келишинче шарт түзүп берген.

Дээринде бар балдар Кичи Памирдин көк асманына, төбөсүн ак кар баскан тоолорунун көркүнө арбалып чоңоюшат. Акбар ошол кезде таштан адамдын сөлөкөтүн чегет, ылайдан топоз чампалайт. Бул айкелдер бүгүн да Памирдин кокту-колотторунда турса керек.

Аксакал көркөм өнөргө кызыгуу ойгонгон мезгилди дааналап, эстей албады:

- Тоонун башында жүрүп кандайча өнөргө кызып калганыбызды азыр да билбейм. Агам Малик экөөбүз бирге жүрөт элек. Ал менден эки жаш чоң эле. Энеден төртөө болчубуз, мен 10-11 жашта экенимде (энеден) жетим калдык. Малик экөөбүз эч айрылган эмеспи. Бирөөлөр менен да ишибиз болгон эмес. Кызыкканыбыз сүрөт, айкел. Атама (чет элдик саякатчылар келгенде Европадан бери) журнал, гезит ала келишет эле, андан сүрөттөрдү көрчүбүз. Кагаз, калам таап алсак, сүрөт тартчубуз. Башкалар «булар мал карабайт, оокат менен иши жок» деп айтышат эле. Биз ынабайбыз, тоого барып, курт-кумурскаларды карайт элек. Биздин ишибиз ошол эле.
Бернард Репонд Акбар Кутлу менен Пакистанда таанышкандан бери кол үзүшпөй келет.

Бернард Репонд Акбар Кутлу менен Пакистанда таанышкандан бери кол үзүшпөй келет.

Акбар Кутлу менен Бернард Репонд ооган кыргыздары Пакистанга ооп келгенде таанышкан.

Бернард Репонд: Малик, Акбар экөө тең Европадагы, АКШдагы көркөм өнөрүндө эмне болуп жатканына өтө кызыгышчу. Искусстводогу соңку ыкмалардан такай кабардар болуп турушчу. Би-Би-Синин фарсы тилиндеги берүүлөрүн үзбөй угуп, көркөм өнөр чөйрөсүндөгү жаңылыктарды жакшы билишчү.

Карагай эмес, бадал өспөгөн Памирде Акбарга атасы Кабулдан бери жыгач жүктөп келип берчү экен.

Бернард Репонд: Атасы Акбардын өнөр дегенде ичкен ашын жерге койгон шыгын баамдаган. Кабулга барганда жыгач алып келип турган, анткени жыгачтан айкел жасоо ташка караганда оңойураак болгон. Акбар бычак менен жыгач жонуп баштаган. Ал айкелчиликти эч жактан окуган эмес, өзү үйрөнгөн.

Пакистандан кийин швейцариялык ишкер Репонд Акбар Кутлу менен жакшы тааныш болуп калат. Акбар ага «Биз эми Кыргызстанга бара албайбыз, эгер колуңдан келсе, ошол жакка бар, биздин элди көр» деп айтат.

Айткандай эле ишкер 1990-жылы Бишкекке келип, ошондон бери Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында малчылар колдонгон 50дөн ашык көпүрө куруп, мурда курулгандарын оңдоттурду. Анын «Памир көпүрөлөрү» деген ассоциациясы быйылтан баштап, Алайда жана Тажикстандын Мургаб өңдөнгөн бийик тоолуу өрөөндөрүндө көпүрө куруу иштерин улантууну пландап жатышат.

Бири кем дүйнө

Акбар Кутлу кененчилик турмушта чоңоюп, өзү сүйгөн кесипте иштеп келет. Бирок телегейи тегиз адам жок экен, жаны бирге агасы Маликти эки жыл мурда 60ка эми чыкканда шум өлүм алып кетти.

Акбар Кутлу: Ушинтип, жетим калдым. Азыр агамдын эмгектеринин бир канчасы турат. Көбү ар жакта калып, жоголду. Малик да Ван университетинде сабак берди. 17 жыл ушул жерде иштедик.

Ван университети ага-инини ишке алып, аларга сүрөтчүлүк кызмат бергени менен, атайын окуу жайды бүткөн эмес деген негизде, аларга профессорлук наам ыйгарган эмес.

Памирдеги "кыл көпүрө", Малик Кутлу тарткан сүрөт

Памирдеги "кыл көпүрө", Малик Кутлу тарткан сүрөт

Конок ээси өнөрканасын кыдыра басып, төрдө коюлган агасы Малик Кутлунун сүрөттөрү менен тааныштырды. Алардын бири өзгөчө көзгө жугумдуу. Жомоктогудай кооз боёктер менен тартылган полотнодо көк мелжиген тоо, этегиндеги шар аккан суудагы көпүрөдөн атчан жана жөө адамдар өтүп баратат. Көрсө бул Памирде Рахманкул хандын эли өрөөнгө мал айдап барган жолдогу «кыяматтын көпүрөсү» экен:

Акбар Кутлу: Кыргыздар Файзабад, Кабулдан аштык алып келет эле, топоздун этин, жүн, май, курут алып барып, буудай-арпага алмаштырчубуз. Бул сүрөттө ошол татаал жолдогу Баарек деген тар көпүрө, андан көп ирет ат-мат, улоолор учуп кеткен. Кыяматтын кыл көпүрөсүндөй бар болчу.

Дубалдагы сүрөт

Акбар Кутлу сүрөт да тартып, ыр да чыгарат. Азыр Памирдеги жашоо тууралуу китеп жазып жатат:

Китептен үзүндү: "Биз кичик, Абдылвакил агам аштыкка барганга жарабаган. Анан Малик экөөбүз аштыкка бардык. Памирде буудай, арпа, дарак деген болбойт. Чөптөн башка эч нерсе өспөйт. Жыгач өскөн жерди үч күн ат менен жүргөндө көрөсүң. Ваханга барып, вахилерден арпа, буудай сатып алат элек. Аштык алып келүү үчүн 20 күн жол жүрөсүң. Аштыкты сатып алып, тазалап, тегирменге тартып, бир ай, 40 күн дегенде үйгө келесиң.”

Акбар Кутлу: Бул жазмамдын башталышы эле. Рахманкул кандай болгондугун, (Ооганстандан) кандай көчкөнүбүздү жазып жатам. Азырынча, араб арибинде бир-эки дептер жаздым, анан латын арибине котором. Өзүбүз тарткан сүрөттөр менен кошо чыгарабыз.

Ага-ини тарткан сүрөттөрдүн кээ бирлерин китепке чыгаруу мүмкүн эмес, анткени алар дубалдын бетинде калган. Алардын айрымдарын Бернард Репонд 2010-жылы ооган Памирине барганда көргөн.

Памирлик кыргыздардын өрөөндө отурукташкан вахи деген эл менен алыш-бериши болгон. Рахманкул вахилердин эл башчыларынын бири Салаудин дегендин Калай-Панжа деген кыштактагы үйүнө көп барчу экен. Мына ушул киши ооган кыргыздарынын швейцариялык досуна бир ирет Акбар менен Маликтин сүрөттөрүн көрсөтөт:

Бернард Репонд: Мен Салаудин менен азыр да кабарлашып турам. Ал менин Рахманкулдун өмүр баянына кызыкканымды билчү. Бир ирет Ишкашимден келатып, алардыкына кайрылып калсам, «Жүр, сага бир нерсе көрсөтөйүн» деди. Короосунда эски үйүнө кирдик. Азыр ал жаңысында жашайт. Ошол эски үйдүн дубалдарында Малик менен Акбар тарткан сүрөттөр бар экен. Аркар-кулжа, койчулар, төөлөрдүн сүрөттөрү экен. Көмүр, анан кадимки эле май боёк менен тартылган. Кийин сурасам, Акбар агасы экөө «Ооба, биз ошол жакка токточу элек» деп айтышты.

Мургабга музей буйруйбу?

Акбар Кутлу агасы экөө Түркияга келгенде, мугалим болуп иштеп, өз чыгармачылыгы менен кадыр-барк күтө алышты. «Акбар менен Малик Түркияда бат эле элге аралашып кетишти, себеби алар университетте иштеп калышты. Жана аларды түрк студенттери абдан сыйлашат» дейт Бернард Репонд.

Репонд маал-маалы менен Акбар Кутлуну Швейцарияга чакырып, анын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүп келет. Акбар агасы экөө Памирде жашап жүргөндө эле Ооганстандын Маданият министрлигинин колдоосу менен жылда Кабулда көргөзмөлөрү өтүп турган.

Өнөрлүү уулдарына карамдуу Рахманкул хан өзү да ыр жазып, сүрөт тарткан.

Өнөрлүү уулдарына карамдуу Рахманкул хан өзү да ыр жазып, сүрөт тарткан.

Экөөнүн алтургай ошол кезде Швейцария, Германияда сүрөттөрү көргөзмөгө коюлган экен.

Бүгүн алардын чыгармачылыгын Кыргызстанда анча биле беришпейт. Балким Бишкекте музей ачса болот беле? Репонддун ишениминде, мындай жайдын Рахманкул хандын киндик каны тамган Мургабда болгону туура:

Бишкекте музей жетиштүү эле бар. Андай жайдын Рахманкул хан туулган Мургабда болгону жакшы. Мургабда этнографиялык музей ачышса, анын бир бөлүмүн Рахманкул хандын, анын элинин Кичи Памирдеги жашоосуна арнап койсо болот. Акбар менен Маликтин айрым айкел, сүрөттөрүн Бишкекте коюшса, калгандарын Мургабта сактаган туура.

Сөз соңу

Кедейдин жетим баласы Гапар Айтиев советтик системанын аркасы менен көркөм өнөрдүн туу чокусуна жете алган.

Бапестеген мамлекет, жогорку билимдүү мугалимдери болгондо, Акбар Кутлу деле Гапар Айтиевден кем эмес атактуу сүрөткер болмок беле.

Тагдырдын буйругу менен түрк жергесинде иштеп калган Акбар мырза СССР кулагандан бери Кыргызстанда көп ирет болду. Болуп, көркөм өнөрдү окутуунун деңгээлиние кыйла суктанды:

Кыргызстанда санаттын (көркөм өнөрдүн) абалы, кадыры жогору. Бишкекте бир лицейге бардым, орто мектеп экен, ошондо балдар сүрөт, айкел сабактарын окушат экен. Жөнөкөй мектептерде көркөм өнөрдү мындай деңгээлде окутканын мен Түркияда көрбөдүм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG