Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Бириккен Улуттар Уюму Орусиянын өкүлүн эскерди


Виталий Чуркин
Виталий Чуркин

Орусиянын Улуттар Уюмундагы өкүлү Виталий Чуркин 20-февралда Нью-Йоркто жумуш ордунда жан берген. Ал жүрөгү токтогондон улам акыркы сапарга аттанганы айтылууда. Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын теңтөрагасы болуп турган Бириккен Араб Эмиратынын Улуттар Уюмундагы өкүлү Лана Нусейби дүйшөмбү күнү делегаттарды Виталий Чуркинди эскерүүгө чакырды:

- Мен баарыбыздын атыбыздан өлкөгө, Орусия өкмөтүнө, Орусиянын Улуттар Уюмундагы миссиясына жана эң биринчи кезекте элчи Виталий Чуркиндин жубайы жана эки баласына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ал баарыбыздын кымбаттуу коллегабыз эле, ал өз өлкөсүнө терең берилген жана биз билген эң мыкты адам эле. Мен бүгүн үнсүз туруу менен анын элесин эскерүүнү каалайм. Ордуңуздардан турууңуздарды суранам.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш Виталий Чуркинди “уникалдуу чебер дипломат” деп атады. Орусияга АКШ, Франция, Британия жана башка өлкөлөрдүн БУУдагы өкүлдөрү да көңүл айтты. (AiT)

XS
SM
MD
LG