Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Өзбекстан Жакынкы Чыгышка, Африкага автомобиль экспорттоодо


Өзбекстанда чыгарылган машинелер.
Өзбекстанда чыгарылган машинелер.

Өзбекстанда чыгарылган жеңил автоунаалар жакынкы Чыгыштын 9 өлкөсүнө жана Африкага экспорттоло баштады. Маалыматка ылайык, машинелер Бириккен Араб Эмирлиги, Ливан, Иордания, Ирак, Гана, Сенегал, Кот д’Ивуар, Сомали жана Нигерияга жеткирилүүдө.

Экономика министрлигинин жана Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматтарына ылайык, өлкө Улуу Британияга күч агрегаттарын жана кыймылдаткыч тетиктерин, Латвияга дөңгөлөк дисктерин да ташып жатат. Автомобиль чыгарган улуттук «Узавтосаноат» компаниясы КМШ өлкөлөрүнүн базарларына сатууларды көбөйтүү үчүн чара көрүүдө.

Буга чейин Өзбекстанда чыгарылган машинелер Орусияга көбүрөөк экспорттолгон.

2015-жылдын аягында Ravon жаңы брендинин бет ачары болуп, GM Uzbekistan өндүрүшүндөгү автомобилдердин экспорту башталган.

Асака шаарындагы автоунаа заводунда Tico, Damas, Matiz, Nexia сыяктуу машинелер чыгат.

XS
SM
MD
LG