Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Түркияда Twitter иштебей калды


Эрдоган буга чейин Facebook менен YouTube сайттарына да тыюу салууну буйруганы белгилүү.
Эрдоган буга чейин Facebook менен YouTube сайттарына да тыюу салууну буйруганы белгилүү.

Түркияда өткөн аптанын этегинде Твиттерге тыюу салынды. Буга өлкөдөгү коррупциялык жаңжал боюнча интернетте таркап кеткен кабарлар себеп болду. Өлкөнүн премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Твиттерди түп тамырынан бери сууруп жок кылууга касам ичкенден кийин ал Түркиянын аймагында иштебей калды.

Түркияда 30-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Анын алдынан Твиттерде жумурияттагы башкаруучу “Акыйкаттык жана өнүгүү” партиясынын жана азыркы бийликтин беделине шек келтирген коррупциялык иштер боюнча маалымат жайнап кетти. Партиянын лидери, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жума күнү Бурса шаарындагы эл алдында сүйлөгөн сөзүндө:

“Бул “Твиттер, Шмиттерлер!”... Кызык экен буларың. Азыр сот чечимин чыгарды, биз Твиттердин тамырын сууруп жок кылабыз. Дүйнөдө баары буга тынчсыздана баштайт дешет – мага баары бир! Алар Түркия Республикасынын чыныгы күчүн көрө элек! Ал эркиндик-перкиндик менен байланышы жок. Эркиндик башка бирөөнүн ишине кийлигишүү дегенди билдирбейт”, - деп кыжыры кайнап турганын жашырган жок Эрдоган.

Премьер сөз кылган эл аралык коомчулуктан билдирүү деле көпкө күттүргөн жок. Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жен Псаки ошол эле күнү Вашингтондогу маалымат жыйынында сүйлөп: “Көз карандысыз жана цензурадан эркин медиа - демократиянын, ачык коомдун маанилүү бөлүгү. Анткени ал бийликтеги ачыктыкты, анын өз аракеттерине жооптуу болушун камсыздап турат, - деди. - Түркиянын азыркы аракети - анын өзүнүн демократиянын жогорку стандарттарын сактоо жана сырттан инвестиция тартууга болгон каалоосуна каршы келе турган иш”.
"Твиттерде" Эрдоганды 4 млн.дон ашуун адам окуйт.
"Твиттерде" Эрдоганды 4 млн.дон ашуун адам окуйт.
Эрдогандын өзүнүн Твиттерде төрт млн.дон ашуун окурманы бар. Ал акыркы ирет Твиттерге ошол тыюу салынгандан бир нече саат мурдараак шайлоо өнөктүгүнүн алкагында маалымат жазган.

Түркияда бул социалдык микроблогду колдонууга тыюу салынганынын себеби былтыркы жылдын декабрында ачылган коррупциялык иш менен байланыштуу. Ал ишке Эрдогандын “Акыйкаттык жана Өнүгүү" партиясы жана азыркы бийликтин башында тургандардын катыштыгы болгонун күбөлөндүргөн далилдер соңку күндөрү интернетте, өзгөчө Твиттерде кеңири тараган.

Шайлоо алдында азыр ал партиянын рейтинги бир топ түшкөнү, өлкөдөгү үч эң ири шаардын - Стамбул, Анкара жана Измирдин – бирөөндө гана партия өзүнүн талапкерин мэрликке алып келе алат го деген сөздөр жүрүүдө.

Мамлекеттеги негизги оппозициялык партия – Республикалык Элдик партиянын – депутаты Левент Көк Анкарада журналисттерге сүйлөп: “Муну алар каалайбы-каалабайбы, тыюу жакын арада алынып салынат. Түркиянын дүйнөдө кадыр-баркы түшүп, имиджи бузулду. Бүт цивилизациялуу өлкөлөр азыр бул үчүн Түркияны сындап жатышат. Республикалык элдик партия катары биз элдин атынан башкаруучу партиянын акыйкатсыз аракетине каршы сотко кайрылдык”, - деди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG