Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:34

“Эл ичи - өнөр кенчи” дегендей, бул блогдо түркиялык кыргыз Саадат Каякесер аксакалдын жомогу менен бөлүшкүм келди. Эми максат - жомок айтып көңүл ачуу эмес, андагы ата-бабадан мурас калган терең ойлорду эскерте кетүү жана түркиялык бир туугандарыбызды жакыныраак таануу.

Жөө жомок илгертен бери элдин дүйнөгө жана турмушка көз карашын чагылдырган, муундан муунга көчүп өткөн көркөм чыгарма. Профессор Сулайман Кайыпов “Жок жерден жомок жаралбайт” аттуу китебинде: “Катардагы, калыбына түшө элек, аргын-тергин калктардан айырмасы болбогон тарыхы тайыз, уңгусу кыска, уучу куру, келечеги жок эл эч качан жомок жаратып, аны орошон салтка айлантып айта албайт; жомок деген-тарыхтын татаал, кыйын сыноолорунан муңбай өтүп, түбөлүк жашай берчү, күнү келгенде өзүнөн канча эсе көп элдерге жол көрсөтчү, түбү түптүү, турпаты асыл, тарыхы терең, тажрыйбасы мол, адамдары нарктуу элдин жүлүнүнөн сызып чыккан, касиеттүү казына” деп жазган.

Саадат аксакалга Түркиядагы кыргыздар жашаган Улуу Памир айылына ата-бабадан калган накыл кептерди чогултуу максатында барган экспедицияда жолуккам. Жолдо көз айнекчен, таяк таянган атаны көрүп эле жанына жетип бардым. Бир аз баарлашкандан кийин Саадат ата "Көңүлүңдү кыйбай, билгенимден бир-эки ооз айтып берейин, чырагым" деп төмөнкү жомокту айтып берди:

"Бир адам өзү менен өзү сүйлөшөт: "Мен эки дүйнөнүн жолун билбейм". Ага бир шаарды көрсөтүшөт. Ага барсаң үч кабаттуу үй бар. Паскы (алдыңкы) үйдө бир аксакал бар, ал сага эки дүйнөнүн жолун айтып берет.

Адам жолдо кетип баратып он кудук көрөт: теңинде суу бар, теңи кургак.

Бир жерге барса бир адам отун көтөрүп жатат. Көтөрө албай жатып үстүнө дагы отун коёт. "Бул кандай адам?"- деп таң калат.

Бир жерге барса, бир адам дарыянын жээгинде чөп оруп жатат. Чымын талап, азап менен оргон чөбүн боолап, дарыяга таштап жатат. "Бул кандай адам?",- деп дагы таң калат.

Шаарга келет. Үч кабаттуу үйдү табат. Паскы үйдө сакалы аппапак бир карыя отурат.

- Салам алейкум.

- Алейкум салам! Кайдан келген жолоочусуң?

- Паланчамын, палан жерден келдим. Мен эки дүйнөнүн жолун билбейт элем. Сага сурасам, мага жол көрсөтөрүңдү айтышты. Ошого келдим.

Карыя:

- Ортоңку үйгө чык. Ошондогу аксакал сага айтып берет,- дейт.

Адам ортоңку үйгө чыгат. Сакалынын теңи ак, теңи кара карыя отурган болот. Ага баянын айтып берет. Карыя:

- Эгизги (үстүңкү) үйгө чык. Андагы аксакал сага айтып берет, -дейт.

Адам эгизге чыгат. Жаш адам отурат. Аны менен көрүшөт:

- Мен эки дүйнөнүн жолун билбейт элем. Бирөө мага "Паскы үйдөгү аксакалга бар" деди. Ага барсам "Ортоңку үйгө чык" деди. Ортоңку үйдүн карыясы сага жиберди. Эки дүйнөнүн жолун билесиңби?".

Аксакал:

- Жолдо келе жатып бир нерсе көрдүңбү?, – деп сурайт.

- Он кудук көрдүм. Арыгы бир эле. Арыктан суу жүгүртсөң баары эле толмок, сууну тартып салсаң баары эле кургап калмак. Жарымы жык суу, жарымы кургак.

- Акыр замандын пайы. Дүнүйөсү жык, акырети бош. Дагы эмне көрдүң?

- Бир адам көрдүм. Отун жыйып көтөрө албай жатат, үстүнө дагы жыят.

- Ал дагы акыр замандын мааниси. Покчулукту жыят, аз деп дагы жыят.

- Дагы эмне көрдүң?

- Бир дарыянын боюнда бир адам ысыкта тердеп-тепчип, чымын талап чөп оруп жатат. Ошончо кыйналып оргон чөбүн боолап дарыяга ыргытып жатат.

- Ал дагы акыр замандын пайы. Бир карып бир нерсе кылат, пайдасы жок, ошондон дарыяга ыргытат.

Биз үч бир тууганбыз. Паскысы эмнеге эрте карып калган? Анын зайыбы (аялы) жаман. Зайыбын коё берейин десе балдары энесиз калат, коё бербейин десе зайыбынын күлпөтүнөн (азап) карып кетти. Ортоңкунун эки катыны бар. Биринин нусрети (жардамы, артыкчылыгы) менен сакалы кара турат, биринин күлпөтү менен сакалы агарып кеткен. Ал дагы жаман аялын коё берейин десе бала сагыр (жетим) калат, коё бербейин десе күлпөтүнөн карып кетти. Экөөнүн зору (улуусу) менмин. Мен эмнеге жаш турам? Мени зайыбым жакшы карайт. Аялы жакшы адам карыбайт. Жакшы аял кандай болот? Зайыптын жакшысы эрдин кыл дегенин кылат, кой дегенин коёт. Эрдин жакшылыгын дүйнөгө чыгарат, жамандыгын катып коёт. Аялдын жаманы эрдин жашылыгын көмүп коёт, жамандыгын калкка жайып коёт”.

Kыска мөөнөткө көрүшсөк да, Саадат ата карылык милдетин аткара кетти деген ойдомун: бир жомок аркылуу жаштарга бир сап тарбия берди. Ал эми баяндан тыянак чыгаруу – биздин, жаштардын милдети. Саадат атадай акылман аксакалдарыбыз, энелерибиз башыбыздан өксүк болбосун! Келечек муунга татыктуу тарбия берүү карыларыбызды урматтоодон башталат, балдар кантсе да көргөн - укканын туурайт. "Карысы бардын ырысы бар".

Жаңыл Мырза Бапаева, Түркия (Автордун жазуу стили сакталды)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG