Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53
Үйлөнүү

Түркиядагы өкмөт жана жамааттын тирешүүсү көпчүлүк үчүн түшүнүксүз болуп калгандай. Анткени, экөө тең динге жакын жана көптөн бери бирге иштеп келген. Бул пикир келишпестиктин негизги фактору - “Күч бөлүшүү" экенин баары эле биле бербейт.

Жамаат жана азыркы өкмөт 2002-жылы кызыкчылыктары дал келип, кол кармашкан. Эрдогандын ролу ата болсо, жамааттын ролу энедей эле. Ата көбүнчө сырттан болчу коркунучтардан коргоп, үй-бүлөгө шарт түзсө, апа балдарын окутуп, жакшы орундарга атанын жардамы менен орноштурган.

2013-жылы жамаат (кызмат) ушуга чейинки эң күчтүү доорун сүрүп жаткан. Жамааттын күчтөнүүсүнө жардам өкмөттөн болгон. Себеби, экөөнүн кызыкчылыгы бир болуп, эки тарап тең динди жактырбаган “аскердик күчтөргө” каршы күрөшүп келген.

Тайип Эрдоган өкмөткө көз карандысыз болгон армияны ооздуктоо үчүн, полициянын күчүн чоңойтууну көздөп, санын көбөйткөн. Ал эми жаңы кадрлардын ордун жамаат толтурган жана өкмөт буга көз жумган. Мунун негизинде полиция кызматкерлеринин көпчүлүгү жамаат адамдары же жамаатка жакын адамдар менен толгон.

Жамаат муну менен эле тим калбастан убакыттан пайдаланып сот жана укук коргоо органдарына өз адамдарын орноштурууга жетишкен. Мамлекеттик органдарда, ТРТ каналында жана Билим берүү министрлигинде да жамаатка жакын адамдардын саны басымдуу экени билинет. Ушуга чейин мунун көп билинбегенинин себеби, баары тымызын болуп келген жана өкмөт менен жамааттын кызыкчылыгы бир болгондуктан ачыкка чыккан эмес. Мисал катары полицияга жана мамлекеттик органдарга орношуу үчүн өткөн экзамендердеги жаңжалдарды карасак болот. Алар териштирилбестен, жабылуу аяк жабылуу бойдон калган. (КПСС, Полис сынавы чатагы)

Үй-бүлө чырлары

Ушуга чейин үй-бүлөдө болгон пикир келишпестик ачыкка чыккан эмес. Мисалы, 2004-жылы кол коюлган өкмөттүн “Жамаатты бүтүрүү” жашыруун планы. Ал кезде армия күчүндө болгон, жамаат муну жакшы билгендиктен өкмөттү көп деле жарга такаган эмес. Бирок кектеп, кез-кезде чыр чыгып кеткенде “Сен жаңы үйлөнгөн кезде мени урчусуң” деген мааниде айтары бышык эле. Ата болсо “койсом койгондурмун, бирок сени жок кылган жокмун го, анан ал кезде армия мени зордоп мажбурлаган” дегендей жооп кайтарып тим болгон. (МГК олайы)

Сырткы душманга айлаган армия алдан тайган соң, үй-бүлө ичинде жик кеткен. Өкмөт "мен атамын, айтканым айткандай болот, сен балдарды жакшы кара" деп саясаттан четтеткенге аракет кылса, жамаат "менин да оюмду билишиң керек, укугумду тебелебе" деп таасир талаша баштаган. Бул кайым айтышуу акыры кармашка алып келген. Эрдогандын белгилүү “уан минут” сөзүнө жамаат "Израил менен мамилебиз бузулуп жатат" деген пикир айткан жана “Мави Мармара” трагедиясында “Израилден уруксат алынышы керек болчу” деп өкмөткө карама - каршы пикир тутунган. Түркиядагы күрттөргө байланышкан окуяларда да жамаат менен өкмөттүн пикири эки башка.

Шахмат оюну

Буга дейре келишпестиктер көшөгө артында болсо, соңку кездери ал ачык түрдө шахмат оюнуна айланган. Карапайым калк шахматтын эмне себептен башталганын дээрлик түшүнгөн эмес. Бирин-серин пешкаларын алдырган жамаат, чабуулду түз эле өкмөттүн пилине (слон) жасаган. Тагыраак айтканда, 2012 - жылы 7-февралда Түркия ФСБ (КГБ) башчысы Хакан Фиданды КЖК (Күрдистан Биримдиги) операциясы боюнча сотко чакырган. Бул Эрдоган үчүн эң кооптуу чабуул болчу жана дароо “ФСБнын сотко чакырылуусу үчүн өкмөттөн уруксат алынышы керек” деген мыйзам чыгарып, аны сактап калган. Ошол эле убакта өзү дагы каршы чабуул жасоого өттү.

Түркияда Хакан Фидан жөөт агенттеринин тизмесин Иранга бергенине байланыштуу Израил менен ачык тирешкен жана келечекте Эрдогандын ордуна келчү адам катары таанымал.

Өкмөттүн негизги максаты - жамааттын күчүн азайтуу болчу. Ошол себептүү, ал жамааттын негизги күчү болгон билим берүү мекемелерин жаптырам деп чыкты. Буга чейин эле жамаат үйлөрүнө альтернатива иретинде студенттер үчүн ТОКИ үйлөрүн курган.

Жамаат үчүн билим берүү мекемелер абадай зарыл, анткени, балдарын ошол жерден билим берип чоңойтот. Алар жоюлса кадрларды өстүрүп, даярдай албайт. Андыктан эч качан мындай болушуна жол бербейт. Бул дагы тирештин күчөшүнө шыкак берди. 17-декабрь күнү өкмөткө операция жасалып, маанилүү коррупциянын бетин ачканга аракет кылышты. Аны менен удаа жамааттын лидери Фетхуллах Гүлен “Эгер фараон менен карама-каршы пикирде болсоңор, анда туура жолдо жүрөсүңөр” деген сөзүн айтты.

Эрдоган убакыттан уттурбастан аз күн ичинде миңдеген полиция кызматкерлеринин ордун өзгөртүп, жамаатка ылым санагандардын көпчүлүгүн Түркиянын чыгыш тарабына жөнөтүүгө жетишти.

Жамаат өзүнө жакын президент Абдуллах Гүл жана Бүлент Арынчка үмүт арткан. Бирок алар да акыркы кезде өкмөт (Тайип Эрдоган) менен бир экенин тастыкташты. Тиреш күчөп, Хожа Эфенди (Фетхуллах Гүлен) “эгер биз коррупцияга малынган болсок, бизди да кудай жер менен жексен кылсын. Эгер алар малынган болсо анда баары жок кылынсын” деген мааниде тескери бата бергенге чейин жетти. Хожа Эфенди ушуга чейин эч качан минтип каргаган эмес эле.

Эрдоган экинчи коррупция чабуулунун алдын алууга жетишсе да, сот тармагына күчүн көрсөтө алган жок. Сот тармагы дагы деле өкмөткө каршы чабуул жасап келет жана коррупциянын түбү Эрдогандын баласына чейин жетти, өзүнө да жетчүдөй. Иран эмбаргосуна тиешелүү чыр-чатак өкмөттүн башын көп оорута тургандай көрүнөт.

Кошумча

Эрдогандын “Параллель мамлекет” (өлкө ичинде өлкө) болушу мүмкүн эмес аны жок кылуу керек" деген пикири жана соттордун өкмөткө каршы жасаган чабуулу ушул келишпестиктерден кийин башталды. Бул экөө тең буга чейин бир-биринин былык ишин билсе да, тоскоол болгон эмес, качан гана кызыкчылыктары дал келбей калганда көтөрүп чыгышты деген белги. Андыктан эки жак тең "мага тийбеген жылан миң жыл жашасын" деген идеяны тутунуп келишкендей. Бул адилеттүүлүк жоктугун көрсөтөт жана динге да туура келбейт, таңкалычтуусу эки тарап бир динди тутунуп туруп, былык иштерди билсе да сотко кайрылбагандыгы.

Корутунду

Сот тармагында жамааттын күчтүүлүгү дагы деле байкалат жана сот процесси узакка созулчудай, эки тарап тең артка кайтпайт. Эрдогандын Сотторду өкмөткө байлаганга жаңы мыйзам чыгарууга аракет кылганына 3-чоң партия макул болсо да, (МХП) негизги оппозиция ЖХП партиясы анда күчтүн баары АКПге топтолуп калышынан чочулап макул болбой турат.

ЖХП лидери Кемал Кылычдароглу жакында Америкага келип, жамаатка жакын иш адамдары менен жолукканына байланыштуу "жамаат - ЖХП үйлөнүшү мүмкүнбү?" деген суроо жаралат. Бул ЖХПнын шайлоодо кандай кандидаттар менен чыгарына байланыштуу. Сол пикирдеги саясатчыларга оңойлук менен жамаат ичиндеги динзар адамдар маани беришпейт, андыктан бир аз динге оң пикирде болгон саясатчыларды түртүүсү күтүлүүдө. Эң негизги тиреш Стамбул жана Анкара үчүн шайлоодо болот. Азыр эки шаар тең АКП колунда.

Бизге таасири

Биз бул кырдаалда "бөтөн үй, бөтөн жер, бири өлүп бири калсын, бизге эмне" деп кол куушуруп отура албайбыз. Анткени Кыргызстан кийинки 10 жылда Түркиядай абалга келиши ыктымал. Андыктан азыр Түркия кандай проблемалар менен жашап жатканы жана аларды кантип жоюуга болот деген тема бизди да кызыктырат. Билинбегени менен бизде да жамаат кыйла өнүгүп, тамыр жаюуда. Акыркы муфтий жаңжалында да ушул жамааттын тиешеси бардай (Бул тастыкталбаган маалымат бирок, жакындан тааныгандардын сүйлөгөн сөздөрүнө таянган жеке пикир).

Жамаат Кыргызстанга коркунучтуубу?

Жамааттын негизги идеясы бизге эч кандай жамандык алып келбейт. Кыргыз-түрк лицейлери мамлекетке эч кандай коркунуч туудурбайт. Түркия окуяларынан жамаат деле зыянга учурады, андыктан Кыргызстанда саясатка аралашпоосун күтөбүз. Саясатта канчалык динзар, жакшы адам болсоң да, күч колуңа келгенде аны натуура пайдалануу баарыбызга тиешелүү нерсе. Жамаат Кыргызстандын саясатына кийлигишпей, өзүнүн негизги иши болгон билим тармагында гана өнүгүүсү керек. Лобби катары иштеши мүмкүн бирок Түркиядай параллель өлкө болуп кетсе анда жамааттын да аброю түшөт, Кыргызстандын да стабилдүүлүгүнө доо келет. Жамаат Кыргызстанда туура жолдо кетсе, өлкөбүздө коррупция азайып, адилеттүүлүк акырындык менен орномок.

Соңку сөз

Мен акыркы 10 жыл ичинде эки тараптын ичинен жана сыртынан изилдеп, билген маалыматым ушул. Менин коркконум жамааттын “Ийгиликке жетүүдө ар жолду колдонсоң болот” (башары йолунда хершей мубахтыр) деген тутумду кармануусу. Анткени Түркияда кээ бир учурларда бул адилетсиздик жаратканына күбөбүз. Жумушка өз адамдарын орноштуруу саясаты жана жамааттын эң негизги мыйзамы - “бирөөнүн акысын жебе” деген жакшы сөз көмүскөдө калганы байкалат.

Мен жамаат тууралуу жазгандарым жаңылыштык болсун деп үмүттөнөм, акыркы муфтий окуясында анын тиешеси жоктугуна ишенгим келет. Саясат ансыз да ыплас. Жамаат бул ыпластык менен алпурушпай, негизги милдети болгон “Амр бил Маруф & Нахи анил мункар” (Жакшылыкка жакындатып, жамандыктан алыстатуу) кызматын кылышат деген үмүттөнөм.

Урматтуу туугандар, пикирлештер, кызматташтар – адилеттүүлүк баарыбызга керек.

Марат Гаипов, АКШ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG