Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Түркиядагы чырга аралашкан ишкер камалды


Реза Зарраб.
Реза Зарраб.

Алтын менен соода кылган түркиялык белгилүү ишкер, теги ирандык Реза Зарраб өткөн жуманын этегинде АКШда кармалып, ага Тегеранга каршы санкцияларды бузуу, көз боёмочулук, арам акчаны адалдоо боюнча айыптар тагылды. 2013-жылы бизнесмен түрк өкмөтүнүн министрлери аралашкан ири коррупция жаңжалына кириптер болгон. Заррабдын кармалышынан кийин мурда тынчыган жемкорлукка байланышкан бир топ кыңыр иштердин бети ачылышы ыктымал.

Реза Зарраб Иран өкмөтүнө жана бизнесмендерге экономикалык санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берген деген айыптардын негизинде өткөн ишембиде камакка алынып, 21-мартта кылмыш иши козголду. Ал күнөөлүү деп табылса, 75 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Зарраб болсо бизнес жүргүзүүдө мыйзам бузбаганын айтып, АКШнын дооматтарын четке кагууда.

Америкалык тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, Зарраб жана анын шериктери Түркия менен Араб Эмираттарындагы айрым компанияларга жамынып алып иш жүзүндө Ирандын атынан соода жасап, көз боёмочулукка барышкан.

Ирандык журналист Годрат Шахиди АКШ ишкерди Иранга каршы киргизилген эл аралык санкциялар маалында миллиондогон доллар арам акчаны адалдоо үчүн да айыптап жатканын айтты:

- Анын ысымы ири көлөмдөгү алтынды Иранга жана Ирандан ташыган иштерге байланыштуу аталып жүрөт. Ошондой чуулгандуу иштердин бирин айта турган болсок, бир ирет Ганадан бир жарым тонна алтын Стамбул же дагы бир шаарга алынып келип, андан кийин түрк өкмөтүндөгү эки министрдин көмөгү менен Дубайга, ал жактан Иранга жеткирилген.

Ошол схемадан пайда көргөн фирмалар арасында Иран өкмөтү ээлик кылган "Меллат" банк, Ирандын Улуттук мунай компаниясы жана Naftiran IntertradeCompany аталып жүрөт.

Жогоруда айтылгандай, Зарраб Иран менен алтын соодасын жүргүзүүгө жол ачуу үчүн түрк өкмөт мүчөлөрүнө миллиондогон доллар пара, белек-бечкек берген деп айыпталган.

Ошол кезде премьер-министр болуп турган Режеп Тайып Эрдоган өзүнө жана айланасындагы жакын адамдарга каршы андай айыптоолорду четке кагып, ал ишти кутумчулук катары сындап келген.

Коомдук иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин ишкерге жана Эрдоган өкмөтүнүн айрым министрлерине каршы айыптар алынып салынган.

- Зарраб эки жылдай мурун Түркияда камакка алынганда аны менен кызматташкан жогорку аткаминерлерден баштап жөнөкөй жарандарга чейин бардыгы болуп 54 киши кармалган. Чуу чыкканда төрт министр кызматынан кеткен. Алар, кыязы, бизнесменден же жакын адамдарынан пара алып, кызмат көрсөтүшкөн. Ошол иштин ичинде ошондой эле эки министрдин уулдары кыска мөөнөткө кармалган. Зарраб өзү болсо 70 күн абакта отуруп чыккан. Андан соң бул ишти жүргүзгөн прокурорду Эрдоган өкмөтү кызматынан бошоткондон кийин Зарраб жана башкалар эркиндикке чыгып, иш жабылган.

Бирок АКШнын Борбордук иликтөө бюросу жана Финансы министрлиги бизнесмендин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү уланткан, электрондук почтасын, телефон сүйлөшүүлөрүн текшерип турган.

Шахидинин айтуусунда, мындан кабары бар Заррабдын Америкага барышын айрым булактар анын тергөө органдарына кызматташуу ниети менен түшүндүрүшөт. Бирок мунун бардыгы чайкоочулук, - дейт Шахиди.

2014-жылдын апрелинде Түркиянын өкмөтчүл "Хабер" телеканалына интервью берген ишкер жалпы жонунан Иранга 12 миллиард долларга алтын өткөрүүгө көмөктөшкөнүн айткан.

Түркиядагы иликтөө токтотулгандан кийин өкмөт башчы Эрдогандын Заррабды филантроп катары сүрөттөп, анын бизнеси өлкө экономикасына салым кошконун айтып коргогону бар.

Баса, ишкер президент Эрдогандын АКШ сапарына бир жума калган убакытта кармалып отурат. Журналист Шахиди бизнесмендин кармалышы Вашингтон менен Анкаранын мамилелеринин чыңалышына да алып келиши ыктымал деп боолгойт.

Анын камалышы тууралуу кабар Түркиянын биржадагы жагдайына да таасир этти. 22-мартта 2013-жылкы иликтөө учурунда көзөмөлгө алынган мамлекеттик "Халкбанктын" көрсөткүчтөрү 8% түшүп кетти.

Банктын жетекчилиги 23-мартта жасаган билдирүүдө коррупция жаңжалына эч кандай тиешеси жоктугун ырастады.

33 жаштагы Зарраб Ирандын Тебриз шаарынын эң бай үй-бүлөсүндө туулуп, Түркияда өскөн. Түрк маалымат каражаттары жазганына караганда, жубайы белгилүү поп-ырчы Эбру Гүндеш менен чогуу турган Стамбулдагы вилласы 72 миллион долларга бааланат.

XS
SM
MD
LG