Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Түркияда өкмөттүн жарымы алмашты


Cолдон оңго: Евробиримдик менен алакалар министри Эгемен Багыш, ички иштер министри Муаммар Гүлер, экология жана шаарды куруу министри Эрдоган Байрактар жана экономика министри Зафер Чаглаян, 24.12.2013
Cолдон оңго: Евробиримдик менен алакалар министри Эгемен Багыш, ички иштер министри Муаммар Гүлер, экология жана шаарды куруу министри Эрдоган Байрактар жана экономика министри Зафер Чаглаян, 24.12.2013

Түркияда тутанган коррупция жаңжалынын айынан үч министр кызматтан алынгандан кийин премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган өкмөттөгү өзгөрүүлөр тууралуу билдирүү жасады. Президент Абдулла Гүл менен жабык сүйлөшүүдөн кийин өкмөт башчы он министрди иштен кетиргенин айтты.

Шаршембиде Түркиянын экономика, ички иштер жана экология министрлери коррупция жаңжалынын айынан кызматтан кеткен болчу. Премьер Эрдоган анын артынан Евробиримдик менен мамиле үчүн жооп берген министри Эгемен Багышты да кызматтан алды. Ал да паракорчулук менен байланышкан окуяларга тийиштиги болгон деп шектелүүдө. Багыштан сырткары, юстиция, транспорт, үй-бүлө саясаты, спорт жана өндүрүш министрлери жана вице-премьер ээлеген кызматтарынан айрылышты.

- Өкмөттөгү 10 министрдин оорду алмаштырылды. Мен мурдараак ушул айдын этегинде өкмөттө орун алмашуулар болоорун айткан элем.

Эрдоган өкмөттүн курамынын өзгөртүлүшүнө бир нече себептерди атады:

- Айрым министрлер соңку окуяларга байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арызын жазышты, дагы бирөөлөр алдыдагы мэрди шайлоого катыша тургандыгына байланыштуу кетишти, айрым министрлерди мен жеке өзүмдүн тандоомдун негизинде алмаштырдым.

Өкмөт башчы Эрдоган өзүнүн министрлер кабинетине тагылган айыптарды “негизсиз” деп атап, “коррупцияга өкмөт өзү деле чыдабайт” деп айткан. Ал жемкорлукка байланыштуу айыптоолорду “кутум” катары баалап, анын артында айрым “сырткы күчтөр турат” деген болчу.

Анкарада, Стамбулда жана Измирде өкмөткө каршы демонстрациялар өттү.

Быйыл июнда Стамбулда антиөкмөтчүл демонстрацияларды күч колдонуп басуу аракети премьер-министрдин өлкө ичиндеги кадыр-баркына катуу сокку болгон эле.

Кызматтан кеткен экология жана шаарды куруу министри Эрдоган Байрактар азыр өкмөт башчы өзү да кетиши керек деп билдирген. Анын айтымында, учурда коррупция боюнча иштердин алкагында каралып жаткан бир топ курулуш долбоорлорун Режеп Тайып Эрдоган өзү жактырган. Премьерди отставкага кетүүгө оппозициялык Улуттук-республикалык партиянын мүчөлөрү да үндөштү.

Бул чакырыктарга катардагы түркиялыктар да кошулгандай таасир калтырат. Стамбулдун тургуну Кереп Гүнгөр “Рейтер” агенттигине "Алар баары корррупцияга белинен баткан деп ишенем, ошон үчүн аларды кызматтан алуу зарыл болчу. Эл буга тоюп бүттү. Баары азыр басымды сезип турушат. Эми орун алмашуу менен эле элди тынчытып кое албайсың. Менимче, өкмөт башчы Эрдоган иштен кеткени оң" - деген оюн билдирди.

11 жылдан бери бийликте турган Эрдоган авторитардык башкаруу стили жана секулярдык багыттан кайтканы тууралуу айыптоолорго карабай, өлкөдө экономикалык өсүштү камсыздай алганы айтылып жүрөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG