Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Түркияда кармалгандардын сурагы уланууда


"Ататүрк" аба майданы
"Ататүрк" аба майданы

Мындан он күн мурун Стамбулдун эл аралык аэропортунда 9 жарым миллион доллар менен кармалган эки кыргыз жаран түрк полициясына сурак берүүдө.

Акчанын жарымынан көбүнүн ээсимин деп полицияга келген түрк жараны да камакка алынды.

18-ноябрда “Ататүрк” аэропортунда кармалган 9,5 миллиондун 5 миллион 359 миң долларынын ээси, түрк жараны Исмаил Кашкарийдин адвокаты Уур Чөрекчинин “Азаттыкка” кармалгандар тууралуу мындай маалыматтарды берди:

- Дайырбек Тойгонбаев Түркияга акча менен киргенде декларациясын толтурган. Аэропорттогулар кармалган кыргыз жарандарын Бакыркөй райондук прокуратурага жөнөтүшөт. Ал жактан эч кандай кынтык таба албаган полиция Юстиция министрлигинин Стамбулдагы башкармалыгына жиберет. Мыйзамдарга ылайык сурак 29 күнгө чейин узарышы мүмкүн. Ачыгын айтканда, ири сумманы көргөн түрк күч кызматкерлери эптеп акчаны өзүнө алуу максатында ар түрдүү ызы-чууларды чыгарып жатышат. Бул ызы-чуу менен Дайырбек Тойгонбаев, анын артынан башкалар да камакка алынган.

Азыр камакта жаткан Исмаил Кашкарий Стамбулдун Лалели аймагында дүң соода менен алектенет. Кыргызстандан келген акча ага берилген товардыкы экенин полицияга айткан. Анын Лалелиде дүкөнү бардыгын, акча товарга келгенин адвокаты Уур Чөрекчи да тастыктайт.

Түркияга мүшөктөп акча ташуу мүшкүлү

Түркияга мүшөктөп акча ташуу мүшкүлү

"Ататүрк" аэропортунда 9,5 миллион доллар менен кармалгандардын аты-жөнү белгилүү болду.

Түрк өкмөтү өлкөдө чукул кырдаалды 2017-жылдын 21-январына чейин узартты. Адвокат Чөрекчи чукул кырдаал маалында Түркияда көп текшерүүлөр күчөп, түрк полициясы басым-кысымды колдонуп жатканын сындады.

- Азыркы убакта кыйынчылыктар күчөдү. Полиция ар кандай шылтоо менен мааниси жок кармоолорду ишке ашырууда.Өзгөчө акча маселеси чыкса эле Фетхуллах Гүлендин террордук уюму - ФЕТО, Күрт жумушчулар партиясы - ПКК, “Ислам мамлекеттик” радикал уюму - ИГИЛ дешет. Айтор ФЕТО дегенде эле Түркияда аккан суулар токтоп калат. Андыктан суракта актануу иши башталат. Менин ФЕТОго тиешем жок дегиче эле 10-15 күн өтүп кетет.

Он күндөн бери Стамбулда камакта сурак берип жаткан Дайырбек Тойгонбаев менен Темур Кочкоровдун абалы тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы консулдук кызматынын өкүлү Руслан Молдакунов “Азаттыкка” буларды айтты.

- Биздин жигиттер акчаны кимдер жибергенин айтпай жатышат. Түрктөр болсо биз тосуп алдык деп жатышат. Кимдер жибергенин жашырып жатышат. Ташып келгендер өзүнүн банк эсебинде мынча акча бар болчу деп көрсөтө албагандыктан кармалып жатат. Суракта ким сага мынча чоң суммадагы акчаны берди десе айта албай түйшүк жаратып жатышат. Андыктан сурак канчага чейин узарары белгисиз.

Бул окуяда Түркияга келген акчанын ээси белгилүү, акчаны ташыгандар белгилүү болгону менен Кыргызстандан акчаны ким жибергени белгисиз болуп тургандыктан, адвокат Чөрекчинин айтымында, кармалгандардын сурагы узакка созулчудай.

“Дагы деле эч нерсе белгисиз. Бирок жакын арада баары ачыкка чыгат деген үмүттөбүз”, – дейт ишке катышып жаткан түрк адвокат.

Түркиядагы Лалели району.
Түркиядагы Лалели району.

Түркиядан ишкерлик кылган соодагерлердин басымдуу көпчүлүгү жүк ташуучу карго фирмалардын кызматынан колдонушат. Андай фирмалар жүк гана эмес, ишкерлердин чоң суммадагы накталай акчасын да ташып берери белгилүү. Стамбулдун "Лалели" ишкерлер уюмунун жетекчиси Гийасетин Эйүпкожа 20 жылдан бери бул жерде сатуучулар дал ушул соодагерлердин (челноктордун) накталай акчасы менен бизнестерин өнүктүрүшкөнүн “Азаттыкка” берген магинде баса белгилеген. Кыргызстандык соодагерлер өзгөчө акыркы учурда Түркияга келбей туруп эле интернеттен товарды тандап, заказ кылууга өтүшкөн.

18-ноябрда Стамбулдун “Ататүрк” аэропортунда 9,5 миллион доллар менен кыргызстандык, өзбекстандык жана беш түрк жараны кармалган. Түрк маалымат каражаттары мындай чоң суммадагы акча Түркияга экстремистик деп эсептелген ФЕТО уюмунун мүчөлөрүнө жардам катары кирген акчалар деп жазып чыгышкан.

22-ноябрда Yenisafak басылмасы 9,5 миллион доллар Кыргызстандан декларациясыз киргендигин жана кыргыз жарандары Дайырбек Тойгонбаев менен Темур Кочкоровду аэропорттун каржы кылмыштарына каршы бөлүмү кармаганы тууралуу кабар тараткан. Андан соң түрк жараны Исмаил Кашкарий кармалган акчанын 5 миллион 359 миң доллары ага, калган акча башка төрт фирмага таандык экенин жана ФЕТО менен эч кандай байланышы жок экенин полицияга билдирген болчу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG