Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Эрдогандын партиясы шайлоодо жеңди


Түркиядагы шайлоо. 30-март.
Түркиядагы шайлоо. 30-март.

Түркиядагы ооган кыргыздары отурукташкан Ван айылындагы шайлоодо майдараак партиялардын өкүлү жеңип, бийлик партиясынын өкүлдөрү утулуп калды.

Ал эми өлкө боюнча премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын партиясы ишенимдүү жеңишке жетишкени айкын болду. Кечээги добуш берүүнүн алдын ала эсебине караганда, бийликтеги АК партиясы добуштардын жарымына чукулун алды.

Касымбек Шакир уулу Түркиядагы Ван кыргыздарынын Улуу Памир конушунда айыл башчысы болчу. Жекшембидеги шайлоодо ал өз талапкерлигин койгон жок. Төрт киши талапкер болуп, ичинен айыл тургундары БДПнын, же Тынчтык жана Демократиячыл партиясынын өкүлүн шайлап алышты. БДП Түркиянын чыгышында басымдуулук кылган күрттөрдүн таламын талашкан партия болуп саналат.

- Биздин айылда айыл башчысы болуп БДП партиясынын өкүлү Айтбай деген киши шайланды. (Шайлоого) катышкан дагы үчөө бар эди. Алар алабадылар (жеңе алган жок).

Жекшембидеги добуш берүүдө бүт Түркия боюнча шаар жана айыл башчылары шайланды. 30-марттагы добуш берүү АК партиясынын төрагасы, премьер - министр Режеп Тайип Эрдоганды электен өткөргөн, анын 10 жылдан ашкан бийлигин таразага салган шайлоо болуп калды.

Эрдоган тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатат.
Эрдоган тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатат.
Дүйшөмбү күнү Түркиянын сыналгысы добуштардын 98 пайызы саналгандан кийин АК партиясы добуштардын 45 пайызын алгандыгын маалымдады. Башкы оппозициячыл Республикалык Элдик партия дээрлик 30 пайыз менен экинчи болуп келди. СНН түрк ТВсы билдиргендей, АК партиясы Стамбул менен Анкарадагы көзөмөлүн сактап калган шекилдүү.

Анкарада АК партиясынын баш кеңсесинин алдында чогулган миңдеген колдоочуларынын алдына чыккан Эрдоган өз бийлигин «коррупцияга баткан, мамлекеттик жашыруун сырларды саткан» деп күнөөлөгөн атаандаштарына "жазасын алат" деп сөөмөй кезеди.

Ал ошондой эле өлкөгө жаңы оппозиция керектигин айтты:

- Азыркы жаңы мезгилде Түркия бийлик партиясына окшоп, элдин мүдөөсүн түшүнгөн жаңы оппозицияга муктаж. Түркияга дискриминацияны жана элди бөлүп-жарууну колдогон оппозиция керек эмес. Бизге 77 миллион кишинин тилин билген, дилин түшүнгөн оппозиция керек.

АК партиясынын колдоочулары шайлоо ачык - айкын, демократиялуу өттү деп ырасташты.

Бирок шайлоо күнү атаандаш партиялардын колдоочулары ортосундагы кагылыштарда аз дегенде сегиз киши набыт болду. Алты киши күрттөр басымдуулук кылган түштүк-чыгыш аймакта каза тапканы маалымдалды. Эки кишинин өмүрү кыйылган түштүктөгү, Сирия менен чектеш Хатай провинциясында дагы тогуз киши жараат алды.

Мындан тышкары, шайлоонун алдындагы бир жумада өлкө боюнча интернеттеги Ютуб видео порталы жана Твиттер социалдык тармагы жабык болду.

Эрдогандын бийлик партиясы шайлоого чейинки бир нече айдан берки коррупция жаңжалынан чабалдап калган эле.

Түркияда 50 миллиондон ашык киши добуш берүүгө укуктуу. Жекшембидеги шайлоого алты партия катышты. Алардын эң ириси оппозициячыл Республикалык Элдик Партия болду.
Эрдогандын партиясынын жеңиши
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

Шайлоо мезгилиндеги курч кырдаалды Анкара шаарынын тургуну Унал Санунчу мындайча мүнөздөдү:

- Мен 74 жашка чыктым. Мынчалык курч кырдаалда өткөн шайлоону көргөн эмес элем. Бул акыркысы болсун. Мындан ары шайлоолор тынч өтсүн.

Анкара менен Стамбулдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы 11 жылдан бери бийликте турган Эрдогандын президент болуу далалатында чечүүчү роль ойномокчу. Президенттик шайлоо августка белгиленген. Эрдоган балким өз партиясынын эрежесин өзгөртүп, балким келерки жылы төртүнчү ирет өкмөт башчылыгы үчүн ат салышуусу да мүмкүн.

Эрдогандын колдоочулары аны Түркиянын экономикасын бекемдеди деп сыйлашат, бирок атаандаштары аны диктатор деп эсептешет.

Ооган кыргыздары жашаган Ван аймагында шайлоо жалпысынан тынч өттү. Бирок буга чейин айыл башчысы же Мухтар болуп келген Касымбек Шакир уулу добуш берүүдө күртчүл партиянын жеңип чыгышында мандем бар деп эсептейт:

– Төрт талапкердин экөө АК партиясынан эле. Алар 200-250дөн эле добуш алып калышты. Ортодо акча таркатылган болушу да мүмкүн. Мен билбейм, бирок ансыз бул партия өтмөк эмес.

Буга чейин Шакир уулу Түркиядагы шайлоолордо коррупция жок экендигин айтып келген эле. Ван айылында эки жарым миңдей киши жашайт. Алардын ичинен бир миңдей киши добуш берүүгө укуктуу болсо, Шакир уулунун айтымында, алардын басымдуу көпчүлүгү шайлоого катышты.

Шайлоонун шайма-шай өтүшү үчүн Түркияда жайкы мезгилге өтүү бир күнгө кийинкиге калтырылды.

XS
SM
MD
LG